Исабеков Канатбек, Илгери чоподон жасалган буюмдар абдан көп болгон

This post is also available in: Орусча

Исабеков Канатбек, 79  жашта. Талас району, Кырк-Казык айылы.

Илгери чоподон жасалган буюмдар абдан көп болгон. Биздин үлүш жерибиз бар эле, ошол жерден азыркы учурга чейин ошондой буюмдар чыгат. Аларды илгери жасашкан экен, биз көрбөй калдык. Көргөнүбүз жыгачтан жасалган чаралар, кесе, табак, кашык, чөмүчтөр болду, аларды жыгачтан чаап жасашкан. Өзүбүз дагы ошондой идиштерден тамак ичип калдык. Атайын ошондой илиштерди жасаган усталар чыккан, адамдар ошолорго заказ берип идиш жасатышкан. Бүт тамактарды жалаң жыгач идиштерге куюшкан.

3 айлык козулардын терисинен бостек жасайбыз, койдукунан бостек болбойт. Эгерде бостек жасайбыз десе, алгач козуну бычактабай, майын чыгарбай, муштумдап союш керек.  Терисин алгандан кийин туз сээп, көлөкөгө кургатат, күнгө кургатканга болбойт. Кургагандан кийин ага айран төгүп ашатат. Теринин тузу көп болсо, айранга тузду азыраак салат. Теринин тузу аз болсо айранга тузду көбүрөөк салат. Айранга терини 10 күн бою ашатат, 10 күндүн ичинде 3 жолу айран менен шыбап турат, теринин эч жерин калтырбай таза шыбайт. 10 күн өткөндөн кийин айранды териден кырып алып, көлөкөгө кургатыш керек. Кургагандан кийин жылымык сууга айна салып же самын менен жууйт, ысык сууга жууса жыдып кетет. Жуугандан кийин эки кишилеп силкет, ошондо чөп-чардын бардыгы түшүп таза болуп калат. Кайра көлөкө жерге кургатат, кургагандан кийин ийлеп тартыш керек, ошондо жакшынакай аппак бостек болуп калат. Илгери бостектер сыйлуу болгон, сый адамдарга салынган.

Илгерки кымыз жасоонун идиштерин айтып берейин. Кымыз сабада болот. Сабаны жасаш үчүн бир жылкынын терисин бычактабай, жакшынакай соет. Аны балталап соет, балтанын арка жагы менен терини сыйрыйт. Соер менен жылкынын терисиндеги жүндөрдү терип, бычак менен алат. Ошо менен терини керип, көлөкө жерге коюп коюшат. Ошо менен жазында, март айында жерди казып, терини жер алдында ыштайт. Баш жагын кемеге, мор кылып дайындап алгандан кийин 10 метр аралыкта ыш, түтүн кетиш үчүн узун коридор казат. Коридорго жыгачтарды ийип, ошого терини жабат, чаначтарды илет. Чанач деген ал серке, эчкилерди туюк союп, аларды дагы чогуу ыштайт. Баш жагына саман ж.б. нерселерди кемегеге жага беришет. Аяк жагына жыгачтан ийип илгич жасашат, ошол илгичке саба, чаначтарды илип коет. Үстү жабылгандан кийин ыш дароо саба, чаначтарга жетет. Алар акырындап ыштала берет. Ошон үчүн ышталган сабага кымыз жакшы жасалат. Ышталган сабага жасалган кымыз абдан даамдуу дагы болот, азыркы кымыздар бочкага жасалып, даамы дагы жок. Жыгачтан жасалган бочкалар накта кымыздын даамын соруп алат. 15-20 күн ыштайт. Анан аны билген кишилер, бычып алып тигишет. Эгерде ышталган саба жок болсо, арчадан күү жасашат. Ошого жасаса абдан жакшы болот. Анан бишкек деген керек болот, сабага дагы күүгө дагы бишкек керек. Аны менен кымызды бышып турат.

Илгери чака чыга элек кезде, көнөк, көөкөр деген болгон. Дагы да болсо көөкөр териден жасалган. Төөнүн мойногунан жасачу экен, ал чака болот, ошо чака менен бээни сайт. Төөнүн терисин кургатып туруп жасаган. Анткени төөнүн териси жибибейт да, ал калың дагы болгон жана жыртылбайт дагы.

Leave a Reply