Тагайбаева Рааддан, Көз ооруга оймок миңдин бири.

This post is also available in: Англисче, Орусча

Тагайбаева Рааддан, 74 жашта, Хан-Бүргө айылы, Талас аймагы

Эжем «кара түйнөк» болуп ооруду. Ал ооруу азыркы «сокур ичеги». Эми ошону дарылаганда менин чоң апам эжеме эшикте өскөн жети түрлүү чөптү терип келип,  ичине байлап,  анан 7 күн ичине байланган чөптү  ичирген. Апамдын эми конуп, эжем ал ооруудан айыгып кетти. Атам согуштан келбей калды.Чоң апамдын колунда өстүк. Чоң апам бала-чаканы да эмдээр эле. Итий,оосул болгон балдарды ычкыр менен эле сүртүп койчу. Ычкырды  колго токучубуз. (Чалдар менен кемпирлердин ички кийимине (ыштанга) өткөрүп, байланып алчу нерсе). Ал кезде резинка деген жок да.  Анан көз ооруганда кадимки эле оймоктун арты менен сүртүп койсо,  айыгып калчу. Оймок менен сүрткөнүнүн себеби оюлган көзөнөктөрү көздөгү оорууларды тартып алат экен. Ал эми ич ооруганда (сокур ичеги эмес, жөнөкөй ич ооруга) чыныга ысык күлдү салып,  үстүнө  чүпөрөк байлап басып койгондо айыгып кетчү экен. Ушундай ырым-жырымдар  колдонулган.

Согуш учурунда элди кара тумоо каптады. Ал тумоо «чечек, келте» деген ооруу экен. Элдин баары ошол ооруудан кырылып калбадыбы. Чечек деген ооруу малдан жукту. Койлордун колтуктарына чыгат экен. Чоң-чоң кызыл бүртүйгөн неме. Койлордун мурдунан чимкириги агып,  чөп жебей калат. Ошол ооруу адамдарга жукту. Адамдардын да колтугуна чыгып, шалдырап оорушат.Эгер башына чыкса, бат эле 3-4 күндүн ичинде өлүп калат. Колтукка чыкканда жараны сыгып туруп, күлдөн сыйпап койчу. Ушуну өз көзүм менен көргөм.

Leave a Reply