Ар-кандай ырым-жырымдар

This post is also available in: Англисче, Орусча

Кармышев Аман, Талас району, Кара-Ой айылы

Суу – табыптардын дарысы.

Каатчылык учурда оорулуулар көп болгон, доктурлар аз. Бир райондо эки эле доктур болсо керек. “Келте” деген оору чыкты, азыркы тил менен айтканда  “тиф”.  Ошол оорудан бир далайлары кырылып калды. Оорулуу адам 5-6 күнгө чейин эс учун жоготуп коет. Кайра эсине келгенде айыкканы айыгып кетет, эсине келбегендери ошондон ары оо дүйнө  кетет.

Аталган ооруну элдик ырымдар менен табыптар айыктырчу. Алардын эң чоң дарысы – суу.  Бир чоң казан суу кайнатып туруп, ага бир чоң пияла уйдун сүтүн кошот. Ооруган кишиге ошол суудан гана ичире берет. Маал-маалы менен суу ичип, ооруган киши айыгып кетет. Табыптар атайын чек койчу, “баланча күнү мынча  ичесиң, түкүнчө  күнү мынча ичпейсиң” деп. Ооруган киши арыктайт, ичинде эч нерсе калбай калат, жалаң суу менен жашайт.

Көкөн, 71 жашта, Баласаруу айылы, Талас аймагы

Жыл ажырашуу – жаз майрамы.

Жаз келе жатканда дамбыр таш деп койчу   челек тагараларды алып, калдыратып үйдү айланып “жер жарылып чөп чык,  желин жарылып сүт чык” дечүбүз.

Жыл ажыраш деген майрам болчу,  азыркы Нооруз болсо керек. Сок билекке буудайды салып, аппак болгучакты  урчу  элек. Ошондон көжө кылып кайнатып, казандын түбүнө жети кара таш, жети дандын башын салчубуз. Кимибиз канчада болсок,  ошончо таш оодараар элек.

Жаз келгенде

Ойго жатсаң  ойго жат

Кырга жатсаң  кырга жат, –

деп күн жылып калды деп аябай сүйүнчүбүз .

Алтымышов Мадылбек, 80 жашта, Хан-Бүргө айылы, Талас аймагы

Жин аралагандарды мазарга түнөтөт

Ырым-жырымдар биздин ата-бабаларыбыздан келе жаткан салт. Мисалы, алардын бирин айтсам, азыркы Нооруз майрамында арча, адрашман жагып туруп, балдарды ошол оттун үстүнөн секиртишчү. Анын мааниси адамдын денесинде болгон жаман нерселер, ошол отко түшүп калат деп ырымдашкан. Ошондой эле жин аралап, ээлигип калгандарды мазарга алып барып түнөтүп келишкен. Анткени мазарга жиндер барбайт да.

Алтымышова Турар, 65 жашта Хан-Бүргө айылы, Талас аймагы

Кызыл кумурска – ыйык

Биздин апаларыбыз ооруулуларды rызыл кумурсканын уясынын жанына түнөтүп, 7 токоч кылып, 1 кумурускага берип, анан бизге берчү экен. Анткени ошол оорууларды кумурска нан менен кошо жеп алат дешчү. Эмне үчүн кызыл кумурска? Анткени кызыл деген өзү жеңиш, жакшы нерсеге жетүү дегенди билдирет. Анын үстүнө кызыл кумурска – ыйык болот. Ошол уянын жанына жатканда бүт нерсени кумурска тартып алат экен. Ошентип айыгып кетишчү.

Давлеталиев Асанбек, 62 жашта, Көк–Токой айылы, Талас аймагы

Уй тууганда ууз көйөгө бата берилет

Ырымдар каатчылыкты, барчылыкты карабайт. Мисалы, “быйыл бир жакшы жыл болсун, жамгыр жааса” экен түлөө өткөрүлөт. Мына Ноорузда ушул жыл жакшы жыл болсо экен, түшүмдүү, берекелүү, Алла таала зилзаладан, жамандыктардан сактаса экен деп тиленет. Ноорузда сүмөлөк жасалып жатпайбы, ырымдалып. Ал буудайдан жасалат – бул  токчулуктун белгиси.  Буудайды өндүрүп жасайт. Жети санын кыргыздар ырымдап жакшы дешет, “жетинин бири кыдыр” деп жети даам, туз сүзмө, буудай суу дагы кошот.

