Барпыбаева Гүлбарчын, Кыргызда кол өнөрчүлүктүн түрлөрү көп

Барпыбаева Гүлбарчын, 56 жашта. Кызыл-Октябрь айылы.

Кыргызда кол өнөрчүлүктүн түрлөрү көп. Ар кандай устачылык: жыгач уста, темир уста болгон. Сүрөтчү, саймачы тикмечилер көп болгон. Кийиз жасаган уз аялдар болгон. Алар калпак, кементай, тебетей,  кемсел, ичик жасашкан.

Калпак кандай жасалган? Ак калпак – кыргыздын эркектер кийген баш кийими. Көбүнчө ал ак уяң жүндөн жасалган кийизден төбөсүн бийик чокчогой, этегин жазы кылып, четтери кайрылууга ылайыкталып жасалат. Алгач жүндүн кылы терилип, майда кыркылып сабалат. Кадимки чийге оролот, ысык суу куюлуп бышырылган соң майдаланган борду улам сээп, улам басып, кайра үбөлүк менен кадимки камырды тегиздегендей тегизделет.

Даяр болгон соң кургагандан кийин башка чакталып, ар кандай өлчөмдө бычылат. Эки талаа же төрт талаа болот Талаалардын бириккен жерлери милтеленет. Кайрып коюуга ыңгайлуу болуш үчүн  калпактын эки жеринен тилик калтырылат  Жээги кездеме чий баркыт макмал ж.б. менен тигилет. Калпакты кайрып койгондо ичи сыртына карап калганы жатпайбы  ошон үчүн 7, 12 см кылып мата менен тигип коет. Төбөсүнө чачык тагылат. Жээктери жана талаалары саймаланып, ичи жука мата менен ичтелет.

Калпактын кандай түрлөрү болот? Тилик калпак, туюк калпак, айры калпак, ай калпак, шырыма калпак деген болгон. Айры калпак – кыюуланбаган, шырыма калпак – кездемеден шырылып тигилген калпак. Кулундун терисинен да жасалган дешет, бирок аны биз көргөн жокпуз.

Тебетей кандай жасалган? Тебетей – жээги аң териден тигилген, кышкы, жылуу баш кийим. Ал абдан баалуу жаныбарлардын терилеринен, суусар, кундуз, түлкү ж,б. лардан тигилген. Тебетей калпактай болуп төрт талаа болуп бычылып. ичи менен болуп, сыртынын ортосуна кебез же жүн салынып шырылат. Төрт талаа бириктирилип тигилгенде төбөсүндө төрт урчук пайда болот.  Илгерки тебетейлер азыркыдан барктуу тигиле турган. Ал кезде жалаң кол иши менен алек болгондор биргелешип чогуу олтуруп, жалаң мыкты бычкандарга бычтырчу. Чийден азыр тебетейди барктап кийген адам аз.  Кыргызда «бөрү атаар уулду бөркүнөн тааны» деген сөз калган. Мунусу аңчылык кылган адам экени кийип жүргөн аң терилерден жасалган кийим,  тебетейлеринен билингенден улам айтылган да. Негизи эркектерге көрпө, кыздарга кундуз тебетей мүнөздүү болгон. Кыздардыкы кызыл, жашыл, көк баркыт менен тышталган,  тебетейлеринин төбөсүнө үкү тагылган. Төрт талаасына кооздолуп Шуру, бермет тагылган. Жигиттердики көбүнчө көк, кара, жашыл кездемелер менен тышталган, суусар, сүлөөсүн тебетейлеринин төбөсүнөнө  чачык тагылат. Тебетейлер жердигине карата түрдүүчө айтылган.

Кемсел – аялдар да, эркектер да кийе берүүчү жука сырт кийим. Ал баркыт, чий баркыт ж.б дан тигилип, узуну тизеге чейин болот.  Жалаң кебез же жүн жалатып,  жука ичтелип тигилет. Кыз-келиндер менен жигиттердин кемселинин бел көкүрөгү кыналып тигилет. Этек-жеңдерин саймалап да койот. Размерине жараша болот. 2,5 же 4 метрдай кездеме керектелет Кызардыкынын өңү кызыл болсо, эркектердики кара, жашыл, көк болот. Көкүрөгү кыналып тигилгени, жаштардыкы тыкан, жарашыктуу болуш керек да. Улгайган адамдар кенен кийгенди жакшы көрөт, ар кимдин табитине жараша тигиле берет да.

Leave a Reply