Мамбеталиев Кожоке: Кыргыздар тиричилик жүргүзүү боюнча

[Бул интервью 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөө убагында алынган. Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Мамбеталиев Кожоке, 91 жашта,Талас аймагы

Кыргыздар мал менен жашаган

Илгерки заманда көпчүлүгү мал менен жашачу. Там салуу менен иши жок, жазында малды туудуруп жайлоого көчүп кетип, кышында таш короого отурушчу. Кедейлери байлардын чөбүн чаап, эгинин айдап, буудайын бир жылдык ун кылып тартып, артканын өздөрү алышчу. Анда картошка, семичке дегенди эл билчү эмес. Байлардын атын минип, малын пайдаланып, сүтүн ичип, жан сактап келишкен.

Кечээ эле жакында солто элинен өзбек деген көпөс чыккан, казак элинен Нурманбет деген бай чыккан. Казак элинин дыйканы айткан, “канча жылкы тууду дегенде, өзбек – 999” деген. “Ой, эмне үчүн 1000 жылкы тууду деп айтпайсың?” –  деп өзбек менен мелдешип, Ленинграддан комиссия чакыртат экен. Орустар “кимисинин байлыгы көп болсо, ошого князь деген наам  беребиз”, – дейт. Нурманбеттин 1000 жылкысы тууган Каракыштак деген жерге, жайы-кышы чөп чаппай кыштачу экен. Комиссиялар малын, үйүн көрүп, “оо чириген бай экен” дешет. Анан өзбекке келишет, солто элинен чыккан кадимки өзбек, солто элдин тогу деген сөз бар. Анан өзбектин малын текшерип, анчалык деле көп мал эмес экен. 40 гектар жерде чарбагы бар экен. Ал жерге беде айдатып, эгин айдатчу экен. 1 гектардай жеринде узун кампа тамы бар экен. Ичине супа кылып, ошол супанын бир четине толо буудай, бир четине арпа, ак сүлү, тарууну төгүп койгон экен. Орустар аны көрүп, “мына байлык”  дешкен экен. Ошондо орустар тиги казактын байына: «1 жыл жут болсо, сенин малың кырылып калат. Бул өзбектин эгини болсо бүт солто элин багып алат»,- деп княздыкты өзбекке берип кетишкен экен. Илгерки эл жалаң буудай, арпа, таруу менен жашашкан. Ал эми картошка кечээ жакында эле чыкты да. Муногу 100 кой айдаганча, бир дыйкан 50 сотых жерге картошка айдап койсо, көп акча алып жатпайбы. 10 тонна картошка алса,  жүз миң сом таап жатат.

Жаандын жаашы түшүм алганга жакшы

Кыргыздар  жерге карап эгин айдашкан. Мисалы,  кара топурактуу жерге эгин жакшы болот дешкен. Кыргыздар агрономдон мыкты болгон. Кыргызда бир жакшы сөз бар: “Май-июнда жаан көп болсо, агрономдун бизге кереги жок”, – деп койчу. Анткени май менен июнда жаан көп болсо, эгин жана чөп жакшы болот деп билчү. Жердин асылдуулугунан билишчү. Эми мына мен көрүп калдым, а кезде комбайн, молотилка жок, кол менен орчу, ат менен бастырып, кырманга алып келет. Анан күрөк менен сапыраар эле. Боз үйдөй болгон кыпкызыл буудай болоор эле, анан тегерете күрөктү сайып коюп, байлардын бир коюн союп, «акырын, акырын, дыйкан баба чычсын» деп түн ичинде, ай жаңырганда кайтарышаар эле. Бул сөздү карыялар, бала-чаканы, аялдарды кырманга жолотпой айтышчу. А кезде түшүмдүүлүк көп болгондуктан, аз эле жерге айдалчу. Анан кийин колхоз болгондо, көп жерге айдалып, жердин асылдуулугу да кетти. Мурун жер семиз болгон, 1 гектар жерге эгин айдасан канча бир түшүм болчу.

Дыйканчылыкта пайдаланчу шаймандар

Эгин, арпа, буудайды кол менен сээп, соко менен айдап, мала менен тартчу. 2-3 жолу сугарчу, анан бышканда кол менен орчу, боолап-боолап. Аны өгүзгө чийне куруп алып, кырманга ташып келчү. Анан кырманга чачып туруп, эки атка таш менен тебелетчү. Ташы жоктор, 5-6 өгүздү тизип коюп, айландырып “Оп майда, оп майда” деп, кыйкырышчу. Анан өгүздөр чычып жибербесин деп, колдоруна бирден табак берип, балдарды айдатып койчу.

Чийне

Ал эки эле жыгач, экөөнү өгүздүн белине таңып коет, анан буудайды аркан менен тартып кете беришчү. Илгери чөптү деле, эгинди деле ошол чийне менен тартчу, ал азыркы машине менен арабанын ордуна колдонулган.

Leave a Reply