Абдылдаев Аскараалы: Чарба жөнүндө бизден артык ким билет?

This post is also available in: Орусча

[Бул интервью 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөө убагында алынган. Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Аскараалы Абдылдаев, 85 жашта, Тогуз-Торо, Жалал-Абад аймагы

Чарбадагы тажрыйбам.  Калбай карыянын “университети”.  Бүгүнкү мактанычым

Мен өмүр жолумда саясатта, комсомол, партияда иштегеним жок. 63 жыл айыл чарбасында иштедим. Кичинекейибизде жетим калганбыз. Жер айдап жүрүп чоңойдук. Атам бар болчу, ал киши энебиздин көзү өткөндөн кийин, бизди башка энелүү кылды. Бирок ал кишиге анча тартыла албаганыбыздан улам, биз чоң энебиздин колунда өстүк. 11-12ге чыкканыбызда согуш чыкты. Мен 5-класста окуп эле, колхоздун жумушунда иштеп калдым. Дароо эле моло таштын атын миндим. Азыр ушул күндөрдү эстеп, эскерүү китебин жазып жатам. Буга чейин 5-6 ыр жыйнагым, өз иликтөөмдөгү Тогуз-Торонун санжырасы жарык көргөн. Элдин кимден тараганын, Тогуз-Торого орустардын качан, кантип келгендиги жазылган.

Өзүм кийин Айыл чарба институтун бүткөмүн. Кесибим – зоотехник. Ага чейин Жалал-Абаддан зооветтехникумду бүтүрүп, мал догдур болгом. Эки адистигим бар. Согуштан кийин эсепчиликти дагы бүтүрдүм. Колхоздо үч жыл башкы эсепчи болдум. Бүт өмүрүм айыл чарбасы менен өттү. Андан кийин 9 жыл мал догдур, 15 жыл башкы зоотехник, беш жыл совхоздо башкарма болдум. 17 жыл совхоздо директор, замдиректор болдум. Кийин Советтер Союзу жоюлгандан кийин дыйкан чарбасында иштеп, фермер болуп Даңк медалын алдым. Ага чейин Ардак белгиси орденин, Ардак грамоталарын алгам. Жаман иштеген жокмун, бир да жолу күнөөгө тартылганым жок. Жаман болгон жок.

Тогуз-Торонун климаты оор, шарты татаал. Жайы салкын. Кышы катаал, ызгаарлуу. Ал кезде техника жок болчу. Кээ бир кезде ноябрда, күздө эле кар жаап салчу. Күз Тогуз-Торого буюрган эмес дешет. Ноябрдан апрелге чейин кар. Бул Тогуз-Торонун жаман жагы дешет. Бир кезде Санчы Сынчы минтип айтыптыр: “Тогуз-Торо – бейиш жер. Жайы салкын. Алтын чөйчөк деген ушул”, – десе, Казактан чогуу келген бир сынчы: “Ой-бай аай, Санчы аке, бир жагын көрүп, бир жагын көрбөдүңүз го. Мобу жериң жигити жилик албаган, карышы караттырбаган. Тогуз жаны жаралып, тор менен курчалган. Жайы-кышы жакшы болуп, бышыкчылык болгон менен, бул жерде кары-жашы малыма кышкыга тоют камдайм деп жаны тынбайт, бул каргашалуу жагы. Анан кышы катаал болот дагы, тоютту жакшы камдабаса, малы кырылып калып, эли ачарчылыкка учурайт, бул экинчи каргашалуу жагы. Тогуз-Тороңуз каргашалуу жер экен”, – деген экен. Мен өмүрүмдүн көпчүлүгүн Тогуз-Тородо өткөрдүм, бирок түштүктө, Чаткалда, Токтогулда, Сузакта иштедим, Тогуз-Торого салыштырмалуу бул жерлерде жылына эки жолу эгин бышырып алса болот. Элден мурун эгинин айдап, андан соң ал жерге картошка, жүгөрү бышырып алса болот. Тогуз-Тородо эгин бир жылы бышып, бир жылы бышпай калат.

