Кулов Абды, Чөп дарыгер

This post is also available in: Англисче, Орусча

Кулов Абды, 67 жашта, Талас аймагы

Каатчылыкта  оору-сыркоолордон табыпчылар айыктырчу (суу берип, чөп-чардан дары жасап айыктырчу). Атам чөп-чарды кыйын билчү. Өзү мергенчи киши болчу. Тоого барганда эле даары чөптөрдү чогултуп келчү: сарыгайсар, кой көкөмерен, уй көкөмерен деп, машыры аюу чачкан деп эле сарайга илип койчу. Жөтөлүп калганда, сарыгайсар деген чөбүн “ме чайна” дечү. Анысы апийимден ачуу  болчу. Ошону чайнап туруп, жутуп койсоң эле, эртең менен жөтөл эмес эч нерсе жок калчу. Чыны карагат деген болот. Тоодо койдун мөөнү деп койчу. Кызамык чыккан балдарга эзип туруп, берип койсо эле айыгып калчу.

Тоодон бир турист кыздын буту сынып калып, атам шак-шак коюп таңып койгон экен. Ал кыз Ленинграддан экен, кийин турмушка чыкканы жатканда атамды тойго чакырган. Энеси кат жазып, профессорго көрсөтүп, рентгенге салса, “өтө бир опуттуу  гипистептир” деп айтыптыр. Ошентсе тиги кыз, тоодо бир киши эле таңып берген десе, ишенбей коюптур. Атам аябай табып киши болчу. Өзүн-өзү даарылап, шилекей чыгарбай оозуна  дайыма таш салып жүрчү. Мен өзүм билип калгандардан мына мобу жерге (томуктан өйдө,тизеден ылдый жерде, бармак басым так бар экен) бирдеме чыкты. Атама көрсөтсөм, “оо кудай алгыр, бул жаман оору да”, деп  кичинекей тери сумкасынан  купкуу болгон бирдеме алып чыгып, чынынын түбүнө салып туруп, ширенкенин башы менен сыйпап койду. Тим эле жаным чыгып, ысып кетти. Атам “чыда” деп койду. “Бул сөөк оору, мен албарс тийгизип койдум”  деди. Ал эмне даары экенин билбейм. Дагы бир кеперез деген чөп менен  тамак ооруганда, мурдунан бузулган кишилерди ыштайт деп айтчу. Эми ушул такты карабайсынбы, башка даары болсо эмдигиче жоголбойт беле, азыркыга чейин жүрөт.

Ич өткөктү сымап берип, кайра түшсө жакшы болуп кетчү, занынан издетчү.

Leave a Reply