Оорулар жана аларды дарылоо ыкмалары

This post is also available in: Англисче, Орусча

Жанадилова Мадай, 83 жашта, Хан-Бүргө айылы, Талас аймагы

Кара мык

Атам «Кара мык» деген жара менен ооруган. Ал жара барсайып, чоң болуп чыгат экен. Аны  күлгө бир нерселерди аралаштырып айыктырыптыр.

Шакар самындын даярдалышы

Алабатаны оруп келип кургатып, өрттөп күлүн казанга суу куюп алып кайнатасың. Ал кайнай берип, казандын жээгине кырмычыктай болуп жармашат. Ошондо аны кырып алып,  майга аралаштырып,  тоголоктоо керек. Анан күнгө жайып койсо, кап катуу таштай болуп калат. Муну «Шакар самын» деп атап койчук.

Алтымышов Мадылбек, 80 жашта, Хан-Бүргө айылы, Талас аймагы

Элдик медицина

Согуш башталаары менен кара тумоо менен оорудук. Тамак-аш жетпегенден ошол оору  каптады. 40 күн суу ичип олтуруп айыкканбыз. Баракан ата деген тамырчы тамырымды кармап көрүп,  айрандан чалап иче берсең болот деди (40 күн суу ичкенден кийин). Андан кийин бир киши менин оруп жүргөнүмдү көрүп, “ай балам оңбой калыпсың” деп бир эчкисин союп берди. Ошол эчкинин этин жебей, сорпосун гана ичтим. Ошентип кичине жакшы болуп калдым.

Котурдун дарысы – эрмен

Согуш учурунда кийим жок, жүндөн түйүп алып кийебиз. Анысы аз келгенсип жайында ысык болот эмеспи, жүн ысык тартып, жуунбагандан кийин акыры котур болдук.

Илгери котурдан дарылануу үчүн  эрмендин гүлү менен чалканды (бышып калган кезде) аралаштырып,  казанга чогуу кайнатып, андан кийин сүзүп алып суусуна жуунчубуз. Бир жумага жакын жуунгандан кийин жапжакшынакай эле болуп кетип калат.

Асанкан Жуманалаиев, 61 жашта, Арал айылы

Чакалайдан арылуу ыкмасы

Оорулар көп болгон:  ичкелте, чечек, бит каптады.

Мектепте окуп жүргөнүбүздө кыздардын, балдардын башы сиркеге толуп тураар эле. Анан алар тамакка кошулуп кетип, ар кандай микробдук оорулар пайда болоор эле. Өзгөчө ашказан оорулар, кургак учук көп болчу. Ичкелте болсо биттин негизинде келип чыкса керек. Чечек деген болот чакалай сыяктуу.

Бакай-Атада мурда Ленинполь деп койчу, Жетикипит деген жерге балдарды алып барып, башына чакалай чыкты деп башын алибастр менен аралаштырып цементтеп салышчу. Кийин  аны алып салгандан кийин кыздардын, балдардын баштарына бир жылдай чач чыкпай калчу. Кийин суюк болуп чач чыгаар эле.

Карандыз деген чөп бар, уу коргошун деп коет мына ушуларды ичкелте оорусуна колдонушкан. Уу коргошун менен алтын тамырды аралаштырып, майдалап, чакалай болгон жерлерге сүртүшөөр эле.

Батийна Загулова, 73 жашта, Акжар айылы

Көз жараны айыктыруу ыкмасы

Эжем шаардан келип, мени жуундуруп, анан каяктан алганын билбейм көк ташты майдалап, көз жарага сээп койчу. Көк таш деген туздун майдалары. Тузду тоодон алып жатышпайбы, ошол туздун майдаларын алып, майдалап, жара болгон жерге сээп койчу. Ал денеме дагы жайылып кетти. Жыңайлак жүргөндөн, ысыкта кесилет, суукта тоңуп калат, үшүк алат, анан ошондон пайда болот. Көз жара деген котурдун бир түрү, бажырайып башы ириңдеп кетет.

Туркменов Темиркан, 74 жашта, Ташарык айылы, Талас аймагы

Кызыл оорусу

Балдарга кызыл чыгып, Ташарыктын башынан аягына чейин 52-53 бала каза болду. Жаш балдар 12-13кө чыгып калгандан ылдый көздөй оорушту. Бул  1946-47-жылдары болду. Мен да оорудум.

Бир базар жалаң суу ичтим, жарма жасап беришет же ал  жүрөккө барбайт.Жалаң суусадым. Анан сыртыма чыгып кетти. Сыртыма чыккандан кийин кичине эс ала баштадым.

Негизи эле илгертен эле балдарга кызыл чыгат, азыр деле чыгат, бирок азыр эмдеп коет. Анда эмдеген эч ким жок болчу. Бир жерден мүрзө казып жатса, бир жерден да казып койгула деп айткан күндөр болду.

Ырымдаса да болбойт, сыртына чыкпай ичине батып кетип, өлө берет.  Оорууга каршы кемпирлер кызыл чүпүрөк байлап, ырымын жасап жатышты, айыккандар айыгып кеттик, айыкпагандар өлүштү. Кызыл чыгып жаткандан кийин кызыл байласа бат чыгып кетет деп, мойнуна, колуна денесине кызыл чүпүрөк байлап жатышты.

Шатманов Шаабай, 91 жашта, Талас аймагы

Жугуштуу оорууларды көк суу менен айыктырса болот

Кургак учук, чума деген оору болгон. Чума Кыргызстанда болгон эмес,  бирок очогу Нарын менен Ысыккөлдө болуптур. Нарында ооруган 2-3 үй-бүлөнү өрттөп салышкан экен, анан жукпай калыптыр. Кээде суук суу, көк суу деп берилчү ошол суук суу дагы кээ бир убакта органы бекем кишилерди аман алып калган, ичтеги микробдорду жок кылат экен. Жалаң эле сууга сүт кошулганды бир айлап, 6 айлап ичип жата бергендер болгон.

Илгери Өрмаралда Ибраим деген табып болгон, ошол адамдарды жалаң көк суу, чөптөр менен даарылаган.

Leave a Reply