Бир окуяны айтып берейин. Тогуз-Торо – тоолуу район. Иштеп жүрүп, адамдардын ар кылын көрдүм.

… Адам деген таш боор, кайрым билбеген…

– деген ырым бар. “Сиз ушу адамдардын жалаң жаман жактарын көрөсүз”, – дешет балдарым. Жакшы жактары анчейин ойго салбайт, жаман жактарын көргөндө ушулар оңолсо деп тилейм.

Бир кезде мен чарбада мал догдур болуп иштеп жүргөн кезде Калбай деген, 80 дерге барып калган карыя бар эле, ал бир күнү: “Балам, мен билбегенди сен билишиң мүмкүн. Бирок сен билбегендер дагы бар. Кана айтчы, жыл канчага бөлүнөт?”, – деп сурап калды. Төрткө бөлүнөөрүн айттым: жаз, жай, күз, кыш. “Жок, – дейт. – Мартты силер март дейсиңер, биз жалган куран дейбиз. Марттын жарымына, жыйырмаларына барып, күн-түн теңелет. Үч айдан кийин июндун жыйырмаларында күн абдан узарган учур болот. Анан сентябрь болгондо, 22 леринде күн менен түн кайра теңелет жана күн кыскарып отуруп, кыштын бир күнүндө күн эң кыскарган учур болот. Менин университетим ушул”.

Ошол Калбай карыя дагы мына буларды айтты эле: “Жазында майдын башында Үркөр чыгат, ошондон кийин эгин айдаба, бышпай калат. Буудайды ак эгин деп коет. Ак эгинди кар кетээри менен айдаш керек. Майдын онунан кийин эл таруу, жүгөрү жана кара эгин айдаса, шумдук чыгат. Кара эгинге таруу, жүгөрү, картошка кирет. Ак эгинге буудай, күрүч, арпа кирет. Үркөр чыккандан кийинки кымыз адамга жакпайт. Көрсө, үркөр чыккандан кийин жерге чөп көтөрүлүп, асты бышып калат да, алар майлуу болот, аларды жеген малдын сүтү адамды оорутат экен, кымыз күчтүү болуп кетет экен, кымызды Үркөргө чейин ичиш керек”. Калбай карыянын “университетинен” алган экинчи баалуу маалыматым ушул.

Карыя кийинки муундун өкүлү катары мага сабак калтыргандай, менин дагы бабалардан келе жаткан дүйнө таанымдардын бирин силерге айткым келет. Уккандырсыңар, кыргыздар жыл айларынын бардыгын жаныбарлардын аты менен аташат. Мунун да чоң мааниси бар. Мисалы үчүн, марттын башталышында, 15-февралдан 15-мартка чейин жалган куран болот. Элик туудубу деп калышат. Эликтин тууган-туубаганы күмөн болуп калат. Элик дагы уй сыяктуу 9 ай көтөрөт. Эликтин эркегин кулан дейт. Куран дегени ошол элик туудубу, тууй элекпи, жалган-чынын билбей, ошондон улам ушундайча аталат. 16-марттан 15-апрелге чейин чын куран болот, элик тууй баштайт. Эликтин тууганы анык болуп калат. Анан теке. Ошо кезде теке семирип алат. Мергенчилер теке атат. Анан 15-июнга чейин кулжа болот. Кулжа бөлүнүп семире баштайт, куутка барбайт, анын эт алган кези. Кулжа деген бул – койдун жапайысы. Күн ысыйт, кулжа көлөкөлөп калыптыр дешет. 15-июлга чейин теке какшык деп коет. Теке семире баштайт, ысуулайт, үңкүргө кире баштайт. Анан Баш оона, Аяк оона, башы жыйынтыкталды, этеги жыйынтыкталды деген эле маани. Жалаң жаныбарларга байланыштуу. Анан тогуздун айы, тогоол менен байланыштуу. Анан жетинин айы деп кыскара берет. Бештин айы дейт, үчтүн айы өзүнчө мааниде кала берет. 23-декабрь – 3-февраль чилде. Перс тилинен катуу суук деген эле сөз. 20-июнга чейин күн узарат – жаз. 21-июндан 20-сентябрга чейин – жай. Беш-алты жылы февралды ар кандай жаңыртып атапйбы. Эки календарда 11 күн айырма бар. Кыргыздын айы алдыда. Быйыл орустун айы 3 күн артта калса, кийинки жылы 5 күн артта калат. 20-декабрга чейин – күз. Ушинтип төрткө бөлөт.

