Асанкожоева Батма, Ак дил менен ишенсе Кудай берет

This post is also available in: Англисче, Орусча

Асанкожоева Батма, 63 жашта, Ысык-Көл району,  Темир айылы

Каатчылык учурларда кыргыздар ырым-жырым жасаган. Тогуз токоч баабедин деп, жаз келе жатканда айыл-айыл болуп чогулуп алып мал союп, түлөө өткөрүшчү. Анан эми ырым-жырым толуп атат, ошо кезде эле мазарларга барышчу. Менин өзүмдүн ошондой жагым бар.  Мисалы, Манжыл атага бардык.  Манжы ата мазарын  көргөн да бар, көрбөгөн да бар. Эми укмуш экен. Кыз Булак, Кыз-Жигит деген  3-4 жерде булак бар экен. Бул  жер бекер жер эмес экен деп эртең менен эрте туруп, даарат алып, чай ичип алып, ошо мазарга тесмемди кучактап, “сыйынгыла, кудайга жалынгыла, жакшылык бергиле деп, оору-сыркоону алып таштагыла” деп, өкүрүп-бакырып ыйлап, ичимдеги  бугумдун баары түгөнгөндөн кийин токтогом. Карасам артымда жаш молдо бала туруптур. “Апа жүрүңүз” деп, ошентип  көпчүлүк менен Манжыл атагабардык.

Шам жаксак айылдагылар абышкама дейре айтып, шам жакпасын барбасын, элди тескери эметпесин, тиги-бу деп. Анан 5-6 жыл барып журдук. Карагай булакка бардык, олгон кишилердин эмелери бар экен: Кадыракун атанын, Садыр атанын күмбөздөрү бар экен. А киши мага батасын берди. Семеновка менен Кожоярдын ортосунда Эне мазар дейт экен, ал жерге бардык. А жерге барганда да аябай ыйладым.

Чолпон деген биздин айылдын кызы жолумду ачып, теспе берген.  Ал Манас атага бир айда аз дегенде он жолу  барат, кучак жеткис депутаттарды алып барат. Быякка да ошондой машинанын түрүн минген депутаттар келишет, керек болсо, Аскар Акаев да ошо жерге сыйынып кетчү экен. Кокту менен жүрүп отуруп, анан кайра Манжы атанын кежигесинен түштүк. Айылдагы касиетүү кишилердин мүрзөсүнө барып, ооруман жеңилдеп калам. Кишилерди кармалап, үйлөрүн аластап берем, ырым-жырым айтам. Бир дүкөнчү келин аябай эле жакшы болун кетти. Башы ооручу, аркы складына кире албай, коркчу. Акырын кишиге айтпай барып, дүкөнүн  арча менен аластап, өзүн отургузуп алып, башы көзүн кармап, ырымдадым. Бул тегеректегилер ишенбейт. Колдоочу көрүнбөйт, бирок туюм берет да. Каатчылыкта мазар басып, Кудайга чын дили менен, жүрөгүндөгү  ак дили менен ишенсе  Кудай берет.

Leave a Reply