Эшалиев Абдырайым, Кой текей, эчки текей, жылаан текей

This post is also available in: Англисче

Эшалиев Абдырайым, 75 жашта, Талас аймагы

Согуш мезгилинде оорулар болгон, бирок ал кезде азыркыдай оорулардын түрү көп эмес болчу. Дарыкана, эмкана деген жок болчу да. Эмчилер-домчулар сеники “ысык экен – суу ич, сеники суук экен – оокатыңды күчтө” дешчү.

Адамда витамин көп болсо, оорулар аз болуп, ден-соолук чыңдалат. Илгери жаз чыккандан баштап эле текей, ышкын, көбүргөн, сарымсак дегендерди жечүбүз. Азыр болсо текей, ышкын, сарымсак деген эмне экенин билбегендер бар. Анда кой текей, эчки текей, жылаан текей дегендер болоор эле. Азыр текейдин барын малдар эле жеп коёт окшойт, деги бир жерден көрбөйм. Мына ушунун баары витамин да, ошондуктан  оору жокко эсе болчу. Азыр болсо эмне, ышкырып чай ичесиң, жеген тамагыңдын баары химикат. Учурунда билбегениң менен организмге чогулуп отуруп, акыры  оору кылып көтөрүп чаап жатпайбы.

Leave a Reply