Ушинтип бөлүп келген. Бир мезгилде Ай менен Үркөр бири-бирине жакындаса тогоол дейт. Марттын 5-6ларынан 10уна чейин жакындаса, беш тогоол болот.

“Пейилиң кеткен жарыктык,

Беш тогоолдо жут кылды.

Белестен куан көтөртүп,

Белдеги кубат, күчтү алды,

Бел байлап карап отурган,

Бечара турсун молдонун

Беш эчкисин көчкү алды”,

– деп коюшат элде.

Бир жылда тогуз тогоол деген бар. Күзүндө сентябрь айында күн менен түн теңелгенде болот. Беш тогоолдо күн узара баштайт, тогуз тогоолдо түн узара баштайт. Бул сентябрдын жыйырмасынан баштап болот. Кыш менен жайдын ортосундагы эки айырманы көрсөтөт. Чарбачылыкка чоң таасир этет. Кар жаайт. Биринде сары кар, биринде күзгү кар жаайт.

Жазындагысы сары кар деп айтылат, сумбула эмес. Сары кар оор жаап калса, жут болот деп камданыш керек. Сары кар менен сумбула байланыштуу, табиятта бири-бири менен байланышпаган эч нерсе жок.

Мен чарбага келгенимде колхоздо кырк миң кой бар экен. Ар биринин короосунда 10-15тен аксак. Бири-бирине жукпасын деп ал оорулуу койлордун баарын чогултуп, салааларын ачып, шиймилчектеринин ириңдеген жерлерин кесип салып, кичинекей бутак коюп, шакшактап салдым. “Ой сен буларга балдак кийгизип коюптурсуң го, жүр менин дарылаганымды көрчү”, – деп калды Калбай карыя. Барсак, 5 койду короосуна байлап коюптур. “Тээтиги экөөнү бүгүн, үчөөнү андан мурдараак байладым”. “Эмне үчүн кое бербейсиз?”. “Буларды суутуш керек. Мынабу жериндеги шишик бастырбайт. Оорунун дарты ушул жерде. Муну алып салгандан кийин орду көңдөй болот. Ал жерге жапайы сарымсакты, ак маталды суусун агыза таңып салыш керек. Мында эмне зат бар экенин билбейм, бирок ушуга дары. Мына мурунку эки койду көргөзөйүн”, – деп ал койлордун туягынын салаасындагы баягы ириңдеген жерлерди көргөздү. Кадимкидей катып, айыгып калыптыр. “Мен сендей кылып кесип, кан агызбаймын. Болгону чириген жерлерин тазалап, ушинтип таңып коем, ал эки күн жүрөт, 5-6 күн кайра-кайра карабайм дагы. Эки күндөн киийн минтип чечип салам. Болгону ушул. Бул менин университетим”, – деди. Бул – экинчиси.

Калбай карыянын эми үчүнчү сырын айтып берейин. “Мен өмүр бою Тогуз-Тородо жашадым. 80 ге чыктым. Күзүндө, сентябрь айында, күн-түн теңелип, сумбула чыгат. Сумбула чыгып суз болду, булактын башы муз болду деген суук ошондо болот. Ошондо биринчи кар жаайт, кээде 10-15инен кийин, кээде жыйырмасынан кийин. Анан үшүк жүрөт. Ошондо кар жаап, үшүк жүрсө, мына бу жерде (маңдайда турган тоону көрсөтүп. – Айгине), маңдайдагы Кайып-Таш деген тоонун бет маңдайы Кара-Тологой, узун тоо, биягы Каргалуу, биягы Кайып-Таш. биринчи жааган кар ошол Кара-Толгойдун башын чалып өтүп кетсе, кыш жеңил болот. Анда койду ичке кыштата бер. Жылкы болбурабайт. Быйыл ошент. Экинчиси, ошол кар, жаныңа түшө жааса, анда малды Кабакка айда. Кабакты баспайт, ичти басып калат”, – деди.

