Тынышев Калыбек

This post is also available in: Орусча

Тынышев Калыбек, 60  жашта, «Манас ордо» комплексинде кызматкер. Талас району, Жонарык айылы

Малды биздин кыргыз элинин жаны менен барабар деп койсо болот. Себеби көчмөн кыргыз эли дайыма мал менен бирге болгон. Малга өзгөчө мамиле жасашкан, аларды сөгүп, тилдеген эмес. Тепкен эмес, баардыгын союп салган эмес жана жаратылышка дагы өзгөчө мамиле жасашкан. Угушума караганда илгери малды ылаң каптаган мезгилде, Манас ордосуна алып келишкен. Ал учурда комплекс тургузула элек эле, күмбөзүнө алып келип эки күн түнөтүшкөн. Мүрзөлөрдүн четтеринде жатышып, тилектерин айтышып, андан кийин Манас айттырган. Бала-чака менен жүргөн эл, айылдагылар келип калса алар кошо угуп, мал ошол жерде жата берген. 3 жолу түнөп кеткенден кийин анан калың малдын ылаңы токтоп калган. Бул болсо Манас атабыздын касиети, ошол жердин касиети.

Кыргыз эгер алар малды сактап калса, малдын тукумун улап кетсе, өздөрүнүн, адамдардын укум-тукуму дагы уланат деп түшүнгөн. Ошондуктан мал кыргыз элинин жаны менен барабар. Күнү-түнү жандарында болушкан, жырткычтардан сакташ үчүн бекбекей деген ырды ырдаган. Малды сактап калалы деп, жайлоолордун эң бир татаал башына чейин чыгып, көчүп конуп отурушкан. Өздөрүнүн жанынан малдын жанын сактап калалы деп чоң аракеттерди жасаган. Жайында кыштоону жегизбей, кышкыга сакташып, ошентип багып келишкен.

Мен бала кезимде көрүп калдым. Кыштоону таштан жасашкан, таш короого малдын тууй турганын өзүнчө, башкасын өзүнчө коюп коюшкан. Короодон малдар бири-бирине ыкташып үшүгөн эмес. Анан кашарлар кийин чыкпадыбы. Жайында күзгүгө чейин жайлоодо болушкан, бир эле жерде отурбай мал семирсин деп оттуу жер издеп көчүп-конуп отурган.

Бир короо малда ылаң болсо, алар чогуу болгондо арча менен ысырыкташкан. Апам дагы малга аралашып жүргөн адам, ошо киши айтат. Балык менен дагы ысырыктаган учурлар болгон деп.  Мисалы от жагып, үстүнө 2-3 балык анан арча коюп коюшкан экен. Ошол балык түтөйт, түтөгөн түтүнү малдарга пайдалуу экен. Аны кой короого келгенде же эртең менен эрте же кечкисин жасашкан экен.

Эмне себептен балыкты колдонушкандыгын түшүнө албайм, эл ошол учурда ылаңдан сакташ үчүн болгон аракетин көрүшкөн. Дары-дармек болбогондон кийин адамдар, малды сактап калыш үчүн бир топ аракеттерди көргөн. Алардын натыйжасын көрүп, ии мындай кылса мындай болот экен деп иштерди жасаган. Мисалы, жайлоого барганда кумурсканын уюгу болот, аны кыргыз эли азыркыга чейин кадырлайт. Эгерде мал ылаңдап калса, кыргыздар болгон-толгон малдарын эртең менен же кечинде 3 күн тегеретип турушкан экен. Ушундай ырымдарын жасаган, алардын дагы жардамдары болгон. Анан ал бара-бара уланып, ошондойлорду эл каада-салт сыяктуу кабыл ала башташкан.

Leave a Reply