Кайнарбекова Тотугүл

This post is also available in: Англисче

Кайнарбекова Тотугүл, 76 жашта, саанчы болуп иштеген. Жети-Өгүз р. Ак-Кочкор айылы

22.02.2010. 12:20-12:30

Кымыз деген – улуттук тамактын эң негизгиси. Мунун дарылык касиети бүгүнкү күндө да изилденип атпайбы. Кыргыз эли илгери эле муну билген экен да. Жылкы таза мал болот, ошондуктан чөптүн тазасын, жакшысын жейт экен. жылкыны саап, сүтүн сабага куюп, бишкек менен бышат. Балдар илгери 100-200дөн кезек-кезек менен бышышчу. Эгер чала бышып койсо, ачуу болуп калат. Жакшы бышса, баллай таптаттуу болот. Ошондуктан бал кымыз деп коюшат да.

О.э. сүттөн жасалган көп тамактар бар: айран, сүзмө, курут, эжигей, уй кымыз, май- каймактын бары эле сүттөн жасалат. Мунун баары көрсө витамин, дары экен да. Ошон үчүн кыргыздар мурун көп ооручу эмес. Азыр жеген тамагыбыздын баары сатык, химикат болуп кетпедиби.
Кымызды куюп жүрүш үчүн көнөч деген болчу. Ачытыш үчүн саба деген болчу. Мунун баарын жылкынын терисинен жасачу. Терини биринчи аштап, карагайдын тобурчагы менен ыштап жасалчу. Ушу идиштен да таасир этчү болуш керек. Азыркы идиштериң да кытайдын пласмастары болуп калбадыбы. Кантип анан ден соолук бузулбасын.

 

Leave a Reply