Кабак дегени Кетмен-Төбө кабагы, Жумгал кабагы деп коебуз, ошондой ойдуң жерлер бар. 1985-жылга чейин Жумгал кабагы Тогуз-Торого карачу. Анан Тыналиев Карыбек облисполком болгондо, Тогуз-Торону Жумгалга каратып койбодубу. Бирок ошондон кийин жакшы жери, көп жылдык чөп айдалып, өкмөткө төккөн эт, сүт, жүндүн баасын көтөрүп, элге киреше түшүп калбадыбы. 1962-жылдарга чейин баягы эски кишилер башкарма болуп, жарым метод менен иш анчейин жүрбөй, кийин анан жаңы адистер келе баштаганда продукциянын баасы көтөрүлүп, чарбалар өнүккөн. Өкмөттүн талкаланган эң жаман жери, туут учурунда 100 койдон 200 козу алдык дешип калп айтканы болду. Мындай көрүнүш турмушта болбойт. Эң көп төл бергени 130 дан ашык бербейт.

Анда чөп талаада аз кез, техника жок, мал тоюттан жутап, кышта мал кырылып калчу да. Ошентип турган кезде Калбай аке мага жанагинтип үчүнчү сырын айтып жатпайбы. “Ушул карда же көп тоют камда, же болбосо, малыңды этке өткөрүп, болбосо сойгонун союп албасаң, коромжу болуп каласың. Быйыл жут болот. Мына, мен багып аткан ирик кой. Күндүз кечке жайып атам, кечинде түрү бузулуп калып атат, күндүз кечке тойгон мал түнү менен оттоп чыгып жатат. Жут болоордо койдун карыны таз болуп калат. Бир ирикти союп көр, карынынын баркы кетип калды. Ошол сойчу бир ирикти мен эле берейин”, – деп калды. Анда бир койдун баасы 27 сом. Бир койду союп көрмөй болдук. Мен эмне, башкармамын. Сойду, семиз койду тандап. Карынын жуудук. Картанын жарымынын түгү жок, барт болуп калыптыр. “Бул чоң иш балам, муну көп кишилер билбейт, чанда киши билет”, – деди камкор карыя.

Күз келди, алгач кар сентябрда жаап, токтоду, анан ноябрдын үчүндө эле күн жаай баштады, январга чейин басылбай жаады. Калбай аке айткандай, Кара-Тологойдун түбүнө жаап салды. Өкмөттөн койлорду Кабакка жеткирттим. Бирок менин чарбамда тоют бар болчу. Элдики талаада калып калды, мен жан талашып жыйдырып, бир аз жердеги эгинди үч сыйра чаптырттым. Бирок сарай жетпейт эле. Эки короо тубар койду, эки короо ирикти Кабакка көчүрттүм. Ирик баккан балага өзөндө терек, тал бар экендигин, ошолорду жыгып ирикке берип, чөптү козуга берүү керектигин айттым. Бир соолук кой баккан койчуга анын кою кыштакка жакын болгондуктан, кар жааса айдап кел, эптеп багабыз дедим. Жалкоо неме эле, келбей койду. Бүт койду өлтүрдү, өлбөгөнү бири-биринин жүнүн жептир. 500 койдон 300 үн гана эптеп силос менен аман алып калдык. Дарактын бүрүн, кабыгын жеген койлор өлгөн жок. 3 короо козуга жанагы сактаган чөптү бердик. Мен ошол жылы Кызыл жылдыз чарбасына 100 тонна бедени 1000 ирикке саттым. Бир чарбадан 50 тонна бедеге 50 жылкы сатып алдым, өзүбүздө 300дөй жылкы бар эле. 10 жылкыга күнүнө 4 кил арпа, бир гана пресс саман бердирип, андан тышкары, элдин малын колхоздун карамагына өткөрүп, багып чыктым. Алар тоюттун акчасын баланча баа менен төлөп беришти. Улуу жут болгон 1969-70-жылы үч метр кар жаап, Тогуз-Торонун малы 40 пайызга кырылып калды. Калбайдын “университетинен” аган билимим менен мен өз чарбамды коромжуга учуратпай, кыштан аман алып чыктым. Мына, улуулардын сабагы.

