Дилдемурат уулу Ысакжан

Дилдемурат уулу Ысакжан, 78 жашта. Талас району, Көк-Кашат айылы.

Биз бала кезде эжигей, кескен көйө же сүт ботко деген тамактарды жеп калдык. Кескен көйөгө (экинчи аталышы сүт ботко) камыр жууруп, жакшынакай кылып тактага жайып кесет. Азыркы лагмандай кылып кесишкен, ошол камырды сүткө бышырышкан, ошону кескен көйө деп коюшат. Кээде сууга да бышырат, бирок май салышкан.

 

Leave a Reply