Чинара Сейдахматова: Кыргыздардын мезгилге жараша азыктануусу

This post is also available in: Орусча

 Байыркы кыргыздардын азыктануусу мезгилге жараша так  айырмаланып турган. Себеби, бул курчап турган чөйрөдөн улам келип чыккан, азыктануусу ошол мезгилге жооп бергидей болгон. Көчмөндөр жаратылыш менен бир шайкештикте болуп, тоо-таш, мөңгү же дарактар менен бирдей,  алардын ажырагыс бир бөлүгү болуп калган.  Адамдар өздөрүн ааламдын борборуна койгон эмес, жараткандын алдында коен же конуздан адамдын артыкчылыгы жок  деп туура түшүнүшкөн. Ошондуктан илгери жер жүзүндө табигый жаратылыштын теңчилигине зыян болбой турган куш салуу мергенчилигин тутунушкан.

Ичинде баласы бар бооз жаныбарларга мергенчилик кылууга тыю салынган. Ал эми тыюу салынган нерсеге кол салып, тартипти бузган мергенчилерди жаныбарлардын пири Кайберен эне өзү жазалайт деген ишеним жашап келген.  Мергенчилик кылуу кеч күздө башталып качан жырткычтардын балдары чоңоюп, бышып жетилгенче, ал эми үй жаныбарлары отугуп калганча, эрте жазга чейин уланган.

Кышында  эт жок болуп калган учурда, мергенчилик сактап калчу. Бир мергенчилик менен бардыгын эт менен камсыз кылуу мүмкүн болбогондуктан, кышкыга  гулазык даярдашкан. Кеч күздө же жаңы кыш түшкөндө семиз бодо малдарды, жылкы же буканы адаттагыдай согумга союшкан. Эттин бир бөлүгүн  чийки бойдон сүрсүтүшкөн, ал эми башка бөлүгүн  эзилте бышырып, сөөгүнөн бөлүп алып, майда-майда туурап туруп анан кургатышкан.

Сүрсүгөн этти кышында кадимикидей шорпо, гүлчөтай же күрүч, таруу ж.б. жасоодо колдонушкан. Кеч кышта жана эрте жазда качан сүрсүгөн эттер түгөнгөндө гана бышырылып, кургатылган этти пайдалана башташкан.  Боз үйдүн ортосундагы очокко казан асып, кардын эриген суусуна ар кандай таруунун түрлөрүн салып, ботко жасашып, майдаланган тамырдан, кургатылган сооган жана чөптөрдөн кошушуп, эң акырында бир аз кургатылган эттен -гүлазыктан себелеп коюшкан.

Бул убакта тоодо нанды негизинен арпанын ак шагынан, жүгөрүдөн же болбосо унду кебеги менен жасашкан. Мындай нан жеңил сиңген, жана жакшы күч берген. Кышында кичине жана чоң топ-топ болуп, тамакты биригип жасашкан. Ал үйдүн кирешесинен көз каранды болгон. Мындай бириктешкен ыкма үнөмдүү болгон. Кимдин колунан эмне келсе ошону алып келишип, баардыгы бир казандан тамак ичишкен.

Кышында сөзсүз түрдө суусундук катары өндүрүлгөн буудайдан жана таруудан даярдалган бозо жасалган. Ал суусундук алкоголсуз жана мас кылуучу ичимдик болушу мүмкүн, ал ачытканга жараша болот. Кыштын кечинде оттун жанына кары-жашы отуруп алып  бозодон аз-аздан жутуп, сүйлөшүп күн кечиришкен. Күчтүү тамак аш жетишпеген учурда бозо адамга энергия жана күч берген.

            Эмчи-домчу табыптардын үйүнө кечинде чоң казан асып, дары чөптөрдү жана гулдөрдүн ширесин кайнатышкан, пайдалуу заттарды кошкон. Бул күндөрү бул үйгө кичине балдарды чогултушуп, алдын ала оорудан сактоо үчүн дарылык касиети бар суусундукту ичиришкен. Ал эми апалары үйдөн жөнөкөй кургатылган мөмө-жемиштердин, гүлдөрдүн, жалбырактардын ширесин да ичиришкен.

Кышында качан төл башталганда, эчкинин же койдун арткан сүтүнөн балдар жана карылар үчүн эжигей жасашкан. Кышында ден-соолук, күч берсин деп күзүндө ырым кылып эжигейди ачытышкан.

Дагы бир негизги кышкы тамактардын бири жупка болгон. Анын  унун дагы күзүндө же эрте кышта даярдашкан. Туз жана дегеле эч бир нерсе кошулбаган камырды тегиз тегерек кылып жайып туруп, казандын бетине майы жок жай отко бышырышкан.  Жука катыраган калама болуп калган.

Сүзмөдөн жасалган курутту кайнак сууга салып аралаштырышкан. Кычкыл даамдуу бул  суюктукка тууралган жупканы салышып, сары майдан көп кошуп, даамына жараша чөптөрдү, майдаланган тамырдан  да кошушкан. Кычкыл даам малдын майын жоюп, организмге зыян келтирбейт. Ошол себептүү койдун этинин шорпосуна айран кошуп ичишкен. Кышында көбүнчө малдын майын жана этин суукка туруштук берүү үчүн колдонушкан. Көчмөндөрдө азыктануу абдан  ойлонуп туруп иштелген жана пайдалуу болгон.