Мен 5 жыл башкарма, эки жыл башкармалыктын начальниги, 17 жыл зоотехник, 17 жыл совхоз директор болдум. Аары чарбасынан Союзда жок рекорд жасадым, ошонум үчүн Ардак белгиси орденин алдым. Бир бал челектен 60 кил бал алып, өкмөткө өткөрдүм. Эң чоң ыкмасы ушул, жаз алды менен аарыны кант берип, күч алдырып, жакшы өнүктүрүш керек. Бир жайдын ичинде алгач кыштактын жанына, экинчи орто жайлоодогу жаңы бүр ачып келаткан чөпкө койдум. Эки жерден эки тартып алып, үчүнчүсү, жайлоонун баш жагына жаңы гүлдөп жаткан жерге коюп, 20 дан 60 килге чейин бал алдым.

Ошол чарбада 17 жыл малга директор болдум. Мамлекетке жылына 10 тонна бал өткөрдүм. Алгач 180 аары челек беришкен. Энгельс чарбасынын 500 аары челеги бар экен, ага жакшы карабай кырып алышып, 150сү калыптыр, аны да мага беришти. 310 аары челегин 5 жылда 1000 ге жеткирдим. Кыргызда “жаман киши убадага бек болот” деп коет. Мамлекетке ак иштейм деп 1 килди дагы өзүмө албаптырмын. Байлык күткөнүм жок, ал тургай там салып албаптырмын. Эл шаардан дагы там алышыптыр. Союз жоюлаарда, 1985-жылы Тогуз-Тородогу эле Атай айылына үй салдым. Ага чейин окууну жаңы бүткөндө Казарманга үй салдым эле. Атам экөөбүз 2 бөлмө там салсак, үстү тунуке ошол кичинекей үй үчүн толтура арыз жазышты. Зээним кейип үйгө келсем, атам жарыктык: “Жакшыны сөз ээрчийт, жаманды чөп ээрчийт, балам. Унчукпай ишиңди кыла бер”, – деди. Иштеп келдим. 11 балалуу болдум, баары жогорку билимдүү, иштеп атышат. Зоотехник, эсепчи, мугалим болушту. Кызым дудуктардын мектебинде эсепчи. Бир уулум Техникалык И.Раззаков атындагы университетте сабак берип, “Уста” деген гезиттин редактору.

Биздин Тогуз-Тородо бир начар колхоз бар болчу. Азыркы аким ошол айылдан. Анын атасы Турдалиев деген адам менде экономист болуп иштеген. Райондун акими мени ошол чарбага башкарма бол деп кыстап калды. Зоотехник болчум, башкармалыкта башкы экономист болуп калгам. Мени экономист кылышып, акырындап, көрсө, башкармалыкка даярдашыптыр. Анда партиянын линиясы ушундай эле, майда-майдадан акырындап жогорулатып иштетишчү. Эмгек акы боюнча нормативди иштеп отургам. Райкомдун секретары Мелис Турдалиевич чакырып, начар айылга башкарма бол деди. Нарын сууда көпүрө жок, эгин айдоо аянты жок. Таш, 50 гектарга чыкпаган айдоосу арыктап бүтүптүр. 3 жыл ал чарбада башкы зоотехник болгом. Элинин тартиби жок. Бозо ичип, чабышып, тынчы жок эле. Өзүнчө колхоз болуп турганда, колхоздун башкармасын өлтүрүп коюшкан. Көңүлүм чаппаганын байкаган аким: “Партия сени тарбиялады, 5 жыл институтту окутту. Колхоздун башкармасын окуп бүткөнсүң, барасың. Сен мага жардам кыл. Тогуз-Торонун климаты начар экен, 40 пайыз малы кырылып, эли эгин айдабайт экен, дүкөндөн ун сатып нан жеп, көбү нан жебейт, бозо ичет, көрөп турам, эмне кылат элек, мага жардам бер”, – деди. Болбой атып бир ай жүрдүк. Акыры макул болдум. Чогулуш кылды.

