Жанадилова Мадай, Кар жиликти илип койсо, ууру кирбейт

This post is also available in: Англисче, Орусча

Жанадилова Мадай, 83 жашта, Хан-Бүргө айылы, Талас аймагы

Каатчылык учурунда ырым-жырымдар колдонулган. Мисалы, башыңа күн өтүп кетсе чоң кашыкка суу куюп алып, эшиктин туткаларын сүртүп чыгасың. Анан суу түгөнүп калат. Кайрадан жаңы суу аласың да,  туткаларды колуң  менен улам сууга салып ичиресиң. Ошентип ичиргенден кийин эле басылып калат. Мындан башка,  койдун кар жилигин короого илип койсо ууру келбейт.Тарыхы мындай экен: “Илгери бир кемпир жалаң кар жилик чогултуп сандыкка сактай бериптир.Эч кимге айтпайт, эч кимге билгизбейт. Ошентип 41 кар жилик чогултуп сактап коет. Абышкасынын көзү  өтүп кеткенден кийин башка жакка малын айдап жолго чыгат. Жолдо келе жатып бир жерге түнөшөт. Ошондо малды уурдап кетпесин деп баягы сөөктөрдү  алып чыгып малдар жаткан жерге тегерете сайып коет. Түн бир оокумда уурулар келип малын уурдамак болгондо,   баягы сайып койгон 40 кар жилиги 40 желдет болуп малын аман сактап калган”. Ар бир ырым-жырымдын  ушундайча тарыхы болот.

Ырым-жырымдар колдонулган үчүн мазарларга сыйынуу да бар. Мисалы,тиги мазарга ырымын кылып,  кой союп коелу деген сөздөрдү угуп эле жүрөм. Мазарларга сыйынган адамдар көп. Бири ден соолугуна байланыштуу болсо, бири үй-булөмдө  тынчтык болсун, ырыскы кирсин,жакшылык болсун деп ар кандай жолдор менен сыйынышат. Ырым-жырым деле ошондой илгеркиден калган.

Бул мазар басуу, ырым-жырымдарды колдонуу эч убакта унутулуп калбайт. Муундан-муунга, кылымдан кылымга сактала берет.

Leave a Reply