Маматбекова Сүйүмкан, эне көргөн тон бычат, ата көргөн ок жонот…

This post is also available in: Орусча

Маматбекова Сүйүмкан, 55 жашта. Талас району. Арал айылы.

Кыргыздар үй-бүлөдө жоопкерчиликти кандай бөлүштүрүшкөн? Илгери деле ушундай болчу, атасы сырттагы тарбиясына карайт, эне көбүнчө үйдөн кийим-кечеси, тамак ашына карайт. Кыздардын жакшына болуп, узун көйнөк кийип, чачын өрүп, таза жүрүшүнө карайт. Эркектин алдынан кесе өтчү эмеспиз ал убакта, кыздар топу кийип, келиндер жоолук салынып, байбичелер элечек кийип жүрчү, кимдин ким экенин кийиминен эле айырымалап билип  алчу. Азыр эмне? 50 дөгү аялың деле шым кийип алат. «Кызга кырк үйдөн тыюу» деп койчу, эшикке да чыкчу эмеспиз. Көчөдөн мугалимдер көрүнсө окубай көчөдө жүрөт деп айтат деп каччубуз. Азыр болсо мугалимди сүзүп өтөт.

Мен онду төрөдүм, бир эне болуп балдарды тилдеген жокмун. Баланы тарбиялоодон мурун эне-атасы өзү тарбиялуу болуш керек, бир урушкан жокмун. Айткандарымды угуп-кылып эле жүрдү, баланы көп катуу урушуп, урбаш керек, кээ бир балдарды ыйлаак же бейбаш деп ура беребиз го, ал туура эмес, урушсаң бала ага көнүп алат, баягы эле таяк, баягы эле тил деп, ээнбаш болуп жүрө берет. Аны акырын гана түшүндүрүү керек, өзүңдөн улуу адамадарды көр, «улууну урматта, кичүүнү сыйла», алым жетет деп башка балдарды ыза кылба деш керек. Бул да тарбия, баягынын баласы эч нерсе билбейт дебесин дейсиң, экинчиден өзүңө жакшы. Атасы мал сойгонду, мен кыздарга ичеги-карын артканды үйрөтөм. Мал сойгондо жиликтегенди, карынды жарбай, терини кеспей, таза союу керек? Ичегини да жыдытпай, таза жарбай, оодартасың. Ал эмес кол өнөрчүлүктүн түрлөрүн үйрөтчүбүз. Менин кайнатам уста киши болгон эле, ал балдарга үйрөткөндө мен да көрүп жүрдүм, боз үй жасаганын көргөм. Кереге-уугун, түндүгүн талдан жасачу. Кайненем болсо кийизин, туш кийизин, иши кылып ичи-тышын жасачу, жыгачынан бөлөгүн. Сырткы жабууларын үзүк, туурдук деп коет, алар кийизден жасалат.

Талдан жасалган керегени жаят элден мурун, анан уукту саят, эң биринчи түндүгүн таяк менен көтөрүп турат, ошондо керегени тартып алышат, ууктарды түндүккө сайып керегеге байлайт, анан үзүгү жабылат. Ичине ала кийиз, шырдак салынып, туш кийиз илинет.

Жүк жыйылып турчу төрдө, анда кыз бала ошол жерге олтуруп алып сайма сайып, шырдак басчу. Бул – эне тарбиясы. Эне көргөн тон бычат, ата көргөн ок жонот деп коет кыргызда. Ошолордон көрүп үйрөнсө, анда кийин турмушка чыкканда да кор болбойт, өз ишин өзү жасап алат.

Leave a Reply