Мен мурун ал чарбада зоотехник кезде көп адамды малды растрат кылдың деп бошотуп, тубар койлорду берки өйүзгө өткөргөм. Эл менден тажагандай болгон, чынчыл адам көпчүлүккө жкпайт экен. “Элге ушу керек. Качан киши таза болсо, элди таза кыла алат. 4 жыл иштеп, 1 кой мойнуңа түшпөй, таза кеттиң. Далай зоотехник бошонуп кетпедиби”, – деп жалдырайт аким. Мени эл шайлабайт, уят болобуз деп ойлодум. Абдылдаев деген карыя бар эле, ал киши сөз алып, мен иштеп кеткен кездеги ийгиликтеримди, эмгекчилдигимди, чынчылдыгымды, аткарган иштеримди санап өттү. Чогулуштун аягында калып: “Мен сага кеңеш бере албайм. Сенин кеңеш берчү бир эле жериң бар. Ал – сенин жүрөгүң. Жүрөгүң эмне десе, ошону кабыл ал”, – деп кеңешин айтты.

Мен көп нерсени жасай алган жокмун. Биринчиси, продукциянын арзандыгы себеп болду. Экинчиси, мында 5-6 уруу эл жашайт, бөлүнүү бар. Сентябрь-ноябрь үч ай саан уйга элүү уйлук сарай салдырдым. Жалданган чечендер салды. Бала бакча курайын дедим. Пландап контор кылып, 5-6 орусту иштеттим. Элдин мончосу жок, 10 кишилик мончо салдырдым. Бөлүнгөн акча жетпейт деп, 300 миң сом кредитти 6 айга алып, жанагылардын баарын кылдым. Элден мурун мончону бүтүрдүм. Элдин акыбалы начар, кедей, жакасы агарган киши жок. Милдеттүү түрдө акча албайм дедим. Көмүрдү түшүрдүм. Эл бекер чарчаганча түшсүн дедим, эки ай түшүштү. Уй сарайдын жанына 4 саанчыга үй салып киргиздим. Жалал-Абадка 6500 тубар кой өткөрүп алдым, козуну калтырып, ирикти өткөрдүм. Өңгөгө ишенбей, өзүм өткөрдүм. Бир койду 60 килден өткөрдүм. Бул, көрсө, рекорд экен. Республика боюнча 46 килден өткөрөт экен. Нарын 48 килден өткөрөт экен. Аны өзүм деле билбейм. Кийин 1-секретарь айтты. Ал жылы жаз алды менен Нарын сууга кайык салдым. 5-6 жерге сарай салдырып, 50 гектар жерге эгин айдаттым. 20 гектар жерге эспарсет айдаттым. 500 гектар кайрак жердин 300 үнө буудай, 200 үнө арпа айдаттым. Муну да биринчи мен айдаттым. Акназаров мурда буудай айдатчу эмес да. Арпаны да айдатып, көк кезинде эле чаптырып малга бердиртчү. Тогуз-Торонун менден башка башкармалары бүт соттолуп кеткен. Ошентип, чарба жакшырды. Ошол эле жылы ар бир эмгекке 5 килден буудай тараттым, кийинки жылы акча кирди. Буудайдын кили 3 тыйын, ун 11 тыйын эле. Ошентип, чарба 5 жылда миллионер колхозго айланды. Кичинекей чарба 1-жолу миллионер болду. Мен бошогондо 300 миллион акча кассада калды. Мен “подход” кылганды билбей, алмаштырып коюшту окшойт. Анан аарыга өттүм. Анда жанагындай ийгиликтер болду.

Leave a Reply