Акынбекова Жумай

This post is also available in: Орусча

Акынбекова Жумай, 1939-жылкы. Бакай-Ата району, Өзгөрүш айылы

Кыргыздар илгери малга жакшы кам көрүшкөн, чөп жыйнайт, эми бардык тирилик мал менен өтүп жатса жакшы карайт да. Эч нерсе сатып алышкан эмес, бардык нерсе үйдө болуп турган.

Мал көп деле ооручу эмес, кээде эле тыпыратма деген менен ооруп калышчу. Жер таза болгонго мал оорулары болгон эмес, анан жанагы тыпыратма болуп калганда, атактуу кишилердин мүрзөсүнө алып барып, түнөтүшкөн. Анан эле басылып калган.

Катуу суукта малды боз үйдүн ичине эле киргизип алчубуз. Бир үйдүн ичинде эле баарыбыз жашай бергенбиз, торпогубузду баладай кылып, тособуз, анан уруулардан деле сактанып, кире беришке уйларды байлап бакканбыз.

 

Leave a Reply