Момоконова Бейимкан, Баланы бирөөгө багууга берсе – токтойт

This post is also available in: Англисче, Орусча

Момоконова Бейимкан, 70 жашта, Хан-Бүргө айылы, Талас аймагы

Менин бир тууганымды бир кемпир алып кетти (бүбү кемпир).  Ал бир тууганым согуш учурунда, 1944-жылы төрөлдү. Баланы алып кеткенинин себеби, бала токтобой койгон. Улам төрөсө,  улам каза боло берген.

Апам бир ай бою жаш күчүк эмизди. Апам жаш күчүктү кадимкидей бооруна алып бакты. Ошентип ал учурда атам жоголуп кетти. Эгин издеп, кийим издеп кетти. Кайда кеткенин билбейбиз. Анан бир жарым ай дегенде келди. 10 метр ак сулп (ак мата) алып келиптир. Ал сулптан баланы алып кеткен аялга көйнөк, жоолук алып (ырымдап), эжем тезек көтөрүп, иши кылып тогуздап алып бардык. Элдин бары боз үй, алачыкта отурушат. Бизди келет деп күтүп отурушуптур. Бирибиз балка, экинчибиз балта, кууругуч, тезек көтөрүп, атам эжигей кайнатып, боорсок кылып алып бардык. Баратсак баягы кемпир бизди “Жоголгула эле, жоголгула, каракчылар” деп кубалады. Көрсө, баланы ырымдап жатыптыр. Алып барган тамак-ашты эл тим эле талап жешти. Элде эч нерсе жок да. Биз да ачкабыз. Анан бир тууганымды алып келдик. Аман-эсен өсүп чоңойду. Кокус мындай кылып ырымдабасак өлүп калат беле, ким билет?..

Leave a Reply