Мусуралиева Жаңылкан, Ачкачылык мезгилдеги жаман дарттар

This post is also available in: Англисче, Орусча

Мусуралиева Жаңылкан, 79 жашта, Кара-Ой айылы

Ачкачылыктан эл өлбөйт экен. Эптеп кышында сүт менен, жайында болсо чөптүн тамыры менен жашап кетишкен. Чанда гана шишип өлгөндөр болду.

Куураган оору деген жаман болот экен. Биринчи эле котур каптады. Котур каптаганда үймө-үй эле турбай калды. 3 түрлүү котур басты: майдараак, кийме, барсылдаган чоң-чоң. Майдараак котур – оңой менен айыкпайт. Кийме котур – жалпы эле дененин баары котур болуп калат, оорулуу тура албай жатып калат, денеси эзилип кетет. Бул оорудан бат эле айыгып кетсе болот экен. Доктурдун бир былжыраган дарысын сүйкөп батыраак айыгат экен. Акыркы түрү – жеңил эле, андан да бат эле айыкса болот. Котур комураң калсын,  котурдан эч ким өлгөн жок. Анан «тиф» деген оору каптады. Кыргыздар аны «келте» деп коет. Ошол келте оору элди жаман кырып кетти. Бир айылдын ичинде бир күндө эле үчтөн-төрттөн адам каза болуп жатты.

Ал оору менен ооругандар жети күн эле жатышат эс учун билбей, жети күндөн кийин кете берет. Кээде жети күндөн калгандары тогуз күнгө жетет. Тогуз күндөн калгандары жашап кетет. Бирок  бир жылга чейин ооругандар  келесоо болуп калчу. Менимче, бул оору мээден кармаса керек Бул оорунун пайда болушун  биттен деп чыгарды доктурлар. Бүт эле чачты кырып таштайт, мейли кыздардыкын, мейли эркек  балдардыкын. Анан үйдүн ичиндеги оокаттарды доктурлар бүт эшикке алып чыгып, ыштап таштачу, тегерек четке дагы даары сээп кетишчү. Негизинен Сталин чечендерди айдап ийбедиби, ошолор Кыргызстанга келээри менен ушул оору пайда болду. Качып келген чечендердин деле көбү кырылып калды.

Leave a Reply