Чойбекова Мончок

This post is also available in: Орусча

Чойбекова Мончок, 55 жашта. Талас  р-ну, Кара-Ой  айылы.

Түшкө ишенсе да болот, ишенбесе да болот. Негизи түшкө маани бергендер бар, алар ар бир түштү талдашат. Кечинде жатканда ар бир адам келме айтып оң каптал менен жатыш керек. Бул жакшы түш көргөнгө, негизи уйкунун тынч болуусуна алып келет. Эртең менен сергек турасың, жеңил турасың.

Алгач түнүндө көргөн түштөрүң толук эсте калбайт, бирин эстесең, бирин эстей албайсың. Негизи таңга жуук көргөн түштөр аян түштөргө кирет. Анан күндүз уйку-соонун ортосунда же өңүмдө эле көргөндөй болдум деп айтабыз го ошондой түштөргө маани берсе болот. Аян түштөр бир башкача элес калтырат. Ошол көргөн түшүң көпкө эсиңде сакталып жүрө берет. Аны улам-улам эстегенге туура келет. Анан эмне болот болду экен деп күмөн ойдо жүрө бересиң.

Илгертеден түшүңдө ыйласаң, өңүңдө кубанасың деп коёт, же түшүңдө жылан көрсөң кенч, өңүңдө көрсөң жанч деп коёт. Түшкө нелер кирбейт. Көзү өтүп кеткен жакындарың кирет, кээде алар менен кадимкидей түшүңдө аралашып сүйлөшөсүң. Мына ушундай арбак түшкө кирсе сөзсүз куран окуп, келме айтышкан.

Муну жакшылыкка да, жамандыкка да жорушкан. Арбак түшкө неге кирет, бир нерседен сактануу же бир жамандыктын жышааны катары аян берген. Арбак түшкө киргенде ар бир адам чочулаган. Жети токоч жасап, жыт чыгарып, куран окушкан.

Мен ар бир көргөн түшүмө маани берем. Кээ бирлери туура чыкпаса, көпчүлүк түштөрүм туура чыгат. Анан ойлонуп каласың. Кээде кызыктай түштөр болот эми. Түшүңдө бир иш кылсаң, өңүңдө дал ошондой иш жасап калган болосуң. Түшүңдө бир жакта жүрсөң, өңүңдө ошол жакка барып каласың. Таңгалычтуу болот да, себеби мен түшүмдө ушул жерде болгом дейсиң. Бир Рахат деген кыз бар эле, аны өмүрү көрбөгөн бала ала качып кетет. Эч кандай таанышкан эмес, мурда-кийин көрүшкөн эмес, анан кыз келин болуп келгенде айтат сыр кылып жанындагыларга: «Мен бул баланы түшүмдө көргөм, менин жанымда жүргөн», – деп. Мурда эч көрбөсө да аны түшүндө көргөн. Бул кандай сыр? Эч ким түшүнбөйт, мунун сырын эч ким чече албайт.

Түштөгү ар бир буюм бир нерсени түшүндүрөт. Нан кирсе – токчулук. Жылан кирсе – жакшылык, жаш балдар кирсе периште, уй кирсе оору же санаа тартасың, ит кирсе – душман.

Түш жоруу боюнча бир канча эски китептер бар. Аларды мындай карап окуп, эске тута тургандарын эске тутуп калам, анан маани бербей тургандары болот, аларга көңүл деле бурбайм. Негизи журнал беттерине чыккандарга да көз жүгүртүп коюш керек. Китепке бүт жазылат, бирок, алардын баары эле туура келе бербейт.

Түштө тиш түшсө жаман. Сөзсүз бир жамандык болот. Жакынынан айрылат же бир кырсыктайт. Тиши түшөйүн деп калса бир кокустук болоорунан кабар берет. Бул нерсеге маани бербей коё албайсың, анткени бул нерсе көпчүлүктүн жашоосунда ишке ашкан. Көпчүлүк буга ынанат, ишенет.

Түшүнө бок кирсе бай болушкан, түшүндө биттешсе да бай болушкан же түшүндө хан жана ажо менен жолугуп кол алышкандар сөзсүз кызматтан көтөрүлүшкөн. Сууда жүрсө же түшүнө суу кирсе өмүр деп коёт, ал кишинин өмүрү узун болгон. Түшүндө жүк куласа, кыз күйөөгө кеткен. Нике шакегин тагынса никелүү болгон. Ит капса душманы капкан. Уй кирсе ооруп-сыркоолоп калган. Түшкө негизи ар ким ар кандай маани беришет. Негизи түштү дайыма жакшылыкка жоруса жакшы жагына ооп кетет.

Жаман түштү сууга айтсаң ал суу менен агып кетет деп ырымдашат. Анан карангыда түш жорубайт деп коёт, эми бул жин-шайтандар көбүрөөк учур деп каралса керек. Менимче айтылгандар чындыкка жакыныраак. Көпчүлүк бул ырымдарды колдонушат.

Leave a Reply