Абылаев Данияр

This post is also available in: Орусча

Абылаев Данияр, пенсионер, «Даңк» медалынын ээси, 80 жашта. Бакай-Ата району, Өзгөрүш айылы

Менин билишимче илгери мал азыркыча болгон эмес. Анткени, илгери биздин айылда Жумакул деген жалгыз бай болгон, ошол байдын болгону беш жүз кою бар экен. Калгандарында жыйырмадан жүзгө жетпеген мал күтүшкөн экен. Ал эми азыркыларда эки миң, үч миңдеп кой күткөндөр бар. Ошого салыштырмалуу илгеркилер азыркыдай көп мал күтүшкөн эмес. Азыркыдан салыштырмалуу ал учурда малга кам көрүлгөн эмес. Ал убакта эл жазында жаздоого, жайында жайлоого, күзүндө талаага айдап түшөт, кышында кайта кыштоого чыгып кетишет, ошон үчүн эч камы жок эле талаада жайып өткөн. Ал убакта бир тутам чөп чаап, же болбосо жем малга берилген эмес. Минип жүргөн атына же согумга арналган малдарга эле жем берилген. Немис калкы Кыргызстанга кийин келди да, келип ушул жерде жашап, алар техника менен жакшы жашап турган убактысында, кыргыздардын жашоо деңгээли төмөн болгон. Колдо багылган мал, жыйын-терин болгон эмес. Ошондуктан кыргыздардын минип жүргөн аты жазында ачайган арык болгон. Ошол аттын жанына немистер басып келсе, кыргыздар айтчу дейт, ой, нары тур, нары тур атты жыгасың деп. Анткени атка тийип койсо, ат жыгылчудай. Жайында жайлоого чыкканда кайта аттар семирип келет. Күзүндө баягы атты минип жүрсө, адамдан, малдан үркөт. Ошон үчүн күзүндө аттын  жанына бала-чака келип калса, нары тур, нары тур, ат үркөт деп айтат дейт. Жазында атты жыгасың нары тур дешсе, күзүндө ат үркөт нары тур деген кыргыздардын ылакабын угуп калдым. Бул эми чындык болгон окуя, факты. Ал эми азыр андай эмес.

Биздин ата-бабаларда учурунда дары-дармектер болгон эмес. Эгер мал ылаңдап калса, бир жерде касиеттүү жер бар болсо, касиеттүү адамдын коюлган жери бар болсо, ошол жерге малды айдатып, түнөтүшкөн. Ошол жердеги арбактардан суранып, кудайдан тиленип ушундай жол менен гана аман алып калышкан. Эгер мал курттап калса азыр кралинге салат, ал учурда ак мыя чөптү жанчып алып, курттаган жерине шыкап коюп дарылашкан. Анткени мыя чөп өтө ачуу, өтө уу чөп. Аны мал жебейт, ошон үчүн уу чөп куртту өлтүрөт. Курт өлгөндөн кийин сыртка түшүп калат.

Ал учурда жыйын-терин болбогондон жокчулук учурлар болгон. Мисалы, кыргыздарда ылакап кеп бар, коен жыл келип койду алды деген, анткени коен жылы кургакчылык жыл болгон экен да, чөп-чар жок болуп калат. Кышында мал ачтан кырылып баштайт, колдо тоют жок, талаада жайытта от жок. Жазга маал март айларында сыргак болот, ошол учурда мал кырылып өлгөн. Ошондуктан бай мактанса бир жуттук деген сөз бар, аны кыргыздар жут деп аташкан. Мен аталардан уккан кеп, мен өз көзүм менен көргөн жокмун. Бирин-экин байлардын малы жазгысын кээ бир убактарда тоюттун жоктугунан, талаада чөптүн жоктугунан кырылып өлүп жаткан убактысында, 10-15 жыл мурун үстүн топон менен жапкан сарайлар бар.  Көп жыл өтүп кеткендиктен ал кый сыяктуу эле болуп калат, бирок ал буудайдын топону, бакалы. Ошондуктан ачка турган мал аны дагы жеген.

Кыргыздар илгери дыйканчылыкта буудайдан башка эч нерсе өстүргөн эмес, жүгөрү, картошка кийин чыкты. Жашылча-жемиш кыргыздарда такыр болгон эмес. Кыргыздар көчмөн калк болсо, мөмө-жемиштерди ким отургузуп, ким карайт эле. Мен бир мисал айтып коеюн. Илгери кыргыздарда бир маселе болсо, бир дөбөлүү, бийик жерге ар кайсы чөлкөмдөн кишилер келип маселе чечишкен. Ошондой жыйындардын бирөөндө, бизде Бешбулак деген жерде Озоке деген адам өткөн экен. Озоке өтүп баратса бир дөбөдө 40-50 дөй адам чогулуп жыйын өтүп жатса керек. Күздүн күнү экен, ал Бакай-Атадан (мурдагы Ленинполь) келе жаткан экен, ал жакта немистер жашачу. Немистер алманы бай отургузушуп, алма болгон экен. Озоке куржунунун эки көзүн толтуруп алма салып, атына артынып келе жаткан экен. Жолдон келе жатып, жыйынды көрүп кайрылып токтоп калат, анткени ал дагы жыйындарга катышып жүргөн адам экен. Жыйында маселе чечилип бүткөн соң, отургандардын бирөө сураган экен.

-Атыңда артынып турган куржунуңда эмне бар?

– Алма бар.

– Алма болсо алып, кел чогуу жебейлиби, – деген экен.

Озоке алманы ортосуна төгөт, жыйындагылар бирден, экиден алма жеп, баягы бир куржундагы алманы талап жеп коюшат. Анын ортосунда бир-эки ай өтүп кыш мезгили келет. Озоке өзү кембагал жашаган адам экен, бирок сөз тапкыч амалкөй адам болуптур. Анан дагы чоңураак жыйын болгондо, Озоке айткан экен

– Ай, жакшылар, баягыда эки куржундун көзүн толтура алма салып келе жатсам, силер чогулуп ортого алып жеп алдыңар. Эми ошол алманы качан бересиңер, төлөбөйсүңөрбү, – дейт.

Кыштын күнүндө буга алманы кайдан табышмак эле. Жыйында отурган бирин-экин байлар бар да. Ошолорго бирден кой салык салышат, сен бир кой, сен бир кой бересиң деп. Озоке немистен сурап келе жаткан аламсы үчүн, кышында ыгын келтирип 4-5 кой алып алган экен. Өзгөрүшкө кирип келе жатканда кирпич завод бар, ошол заводдун дөңүндө турган күмбөз Озоке атанын күмбөзү. Жалгыз болуп ошол жерге коюлуп калганга да бир себеп бар. Ошол кирпич заводдун жанында эски мүрзө бар, ал жерге кийин кирпич завод салынды. Озоке тирүү кезинде айткан экен, мен өлсөм мүрдөнүн арасына мени койбогула, чекесине да койбогула, дөңгө койгула деген экен. Өзүнүн тирүү кезинде ошол жерге күмбөз салдырган экен. Мүрзөлөр турган жер өрттөнөт, өрт менен кошо менин сөөгүм да өрттөнөт, андан көрөкчө мен дөңдө жатып карап турайын деген экен. Өзү бир эле эл, Келдечаңгыл Айтамганын бир уруусу болот. Ал олуялуу, көрөгөч киши экен.

 

Leave a Reply