Абылаева Токтожан, Кыргыз элинде көп кол өнөрчүлүктөр болгон

Абылаева Токтожан, 70 жашта. Бакай-Ата району. Өзгөрүш айылы.

Кыргыз элинде көп кол өнөрчүлүктөр болгон. Мына ушул үйдөгү бардык нерсени өзүм жасаганмын. Туристтер келишет, анан үйдөгү жасалган жасалгаларга карап таң калышат. Бардык нерсе кийизден жасалган. Бул нерселерди жасаш үчүн менин жарым өмүрүм өттү. Ал эми жыгачтан жасалган нерселердин баарын балам жасайт. Эми ар бир кыргыз баласы жакшылап көңүл коюп иштесе, колунан келет. Мен айылдуу элге кийиз-шырдак жасашып жүрдүм. Мурун кечке жумуштамын. Кечинде сайма саям, курак курайм. 57-жылдан кийин Таласта свет болду. Ага чейин чырактын жарыгы менен иштегем.

Жашаган тамынан баштап, колдонгон идиш-аягына чейин бардыгын жыгачтан жасашкан. Эми азыркыдай бир нерсени сатып алуу деген болгон эмес. Бул нерсе тукум кууйт окшойт. Анткени ата-бабаларыбызда колу жөндөм адамдар көп болгон экен.

Leave a Reply