Шаршембаева Жумакан

Шаршембаева Жумакан, 80 жашта, саанчы. Жети-Өгүз р. Чон-Кызыл-Суу айылы
20.03.2010. 21:05-21:25

Бээнин сүтүнөн кымыз жасап, ал кымызды куюш учун эчкинин, тоонун терисинен сабаа, чанач жасашкан. Аны үйлөп, кургатып туруп майлап жасашчу. Биринчи аны тобурчак менен ыштайт, кыпкызыл болгонго чейин, анан сары май менен майлайт. Эчкини сойгондо туюк соёт да, даяр болгондон кийин түбүн, эки колунун ордун тигет. Анан даяр чанач болот. Сабаны деле ушундай ыштап, майлап, анан аны да формага салып тигет.
Сары майды сакташ үчүн козунун карынын жыдытып алып туруп, аны үйлөп койгон. Үйлөгөндөн кийин анын ичин, тышын майлап, каймакты сызгырып, майды куюп, бууп койгон. Карындын ичиндеги май абдан жакшы сакталган. Чоң койдун карыны деле болот, бирок козунуку эле үйлөгөндө аябай чоң болот. Койдуку толгончо канча.

О.э. идиш салыш үчүн жаш чыбыктан согуп, капкагы менен согуп коюшчу. Баягы ары-бери көчкөндө идиш сынбаш үчүн. Чыны кап койчу, кийизден да жасашкан.

Төөнүн жүнүнөн жасалган кийим абдан жылуу болгон. Анын дарылык касиети да бар, о.э. аска-зоодо, тоодо жургон кишилер тигип кийишкен да. Эчкинин жүнү менен жылкынын кылынан аркан эшишкен. Кийизден боз үйдүн жабууларын аялдар жасашкан.
Улуттук тамак-аштардан сүттөн айран кылып, андан курут кылып, кышкыга катык аш камдашкан. Күздүн күнү уйдун сүтүн тоңдуруп алып, баштыкка салып, муздак жерге илип коюшчу. Кыштын күнү уй байып кеткенде, ошол сүттү кичинеден эритип алып, чайга кошуп ичишкен. Бирок мурункусунан кичине суюгураак болуп калат. Бүгүнкү күндө деле Ак-Шыйрактын эли дагы эле тамак-ашты ушинтип катык кылып ичишет.

Leave a Reply