Шамбетова Шарапат, “Кара баскандагы” (кансыроо) ырым

This post is also available in: Англисче, Орусча

Шамбетова Шарапат, 71 жашта, Жаңы-Арык айылы, Ысык-Көл аймагы

Менин атам төрөгөн аялдарды,  бая козу бозоргондорду ырымдачу экен. 1947-жылы  март айында энем өлдү.  Эки-үч  жыл жетим жүрдүк. Мен ошондо 9 жашта элем. Окууга деле барганымды билбейм. Эки бөбөгүмдү багам. Атам байкуш чабуулдап тамак таап келет. Аны ичебиз. “Аталуу жетим арсыз жетим, энелүү жетим эссиз жетим” деген туура турбайбы. Бирок атанын тапканы жакшы болгону менен, энедей болбойт. Атанын мээрими башкача болот экен.

Атам кайра аял аялды. Өгөй эне менен жашадык.   Атам кырман кайтарчу. Бир күнү өгөй энем толготуп калды. Бир убакта : «Ач эшикти, ач эшикти», – деп атам кирип  келди. Баарыбыз коркуп,  бакырып ыйлап атабыз. Энем кечинде төрөгөн. Анан «тарс» деп эле тыштан мылтык атты. Аны укканда, куураган жаным бакырып ыйладым. Эки бөбөгүм кошо ыйлап атат. Көрсө энемди кара басып (кансырап) өлүп баратыптыр. Анан келип эле жулкулдатып, кулагынын түбүнө  мылтыкты коюп дагы атты. Өгөй энем, анан эле «уух» деп эле көзүн ачты. Ата эмне болду десем, “бир сары ит кирип келип эле, өпкө-жүрөгүн сууруп баратыптыр” деди.  Өпкө-боорду сал-сал деп бакырып келатат атам. Көрсө  атамдын эле көзүнө  көрүнөт экен. “Суу жакын болчу, сууга таштап ийсе бу кемпир өлүп калат болчу” деп, түшүндүрдү атам. Атамдын  көзү ачык эле.  Атамды тартып эмдеп –домдоп, боюнда бар аялдардын курсагындагысын ары салып, бери салып, баш теңдейм, жүрөк көтөрөм.

Leave a Reply