Бердибекова Торкожан, Биздин шырдак Нарындын шырдагына жетпейт…

Бердибекова Торкожан, 1946-жылкы. Бакай-Ата району, Өзгөрүш айылы.

Биздин үй-бүлөдө баарын жасайбыз, чалым жыгач менен керектүү нерселерди жасайт, мен болсо үйгө эмне керек болсо, ошолордун баарын жасайм. Анан азыр шырдак жасап жатам, мына эми ыскыты калды. Биздин шырдак Нарындын шырдагына жетпейт. Алардын шырдактары ыскыттан кийин да, кайра шырылат экен. Биз шырдакты төрбөлжүн деп да атайбыз. Ала кийиздин оюмун өзүнчө жука кийизге оюп, анан жүндүн үстүнө салабыз, ушул жерден бир аз айырма бар.

 

Leave a Reply