Бегалиев Муктар

This post is also available in: Орусча

Бегалиев Муктар, 90 жашта. Талас району, Жонарык айылы

Илгери кыргыздар кыз бергенде, кыз берген жагынан көп кой кармап алышчу. Көчүп бараткан элинен кой кармап алат да. Койчумандар келип алышса да болбой, кармап алышчу. Ошондой атайын көч кой деген элдин ырымы болгон. Кыз барган жеринен, элинен кой кармап калыш керек болгон. Көчүп баратканда, коюн айдап баратканда кармап калыш керек.

Салт боюнча илгери уурулар жок болгон. Мисалы, Жамбылда жети уруу деген эл болгон. Жетөө жети кишиден тараган, алардын тамгасы ай тамгасы болгон. Анан алар жылкынын соорусунабы, кулагынабы, жаагынабы, айдын сүрөтүн салып койгон. Анан ошону көрүп айткан, бул мал биздики эмес тиги ай тамгалардыкы экен, Жамбылдагы элдики экен дешкен. Кармабагыла, арамдык кылбагыла дешкен. Кармап алса, уурдап же союп койсо, айып тарттыртышкан, айыбы чоң болгон. Мисалы, биздин койду кокустан мууздап койсо, мууздалган койдун этин дагы алып, коюна дагы кой алып, айыбына дагы бир кой алган. Ошондо 3 кой болуп калбадыбы, койдун этин алды, коюна кой алды, анан айыбына дагы бир кой алды. Ошондой элдин наркы болгон, айыбы ошондой болгон.

Мисалы, жети уруунун бир топ жылкысы жое болуп кеткен экен. Анан алар изин кууп Көкөйгө (Алексеевка) келишкен. Ал айылда бир адамдын ырчылык жөндөмү бар экен. Жети уруу биздин малыбыз жок дешсе, тиги ырчы өзүнүн инилеринин  атын айтып:

Мунун аты Бакбол, мунун аты Бекбол,

Жети уруу мындан ары малыңа сак бол,

– деп ырчы жигит кошуп бериптир. Анда тигилер ой, бул оңбогон эл экен деп кетип калышыптыр.

Мал ылаңдап калса, мисалы мал котур болуп кетсе, анда сууга салышкан. Азыркыдай тыбыттуу кой болгон эмес, койду жайлоонун, тоонун суусуна салып, жүнүн кыркып салышкан, анан ал койго котур деген неме жологон эмес. Канча убакыт сууда кармашкан? Бир өйүздөн экинчи өйүзгө айдап эле, бир-эки жолу малып алышкан. Ошондой ырымы болгон. Анан Чүй элинде Келдибек деген манасчы болгон,  эгер элдин малына ылаң жолугуп калганда, Келдибекти чакыртып Манас айттыртышкан. Манас айтып жатканда жанына бүт айылдын малын айдап келишкен, манас айтып бүткөндөн кийин элдин малы жаман оорудан айыгып кеткен учурлар болгон.

Элде жокчулук, ачарчылык болгондо малын сакташ үчүн бир элден экинчи элге мал аралатышкан, силерде мал болсо биз дагы малдуу болобуз дешкен. Айттым го, казак элинде жут болгондо малдары кырылып калган экен. Анан мал кайда бар экен деп сураганда, кыргыздарда мал бар экендигин угуп, анда бир-эки жылдын ичинде биз дагы малдуу болуп кетебиз деп кайрат айтышыптыр. Ошентип кыргыздар мал берип, казактар малдарын көбөйтүп алышкан. Казактын жери бай болгон, ошондон жери бай болбой эли бай болбойт деген сөз калган да. Жери жакшы болсо, малы дагы тез көбөйүп кеткен.

 

Leave a Reply