Алгожоева Нурча, Кыргыздардын бардык күнүмдүк турмуш-тиричиликтери кол өнөрчүлүк менен байланышкан да

Алгожоева Нурча, 1947-жылы туулган. Талас району, Кырк-Казык айылы.

Кол өнөрчүлүктүн түрлөрү: сайма саюу, килем токуу, курак куроо, шырдак оюп, чийүү. Ала кийиз жасоо. Мен аялдарга тийиштүү бардык кийимдердин тигилишин билем. Менин апам аябай уз аял болгон. Мен көп нерсени апамдан үйрөндүм. Курак курайм, шырдак оем, туш кийиз сайчумун, эми көз көрбөй калды. Сайманын эки түрүн билем. Илме шибеге менен сайганды, анан крестик кылып сайганды. Шырдактын кандай жол менен жасала турганын башынан аягына чейин айтып бере алам. Эң биринчи койдун жүнүн кыркып, ак койдун жүнүн өзүнчө, кара койдун жүнүн өзүнчө кылып бөлүп алып, аны жууйбуз. Анан чекемектерин тазалап, тытып, сабоо менен сабайбыз. Тазаланган жүндү чийге салып, кийиз жасайбыз.  Негизи күзгү койдун жүнүн алыш керек. Ал эми козунун жүнү болсо жазгысы боло берет. Негизи күзгү жүндү тандап алса болот. Кийиз жасап алгандан кийин бышырат. Чийди тегиз жерге салабыз, анан тазаланган жүндү колубуз менен үзүп, чийдин бетине төшөйбүз. Анан суу куюп, тегиздеп,  чийди оройбуз. Анан атка же эшекке байлап ары-бери тоголотобуз. Өтө ысык суу куябыз. Анткени суу канчалык ысык болсо, ошончолук кийиз жакшы кирет. Кийизди чийден алып чыккандан кийин, тегиздеп ороп, тикесинен тургузуп, үстүнө таза суу куюп, аябай чайкайбыз. Бул нерсени кыргыздар «кирдейт» деп коет. Анан чоң казанга суу куюп ысытып, боек, эрмен анан уксуз кошо салып кайнатабыз. Уксуз кошуп койсо кийин күбө такыр жебейт. Анан кийизди боекко салып, боек киргенден кийин аны чыгарып, илегенге салып, дымдап жаап коет. Анан кийиз жылуу болуп калганда аны басабыз, чыканак менен. Анан жайып коебуз. Кийиздерди ушундай жол менен каалагандай түскө салып, боеп алабыз. Анан эки кийизди беттеп алып, аны оебуз. Кайра ошол оюлган жерлерди жөрмөп чыгабыз. Анан аны башка бир кийизге беттеп жабыштырабыз. Анан ыскыт басабыз.

Ыскытты жасаш үчүн койдун аппак жүнүн кыркып, тазалап, анан ийрип алабыз. Даяр болгон жипти боекко салабыз. Жипти оң, сол түрүндө ийрип алабыз. Анан ыскыт менен жөрмөлгөн жердин баарын үстүнөн басып чыгабыз. Анан чекесин басабыз. Болду ушундай жол менен шырдак даяр болот десем жаңылышпайм. Бизде ушундай, ал эми Нарындыктар шырыйт экен. Шыруу деген ыскыттын жанынан ийне менен көктөп чыгат. Экөөнүн айырмасыНарындыктардын шырдагы бекемирээк болот  окшойт го. Ошондой эле мен каттама курак курай алам, ал курак менен жер төшөк, туш кийиз жасай алам. Мага бул нерселердин баарын апам үйрөтүп кетти. Тукумубузда мына ушундай өнөр бар экен.

Эркектерге тиешелүү кол өнөрчүлүктөр зергерчилик, устачылык болгон. Бирок менин үйүмдө өзүмдүн балам камчы өрө коет.

Ала кийиз жасаш үчүн кара жүндү эң астына салат. Анан кызыл, жашыл кылып үстүнө оюм салып, анан суу куюп, шырдактай эле кылып, жасай берет. Жууркан-төшөктөрдү жүн менен бүт өзүм жасайм. Азыр баары эле пахта болуп кетпедиби, негизи жүн менен жасасан адамга пайдалуу дагы да, күнгө жайып койсоң тим эле барпайып чыга келет. Мурдагы кишилерге килем менен кийиздин айырмасы асман менен жердей. Кийиз жылуу, килемдер муздак болуп турат. Мен айтып жаткан жанагы чий негизи өсөт, ар кайсы жерде өспөйт, бизде Кировка жакта өсөт. Андан тышкары тоолордо болот. Илгери жамбашка салып, бирден жулчу экен. Азыр балта менен эле топ-топ кылып кесип алышат. Чий негизи муун-муун болуп өсөт. Ал муундарды тазалабаса курт жеп койот. Анан кадимкидей эле ташты ары ыргытып, бери  ыргытып токуйт.

Кыргыздардын бардык күнүмдүк турмуш-тиричиликтери кол өнөрчүлүк менен байланышкан да. Жашай турган үйүн кол менен жасашкан, андан тышкары идиштерин чот менен чаап, оюп казан-аяк жасашкан. Кашыктарын, табактарын, деги койчу, жүн менен жыгач пайдалуу нерсе болгон. Элдер узчулук, устачылык менен кесип кылышкан. Аталарыбыз кыздар үчүн атайы сөлкөбайларды жасап беришкен. Анан азыркы уздардан суранаарым, кыздар үчүн чыптамаларды, анан саал узунураак кылып, көйнөктөрдү тигишсе.

Ал убакта чыт, сандип, трике, сукно, иши кылып ушундай материалдар бар болчу. Мен апамды баса белгилеп айтып койсом болот, апам жүндөн носки токуп, бир түндө бизге кийгизип коеор эле.

Leave a Reply