Сүмөлөк

This post is also available in: Англисче

Молдоканов Үсөнгазы Молдоканович, 71 жашта, врач-педиатор, 45 жыл кесиби боюнча эмгектенген, учурда ардактуу эс алууда. Жети-Өзүз району, Ак-Кочкор айылы.

22.02.2010. саат: 14:20-15:30.

Мен жакшы билген сүмөлөк тууралуу айтып берейин. Сүмөлөк буудайдан жасалаарын билесиңер. Ушул буудайды күн чыгышты караган терезеге 11 күн өндүрөт. 12,13 же 9 күн эмес, 11 күндө жакшы өнүп чыгат. Эми аны канча санда өндүрүш керек? 5, 7, 9, 11, 13… кил. Көрдүңбү, бул жерде жалаң так сандар. Буудайды суулап, үстүн марли менен жаап коет. Мунун өзү бая күндүн нуру саалыраак тийсин үчүн. Мына мында бир чакан айылга 5 кил. Өндүрсө жетет. Нооруз эртең дегенде кечки саат 18:00дөн баштап, 12 саат чоң казанга кайнатат. Отун таптуу жагат. Чоң да эмес, кичине да эмес, бир тапта жагыш керек. Анан тынымсыз аралаштырып турат. Буга бир киши чыдабайт, бир канчасы катышып даярдаш керек. антпесе 12 саат бою бир киши кайыгып калбайбы. Бышырып жатканда 3 жолу суу менен демдейт. Туз, май сөзсүз көлөмүнө жараша салынат. Сүмөлөктүн айрыкча белгиси, досуң келсе да, касың келсе да андан ооз тийгизишиң керек. Ооз тийүүнүн жолу боюнча сүмөлөктү 3 жолу чыпалак менен ооз тийиш керек.

Эмне үчүн башка манжалар менен ооз тийүүгө болбойт? Анткени бул – сүмөлөктүн өзүнүн эрежеси. Сүмөлөк нооруз майрамында эле жасалат. Ушу нооруз салтынан да айта кетсем. Туркстанда 14-кылымда жазылган жылнаамада мындай деп айтылган. Бул жалпы эле түрк тилдүү элдерге, анын ичинде кыргыздарга да тиешелүү.

Эгерде нооруз дүйшөмбүгө келсе, ал жылы жаан көп жаайт да, эгин мол болот. Ал күн айга таандык экен. Ал эми шаршембиде келсе, жыл катаал болушу мүмкүн, эгин кымбат болот, бирок жашылча көп болот. Булл кун Меркурийге таандык. Эгер бейшембиге келсе, ал Юпитерге таандык да, оору коп болот, ай, кун тутулат, акыры жакшылык менен аяктайт. Жумага туш келсе, ал Венерага таандык. Заман түйшүктүү, бирок кайтарымдуу болот. Эгин кеч бышып, кырсык азаят. Ишембиге келсе, жер-жемиш көбөйөт. Жазында катуу шамал болот, бул кун Сатурнга таандык. Жекшембиге туш келсе, токчулук болот, ушак-айың азаят, бул Күнгө таандык. Мына, нооруздун да белгилери бар. Нооруз фарс элинин ноу-жаны, руз-күн деген сөзүнөн келип чыккан.

Балбакова Салима, 80 жашта, колхозчу, Түп айылы
20.02.2010 Убакыт:12:16-12:25

Кол өнөрчүлүктө өрмөк, аркан эшмей деген болгон, кийиз, шырдак жасамай болгон. Көп эле оокаттар болгон, биз анын бирине аралаша албай калдык.
Илгери кыргыздар жалаң эле согум союп, жылкы, уй союп эле эт асып алып,беш бармак жасап, бозо салып ичип оокат кылышчу. Нооруз дегенди жанагы көжө деп сарга сактаган деп койчубуз. Көжөнү буудай түктөп алып жасачу, эски эттен салып, аны эзилте бышырып, азыр күрүч салып ийип жасап атпайбы. Оштуктар сүмөлөк деп жасайт. Буудайды түктөйт дегени, буудайды жылуу сууга аралаштырып алып, сокуга салып күйшөсө, кебектери чыгып кетет, анан кайра күйшөсө ак түк ун болуп чыгат. Ошентип жасачу, андан башкасын билбейт экенмин. Кыргызда көмкөрмө деген болгон, шибе нан деп кактама нан болгон, жука-жука жайып кактап бышырып берчү, нан жок калганда.

Leave a Reply