Ашыралиев Колпочбай, Тамырчы Мамбет

This post is also available in: Англисче, Орусча

Ашыралиев Колпочбай, Кара-Суу айылы, Талас аймагы

Мамбет деген табып бар болчу. Калбанын аркы башындагы Терс булак деген жерде отурчу. Мамбет даңкыйган кара киши эле, мурду барбайган. Ал тамыр кармап “баланча күнү суу ичесиң, ошондо келем” деп койчу. Анын айтуучусу бар болчу. Эгерде оорулуу суу ичип жатып нан же тамак ичип койсо, “сен баланча күнү нан жеген турбайсыңбы,  дагы бир жолу суу ичесиң” деп койчу. Анан ал давление болгон кишини да айыктырчу,  башынан кан алып. Адамдын башындагы чачын такырайтып алып таштайт. Анан бычак менен кан алчу жерин тилип, ал жерге  чоң стаканды коюп, ал толгондо, төгүп жиберчү. Ошентип айыктырып алаар эле. Башынан кан алдыргандар 5-6 жыл жүрө беришчү, зымпылдашып. Булардын баарын өз көзүм менен көрдүм. Ал менин агам менен дос болуп жүрөр эле. Анын айтуучусу бар болчу: атчан болуп алып “тиги жерде оору бар, бул жерде оору бар” деп өзү келип оорулууну көрүп кетчү,  чакыртпай эле. Өзүнүн жалгыз гана кызы бар эле Айгүл деген, ошонун улуу кызын багып алган. Жээн неберелерине да анын касиети калган жок.

Өлө турган киши болсо ачык эле айтып койчу “камыңарды жеп даярдана бергиле” деп. Анан өлгөн жерге келчү эмес, бир жума өткөндөн кийин бата кылганы келчү. Кайсы жеринде оору болсо айтып койчу,”сенин баланча жериң ооруп жүрөт экен” деп.

Leave a Reply