Анан уй тууганда ууз көйө деп коет, батаңарды бергиле деп кесме салып, ууз сүтүнөн бышырып элди чакырат. «Уйуң сүттүү болсун убайын көр, силерди баксын»”, – деп бата берилет.

Акышев Токтогул, 73 жашта, Акжар айылы, Талас аймагы

Ноорузга карата айт болгон

Илгери Ноорузга карата айт болчу. Келин, байбичелер куржун алып, айыл-айылга кыдыраар эле, айттап келебиз деп. Колунда бар адамдар куржундарына нан салып берген. Анан түлөөөткөрчү, “айланайын кудай каатчылыктан сакта” деп.Манастын күмбөзү бизге жакын да, ошол жерге барып ортодон бир мал чыгарып, кудайдан тилеп ысыкчылыктан сакта, ынтымакка келели деп түлөөөткөрүшкөн. Түлөөөткөрүү согуштан мурун абдан күчтүү болду, кийин 1960-жылдары тыйылып баштады. Анан кедей, такыр мүңкүрөп жүргөн жетимдерге сааганга мал, кой берчү. Мисалы, Жүнүш деген киши  Накай деген жездебизден 10 чакты эчки айдап келип, аны багып, саан ичип калды. Анан убада боюнча “төлүн алып, калганын кайтарып бер” деген экен. Анан кайра 10 эчкисин кайтарып берген.

Момуналиев Каратай, 75 жашта,Кырк казык айылы

Жүрөк балка менен көтөрүлөт.

Ырым-жырымдар көп колдонулган эмес. Бүбүлөр келип балдарды эмдеп-домдоп кетишчү. Кемегенин жанына олтуруп күл менен жүрөгүн көтөрүп, оозул болуп калган балдарды кемпирлердин ычкыры менен “ач оозуңду өлүңдү көрөйүн” деп тийгизип-тийгизип койсо,  жакшы болуп калчу. Жүрөк көтөргөндө болсо, кадимки эле балканы алып, күлгө тийгизип «токто жүрөк токто» деп 3 жолу айтып жүрөгүн көтөрүшчү.

Асанова Нуска, 71 жашта, Кең-Арал айылы

Көк таш оозулга миңдин бири

Менин таятам ылдый аккан сууну өйдө  агызып койчу экен. Чоң таятамдын аты Үмүт молдо. Мындай табыпчылык укум-тукумду кубалайт тура. Мен итий, оозул болгон балдарды эмдейм. Итий болгон кичинекей балдарды төшөккө ороп, ит байлаган жерге шаршемби күндөрү оонатам.

Бул оору менен ооруганда бала аябай арык болуп тыржыйып, буту-колу чийдей болуп жүрбөй калат. Итийлердин баш-сөөгү ачылып кетет. Ал эми оозул болгон балдарга: нашатрды, тарапранды (көк таш), койдун көңүн  күйгүзүп алып, кыпкызыл чок болгондо үстүнө коюп койсо,  боркулдап кайнап бүтөт. Анан ал аппапак болуп калат. Аны майдалап алып, марлиден өткөзүп, болоор болбос кылып, ооздун ичин булгалап койсо, ошол миңден бир дары.

Ырымдаарда  “Бул менин колум эмес, Умай Эне Батма-Зууранын колу. Мен качан эм  салчу элем, сен качан эм түшүрчү элең, кагылайын Алла өзүң жардам бере көр” дейм.

Кудайбердиева Салия, 62 жашта

Молдолордун дубасы ооруну айыктырат

Эми ал кезде, бала-бакыра ооруп калса, эмчи-домчуларга алып барчубуз, жүрөгү түшөт, куймулчагы, далысы чыкса, кошунабыз Байгазынын энеси Бийбий деген байбичеге көтөртчүбүз. Мына ошол киши айыктырчу.

Өмүр молдо деген ооруган кишилерди окучу, дем салчу: мен өз көзүм менен көрүп калдым, боз үйдүн үстүнө чыгып, кадимкидей түндүк, ууктарды көтөрчү. Анан кайра түшүп, боз үйдүн ичине от жагып алып, таң аткыча окучу, касиети бар болчу, инсультту да окуп айыктырчу экен.

