Солтоева Ботокан, “Кыздын себинде букаарыдан куржун токуп берчү”

This post is also available in: Орусча

Солтоева Ботокан, 82 жашта. Талас району, Көк-Токой айылы.

Кол өнөрчүлүктө кыргыздар өрмөк сокчу, букаары кылчу. Өрмөктөн букаары токучу, аны килемдин ордуна такчу. Сайма сайылып, туш кийиз ордуна тагылчу.  Кыздын себинде букаарыдан куржун токуп берчү.

Букаары  деген эмне? Аны капкара койдун жүнүнөн ийрийт, ак койдун жүнүнөн ийрийт, экөөнү тең таптаза кылып жууйт. Ал кезде самын айна деген жок болчу, туштанга жуучу.

Туштан деген эмне? Тоодо өскөн чөп. Ошону кошуп апапак кылып жууп, анан ипичке кылып ийрийт, анан аны эки кабат кылып чыйратып чыгат, топтой-топтой кылып түрөт, анан барып букарыны сокчу.

Боз үй жасалчу, анын жыгачын бир уста киши жасап берсе, ичи-тышын, жамынчысын уз аялдар жасачу. Кийиз жасаш да оңой эмес. Күзүндө кыркылган ак койдун уяң жүнүнөн алып, кийиз жасашкан. Ылдый жагына жабылганын тегери деп коет, жабык башы деп коет, ал үстү жагына жабылат, анан буларга чачык жасалат. Аны деле ичке кылып жүндөн ийрийсиң, аны боёкко салат. Илгери өзбектер сатчу көчө кыдырып, ал кезде азыркыдай чоң базар жок.

Коргошун деген кайсы убак болсо деле бар болгон. Уйдун богун томолок кылып оюп ал жерге коргошунду эритип куясың, анан ал ката электе даярдап алган арчанын ичке бутагынан жасап алган сабын сайсаң, жыгач коргошундун ортосуна катып калат, алсаң  таяктын  тегереги коргошун болот, ошого жип ийрий бересиң, мен ошентип эле жасап алгам. Азыркыларга эмне, баары даяр, сатып алат азыр таштан эле жасайт, коргошунга караганда таш өтө оор эмес да. Ташты өгөй берсе эле тегерек болот да, ортосун оюп салып, таякты киргизип коет. Бирок өзүнө шыр карматкандай болбой, шалкылдап бош болуп калат экен. Ийиктин узундугу эки чакан карыштай болот го. Боз үйдүн жээктерин кооздоп, ыскыт басуу үчүн да ийрийбиз ана шоона деп кое,т ал чачыктан жоонураак ийрилет.

Оюуларын бор менен эле көргөнүн көрүп, көрбөгөнүн көрбөй эле өзүм ойдон чыгарып түшүрө берчүмүн. Бир жакка конокко барганда майда, анан кооз көрүнгөн оюуларды карайсың да, үйрөнүп келесиң.

Бир боз үйдү бүтүш үчүн бир топ убакыт кетет, бирок менин боз үйүм төрт канат болчу, кичинекей келиндин төркүнү алып кеткен, Суусамырга чыгып кымыз кылат.

Боз үйдүн жабуулары: эң үстү түндүк жабу, тоголок жериники үзүк, ал эми ылдый жагыныкын туурдук дейт. Ошого жөрмөп, оюуларды жармаштырып, ыскыт басып кооздочук.

Аялдын кол ишин илгери эшиктен келе жаткан адам эле билчү, боз үйдүн сыртынан эле ичине киргенде төрдө жүк жыйылып турган, туш кийиз сайылчу, шырдак, ала кийиз жасалчу, ар бир кыргыздын үйүндө карышкыр комуз жана  камчы илинип   турган. Анткени үйдө аялдын эле эмес эркектин да кол иши көрүнүп туруу керек болгон. Камчы – ат чапкандыкты, ат бакканды, комуз – устачылыкты, терилер мергенчиликти туюнтуп турган. Эми мергенчи эместери деле мергенчилерден тартууга алган да.

Тартууга кантип алат? Тартуу алып келгенде сыйлап, мал союп, анан анын мээнетине мал же дагы бир нерсе берген да.

Leave a Reply