Мамаев Акун, Боз үйдүн ичи кандай болгон?

This post is also available in: Орусча

Мамаев Акун, 58 жашта. Таш-Кудук айылы

Ар бир улуттун өзүнчө маданияты, каада-салты, тамак-ашы, кол өнөрчүлүгү болот. Не бир түркүн  элдердин арасынан кыргыз эли да өзүнүн комузу, кийими жана да жашаган жер, боз үйү менен айрымаланып келген. Миңдеген жылдар бою өз маданиятын, тилин, үрп-адатын, адеп-ыйманын, салтын, сый-урматын жана башка толуп жаткан эң мыкты касиеттерин ушул боз үйдө жүрүп сактап келе алды.

Боз үй негизинен жыгачтан, чийден, кереге-ууктан, ошондой эле жип-шуу менен жасалат. Анын кереге-уугунун түндүк жыгачын усталар чаап, үзүк-туурдугу менен чийи, жип-шуусун кыз-келиндер жасаган.

Алды менен тигүүчү конушту таап тандап, ал жерге кереге жайылат, анан босого орнотулуп, ошол босого керегеге бекитилип байланат. Ачакей бакан менен түндүктү өйдө көтөрүп, анан тең салмакта эч жакка ооп кетпей туруу үчүн эки жел боону бирдей крмап туруу керек. Ушул убакта кыз-келиндер ууктарды туш-тушунан байлатып, керегенин кайчылаш башына боо менен чулгап бекем кылып бекитет. Анан үйдүн туурдугу менен үзүгү жабылат.

Туурдук менен үзүк деген кереге менен ууктардын үстүнөн жабылчу, атайы кооздолуп жасалган кийиз. Алар бири-бири менен ичке боолор аркылуу байлаштырылгандан кийин сызмадан жасалган бел кырчоо менен айланта курчалат.

Боз үйдүн  жыгачын негизи дасыккан уста бир айга жетпей 25 күндө жасап бүткөн дешет. Боз үй десе эле кээ бирлер чабандын үйүн элестеткен, бирок андай эмес,  ар бир кыргыздын бакыт, үмүтүнүн, кыялынын символу болгон. Бул боз үй жөнүндө ырлар жазылган.

Боз үйдүн бурчу да жок, дубалы жок,

Босого мындан башка чубагы жок.

Туурдугу бороон-чапкын тосуп турса,

Түндүгү Көктеңирге кошуп турат.

Кыргыздар түп тамырлуу журт экен деп

Кыйырды дүңгүрөтүп салгыла кеп

Аяндан бүткөн Дулдул тулпарга окшоп

Арымы дабан жакын калбай токтоп.

Боз үйдүн ичи кандай болгон? Коломтодон ары дал босогосунун карама карышысында жүк сандык коюлуп, такта орнотулуп, үй-бүлөнүн тиричилик оокаты баары жыйылган. Килем-килче, шырдак, ала кийиз, жууркан төшөк жана башкалар. Жүк алды төр, үйдөгү эң кадырлуу жер, ак сакалдар, сыйлуу меймандар олтурган. Төрдүн оң жагы – ашкана, эпчи жак болгон. Сол жагы эр жак болгон. Эр жактагы керегеде ат жабдыктар,  эркекке тийиштүү аспаптар, буюмдар илинет.

Эпчи деген эмне? Ал боз үйдүн оң жагы, аялдаргва тийиштүү жагы, эр дегени эркектерге тийиштүү жагы болгон. Буюмдарын аралаштырбай өз-өзүнчө койгон. Камчы, комуз, аң терилери төрдө илинип турган. Ал кыргыздын үйү экени билинген, экинчиден атсыз, аңчылыксыз, ырсыз кыргызды элестетүү мүмкүн эмес болгон.

Leave a Reply