Жазгы тамак аш салттуу сүмөлөктөн башталып, таруу ботколоруна эмес, камыр тамактарына өтүшкөн. Унду куйрук майга куурушкан дагы сүт кошулган сууга аралаштырышкан жана коюу болгончо бышырышкан. Карыларга, жаш балдарды азыктандыруучу буламык-ботко пайда болгон. Эгер буламыкка сүт, чай кошуп, суюк кылып аралаштырса баардыгы иче тургандай куурма чай   болуп калган. Аялдар дайыма  салттуу тамак Умай-тамак-буламыкты, балдарга ичире турган дарылык касиети бар суусундуктарды даярдоо үчүн чогулушуп, ырым-жырым тамактары жана бүбү-бакшылардын иши күчүнө кирген.

Адамдын ал-абалын аныктоо үчүн кыргыздар ысык жана суук тушүнүктөрүн алып жүрүшөт. Тамак-аш да ысык жана суук болуп бөлүнөт. Жазында адамдын организмине суук басымдуулук кылат, ошондо ырым-жырым менен күчтүү тамактарды жана дарылык касиети бар өсүмдүктөрдүн ширелерин ичирүү менен суукту айдап чыгышкан.

Көчмөндөргө табият тартуулаган, дарылык касиети зор суусундук катары бээнин сүтү эсептелинет. Эрте жазда сүттү жылуу бойдон ичет, анан кийин күздүн ортосуна чейин бээнин сүтүнөн кымыз жасашат. Кымыз – бул дайыма бышылып ачытылган бээнин сүтү, ал абдан мыкты дарылык касиетке ээ. Эгер бээнин жылуу сүтү денени тазаласа, кымыз болсо жылкынын бийик тоолуу жайыттан оттогон чөптөрдөн чогулуп жана иштелип чыккан пайдалуу заттарга каныктырат.

Кыш мезгилинде начарлап кеткен адамга  жаш козунун же улактын эти жана шорпосу пайдалуу болуп эсептелинет. Бул тамакты жок дегенде жазында бир жолу ар бир үй улактын этин жеп көрүшөт.

Жайкы маал көбүнчө сүт азыктарына жана эт азыктарына мол болот. Койлор союуга жарактуу болгону үчүн, дайыма кой союлуп турат. Койдун ич эттери пайдалуу деп эсептелинет. Ал эми ич эттин шорпосунун дарылык касиети зор, бирок, жүрөк, ичеги карыны, жумуру жана көк боору конокторго тартылбайт. Койдун өпкөсүнөн олобо жасалат. Аны даярдоодо сегиз, он эки литрдей сүт куюп, туз, мурчтарын салып, 10 саатка жакын бышырат. Өпкөнүн ар бир тешиктерине сүт сиңип, бышырылып, жумшак, өпкө аралаш сырга айланат. Бул тамак абдан даамдуу жана сый тамак катары бааланат.

Кеч жаздан  күздүн ортосуна чейин кыргыз аялдарынын көпчүлүгү буудайдан, жүгөрүдөн, сулуудан  жана арпадан тартылган талкандан суусундук жасашкан.  Анча көп эмес талканды малдын майына кууруп туруп, үстүнө көбүрөөк суу куюшат. Сууп калган суюктукту түнү менен ачытышат, эртеси күнү айран же каймак кошуп коюшат. Ошентип муздак, ичкиликтүү боор, бөйрөккө жана ашказанга пайдалуу көбүргөн суусундук – максым пайда болот.

 Бир күн кечке бир үй-бүлө максымды күнүнө беш алты жолу ичет. Кээ бирөөнө кычкыл ичкенге болбосо, ачытылбаган түрүнө ошондой эле айран, каймактан кошуп ичсе болот.  Мындай ыкма менен жасалган суусундук жарма деп аталат. Кымыз, максым, жарма – ата-бабадан сакталып калган жана кеңири жайылтылган суусундуктардан.

Жайы бою жаш балдар ар кандай мөмө жемиштерден, тоо балынан, кычкыл заттардын даамын татышат, жана кышка  өтө таттуу жана даамдуу нерселерди камдашат.

Күзүндө той-аштардын убагы келет. Көбүнчө тойлорго жылкы союлат, күз маалында жылкынын эти мол болот. Жылкынын ич эти сонун тамак болот, жакшы күч берет, бирок, ашказаны жана ичегилери гана. Ал эми өпкө, боор, көк боор, жүрөктөрүн тамак аш катары көп колдоно беришпейт. Бирок бул тууралуу бир беткей тушүнүктөр жок, кээ бир карылар жылкынын ич эти абдан күчтүү деп айтып келишет. Жылкынын шорпосу да көп ичилбейт. Мурда шорпо ичип көнбөгөн адамга, жылкынын шорпосу гана эмес этин жегенде да ашказанына күч келет. Андыктан бүт күч малдын ич-эттеринде чогулгандыктанбы,  адамдын денесинин ысыгы ашынып кетиши мүмкүн.Жайында жана күзүндө нанды кезек ундан жууруп, катуу бойдон ачытпай жасашкан. Күнүмдүк өзүлөрү үчүн кожейкелер, тездетилген ыкмада казанга майы жок жука жана нык болуп бышкан калама жасашкан. Кез-кезде сары май  сүйкөлүп, катталып жасалган нык нан –каттама да жасашкан.  Кез-кезде балдарын эркелетип, каттама менен багышкан.

Кыргыздарда балдар үчүн атайын бир канча таттуу даамдардын түрү жасалган. Алардын ичинен эң эле жөнөкөй жана оңою умачталган талкан. Ал майдаланган талкандан жасалат. Талканды бал жана сары майга көөлөп, көөлөнгөн талканды ар кандай түрдө кол менен тоголоктоп, балдарга беришкен. Албетте, бул таттуу даамды күнүгө эле жей беришкен эмес. Мындай даамдуу тамактар жана таттуу даамдар көчмөндөрдүн тамактарында азыраак болгон. Көчмөндөрдүн тамак-ашы көбүнчө ысыкка көп демделип, бышырылбаган катуу табигый азык-түлүктөрдөн турат.