Мамырова Куралай, Илгери жокчулук учурунда койдун жүнүнөн көп нерселерди жасашкан

This post is also available in: Орусча

Мамырова Куралай, 52  жашта. Талас району, Кырк-Казык айылы.

Илгери жокчулук учурунда койдун жүнүнөн көп нерселерди жасашкан. Апам айтаар эле да, койдун жүнүн ийрип, ошондон көйнөк, шым токуп, жалаң ошондой кийип жашаганбыз деп. Таар токуп, өрмөк согушкан экен. Апам өзү шырдак, кийиз жасачу. Саймадан керме сайма сайчу, кездемени жыгачка керип алып, илме шибеге менен сайганды керме сайма деп коюшчу. Көбүнчө ал сайма кара кездемеге сайылчу. Андан кийин биздин убагыбызда крест саймага өттүк, «Ж» түрүндө. Анан көптүрмө сайма деген болот, керебеттин этектеринде гүл салып алып, аны ийне сайып жатышпайбы аны көптүрмө сайма дейт. Мен өзүм чукума сайма дегенди жакшы саям. Илгери аны биз уйга сайылган ийнелерден жасачубуз. Айылдагы уста балдар ийненин учун ийрип жасап беришкен. Ошол жерге жип илип алып токуй берчүбүз, азыр роза гүлүндөгүдөй килемдер чыгып жатпайбы ошондой болуп токулат. Саймада колдонулган ийнелер, шибегелер азыр менде жок, бирок башкалардан издесе табылса керек. Азыр эч ким кол өнөрчүлүк менен иштебей калбадыбы, бардыгы курсагыбыз ачпаса экен деп талаада, базарда, анан эч ким деле андай колдонбойт да.

Боз үйдүн буюмдарын жасайм. Алты канат же беш канат боз үй болот. Кээде он эки канатка чейин боз үй болот, ал деген кереге саналат. Керегелер орнотулуп, эшиктери орнотулгандан кийин бакан менен түндүктү көтөрөт дагы, ууктарын сайышат. Андан кийин чий менен чырмашат. Мен бала кезде атам көп чий алып келээр эле, апам экөөбүз көп чий токудук. Чийди токуш үчүн өтө бийик эмес эки казыкты кагат, анан ага узунунан жыгач устунду орнотот. Ал өтө жоон эмес, ичкерээк. Чийдин жоондугуна ылайык таштар орнотулат, биз он сегиз таш кылып ороп жүрдүк. Оң жагына он сегиз таш, сол жагына он сегиз таш жипке байланат экен. Ал жип ийрилет, кадимки эле жүндөн. Ийрилгенден кийин кабатталып чыйратылат, ошондон кийин таштарга байлайт. Чийдин баш жагын кабаттап калың кылып токуш керек, андан кийин чийлерди катары менен коюп токуй берет. Бир токуганда бир башынан токуйсуң, кайра тиги башынан токуйсуң. Ошондо эки башы калат, анан ортосу токулат. Канча метр токусаң ошого чейин токуй берсең болот. Чийди Кең-Колдон алчубуз, ал жакта Чочой, Ботом-Чал деген жерлер бар, Терек деген жерде чийлер бар болчу, азыр барбы билбейм. Чийге атам менен чыккан күндөр болгон, кээде чийдин арасынан жылан көрүп калган учурлар болду. Атам чийди кол менен ороор эле. Боз үйдүн жыгачтарын атам сатып алчу, өзү жасачу эмес. Бирок боз үйдүн жыгачтары теректен жасалбайт, жарылбай турган жыгачтан жасалат, мисалы кара жыгачтан. Терек ага туруштук бербейт, ийиле турган жыгачтан жасалат.

Ал кезде эркектер мал чарбачылыкта эле жүрүшкөн. Кыргыздар айрыкча жылкы баласын сыйлашкан. Абдан аяр мамиле кылышкан, малды жакшы көрсөң, баксаң, сүйсөң ал уланат экен, ошон үчүн атамдар бай болушкан. Апам койду аяп мамиле кылсаң коюң көбөйөт, тайды аяп мамиле кылсаң тайың көбөйөт деп көп айтаар эле. Окуп жүргөн кезде, керебеттин алдында чоң-чоң карын майлар турааар эле. А кезде сүт төкмөй деген жок, үйдөн эле сүт тартып каймак, май кылып алчубуз. Ушундай берекелүү заман болсо керек, азыр болсо жалгыз уй бар болсо дагы анын сүтүн төгүп акча кылып алалы дейбиз.

Апам карын эмес кээде бөөнгө да май куяр эле. Чоң койдун карынына, кээде ичи өтүп калган, ооруп өлүп калган козулардын карынына чейин май куяр эле. Аны апам алгач жаңы алаар замат таза жууп, оозуна туздан салып, үйлөп байлап илип коет. бир аз кургагандан кийин, бир аз сууга салып жибитип, 2-3 күнгө айранга салып коюп коет. ал айранда турганда жыдыйт экен да, аны кленкага салып катуу бир нерсенин алдына бастырып коер эле. Ал жерде дагы 2-3 күн турат. Анан колу бошогондо деле улам эле ушалап отурчу, көрсө аны ийге келтирип жатканы экен. Ийге келип калгандан кийин таза жууп туруп, үйлөп илип коет. Анан кургагандан кийин май куя берсе болот. Баардыгы биригип карын он күндө даяр болот экен. Карын тим эле даамдуу болот, карындан майды алгандан кийин биз карынды бир аз куйкалап алып, майын агызып жээр элек. Майды карынга сызгырып алаар замат эле куят, майды тундуруп же марли коюп куйса болот. Анткени тоңуп калса куя албай каласың да. Ал 2-3 сакталат, эчтеке болбой тура берет. Кышында карындын оозун кесип алып, каттама жасачубуз, оокатка колдончубуз. Ал учурда азыркыдай таза май, суюк май дегенди такыр колдончу эмеспиз.

Азыр заманга жараша, кризисте отурсак муну эч ким жасабайт да. Мисалы совет учурунда окууга төлөмөй деген жок болчу, оокат арзан, эчтекеден кем болбой жашачубуз. Азыр кыйынчылык кезде бардыгы акча тапмай менен жашап жатышат. Койдун көңүн пайдаланчубуз. Ал көмүрдөн дагы абдан таптуу болот, көмүр бул жакта эле калат. Көңдү кышы бою тамак кылганга, айрыкча көмөч казанга нан жасаганга, кийиздерди жасаганда, суу кайнатканга колдончубуз. Койдун жазгы жүндөрүн өткөзүп салчубуз, анткени жазгы жүндөр кийиз жасаганга болбойт, себеби кой кыштай жатканда койдун жүнү борпоң болуп, териден жыдып анын сапаты начар болот экен. Ал эми Суусамырга барып, жаанга, күнгө бышып, койлор семирип, күзгү жүндөр абдан сапаттуу болот экен. Кийиз, шырдакка бат кирип, бат бышып кетет экен.

Leave a Reply