Менин жанагы 25 жаштагы балам бир күнү ооруп эле баспай жатып калды. Анан Кашатта Асеке молдо бар болчу, ошо кишини алып келишти. Анан жаткырып коюп эле окуп атат. Жөн эле алка-шалка тер кетип, оозунан көбүк агып атат. Апам «буга тамак керек», – деп, тамак жасап жүрөт. Бул молдолор окуганда таңдын атканы да жакшы болсо, ошондо жакшы болот дешчү. Таң аткыча окуду, апам экөөбүз уктаган жокпуз. Апам жыт чыгарып,тамак жасады эле ошону жеп алып, этегин күүп, чапкыланып алып эле таягын такылдатып туруп кетип калды. «Таңдын атканында билинет балам», – деди. Таң атканда эле бала кыймылдап, басам деп эле жулунуп, бир жак колу да узун, буту да узун. Тоголонуп атып басып кетти, эми ошол азыркы инсульт да.

Шоруков Асеке деген киши да кыйын болчу.Талманы да тумар чийип берип айыктырчу.

Бектенова Майрамкүл, 60 жашта

Шам жагуу

Менин башыма оорчулук түшкөндө шам жагам. Чийге марлини ороп күйгүзүп жакшы каалоо-тилектерди айтам, бирок жаныңда шылдың кыла турбаган, сага жакын, сенин абалыңды түшүнгөн адам болушу керек. Эгерде шам күйүп кетсе жакшы болот дегендин белгиси, мен буга ишенем. Себеби үч  жыл мурун шам жаксам эле күйбөйт, кичине чочулап калгам. Анан бир аз өтпөй эле жолдошум каза болуп калды, ошондон бери шам жага элекмин.

Үсөнбаева Уулкелди, 83 жашта

Көз мончокту көкүрөккө тагуу керек

Ырым-жырымдар тээ Манас атадан башталган. Мисалы, бир ырым-жырымды айтайын. Биз жанагы көз мончокту колго тагабыз, бутка тагабыз. А Каныкей апам болсо жипти жети жолу ченем алып, анан жети көз мончокту ага өткөзүп, анан үйлөп дуба менен Манас атанын  көкүрөгүнө такчу экен. Эмне үчүн көкүрөгүнө такчу десем, көрсө оң жагынан да, сол жагынан да, башынан да, артынан да коргойт экен. Ырым-жырымсыз эчтеке жок. Бул нерсе кудай Алла тааламдан келген нерсе. Мисалы, теңдөө, дем салуу ж.б. ошол ырым-жырымдын негизинде эле врачтар чыккан. Ырым-жырымдарды түшүнбөгөн кишилер ыйманы жок кишилер.

Мазарга зыярат кылам. Бирок муну түшүнүш керек. Мазарды Алла таалам берген. Ал мазарга таза барып – Кудайга сыйынуу керек. Таза жерди Алла таалам жакшы көрөт. Таза жерден алла таалама сыйынса бат жетет.

Кайназаров Мамырбек, 80 жашта, Корумду айылы, Ысык-Көл аймагы

11 жашында  дөөтү аталган

11 жашымда устага балкачы болгом. Энем экөөбүз эле болчубуз. Кечинде төшөгүмө  жаткам, эртең  менен таңга жуук ойгонуп кетсем (колу менен тоонун этегин көрсөтүп)тоонун этегиндеги  биринчи Таш-Мойнок деп аталган мазардын түбүндө жаткан экенмин, жалгыз.  Мен ошондон тартып дөөтү болдум.  Атам эмчи-домчу болчу. Ошонун касиети болсо керек.

Ысыраева Каным, 81 жашта, Беш-Тал айылы, Талас аймагы

Кыздарды күйөөгө шааниси менен беришкен

Каатчылык учурунда деле ырым-жырымдарды жасаганбыз. Ал кезде жанагы күйөө бала келгенде жеңелер кызды менен жигитти  тааныштырып, кааласа ошого берип, каалабаса башкага беришчү. Не бир сонун жигиттер, не бир сонун кыздар өттү. Жакшынакай кылып,  сүйлөштүрүп шааниси менен кетишкен кыздар. Анан эми, кудай – бул жашоону туш келтирди, согуш басылды, ал кандуу согуш бүткөндөн кийин жолдошторунан айрылып калган келиндер мындай ыр чыгарышчу:

“Кудай чоңдорду коюп бизди алса,

Сокосун өзү кармаса.

Маласы чычырканактан,

Тикени колду канаткан.

Чымырканып бел байлап

Эптеп эгин айдашкан

Ал аспапты таштаган

Жаңыча иш баштаган

Кодура чыгып жерине

Тишинен ныкыс кемибе”

Leave a Reply