Бостонов Сабатар

This post is also available in: Орусча

Бостонов Сабатар, 80 жашта. Бакай-Ата району, Өзгөрүш айылы

Илгери кыргыздар малга абдан жакшы мамиле кылышкан. Анткени жалаң гана мал менен тоо ичинде жашашкан. Анда азыркы айылды кыштоо деп койчу, бирок биз тоодо эле жашачубуз. Бул жакты жатак деп койчу, ушул жакта кыргыздар, дыйкандар кичине буудай тигишип, оокат кылышкан. Мал үчүн камкордукту абдан кылышкан. Дыйканчылык аз болгон.

Мал ооруп калса кыргыздын табып, көсөм адамдары болгон, ошолор эле айыктырып коюшкан. Ал учурда малды эмес, адамды да дарылашкан эмес. Жанагы күлапса менен койлор ооручу, шарп, жылкыда ак баш чыкчу. Тепшини ысытып, анан үч жеринен ырымдап койчу.

Илгери малга да каатчылык болгон. Эптеп тоо-ташка айдаса, жерди тээп эле терип жешкен. Эми бийик тоолорго айдап жиберишкен.

Жалаң гана малы жоктор эле бир аз жер тилип, анан буудай айдашкан. Арпа, беде айдачу. Азыркыдай көп нерсе жок.

 

Leave a Reply