Эсенбаева Нурипа, «Ата даңкы менен кыз өтөт, мата даңкы менен бөз өтөт»

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул интервью 2008-жылы Айгине тарабынан каатчылык боюнча жүргүзүлгөн изилдөө убагында алынган. Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Эсенбаева Нурипа, 57 жашта, Талас аймагыМенин эжем айтаар эле, 1941-жылы элде кийгенге кийим, ичээрге тамак жок, керээлден кечке талаада, эгинди  орок менен орушкан. “Эгин деген тартыш, ошондо арык, аңыздын ичине түшкөн буудайларды терип, бир же эки ууч кылып келебиз”, – деген эжем.  Бир эчки болсо ошол бир айылга жетчү экен. “Ошол эчкинин сүтүн, бир чоң казанга куюп, ага дагы суу кошуп ошону кымыран кылып, ага терип келген бир ууч машакты салып, аябай кайнатып, ширесин чыгарып, он үй болсо он үй бала-чакабыз менен ынтымакташып иччүбүз. Ошондо элде ынтымак бар экен”, – дейт эжем.  Атам болсо согушка жарабай айылда калган экен. Ал киши кийик атып келип, анын этин бир айылга таратып, андан соң мамлекет  салган салыкка тапшырчу экен. Андан сырткары,  атабыз кийиктин этин дагы согушка жөнөтчү экен. Эжем айтат киерге кийимибиз жок, атабыз атып келген кийиктин терисин айранга ашатып, аны жумшартып, ошону күндүн ысыгында кийчүбүз деп.  “Күндүн ысыгы этибизди күйгүзүп, ыйлап чечкеним эсимде. Кайра кечки салкында кийип алчумун. Кийик эчкинин терисин куур тон деп коет экен, ошондой куур тон кийип чоңойгонбуз, ысыкта ал тери этибизди өйкөчү”, – деп эскерет эжем.

Менин атам кийикчи адам экен, өзү жумгалдык, 98ге чыгып каза болду. Эртең менен чыкса кечке чейин 5-6 кийик атып келчү экен. Анын оловосуна сүт куюп, аны менен да айылды бакчу экен. Атам бир күндө 7-8 кийикти атып, аны талаага бекитип койчу экен, анткени анда унаа жок да, аткан кийиктерин карга кузгун жеп кетпесин деп, зооканын түбүнөн таштарды омкоруп, ошол жерге этти бекитип, сыртын таш менен корумдап, көтөргөнүн көтөрүп, көтөрө албаганын, ошол жерге бекитип эртеси алып кетчү экен. Ал убакта эмне жуунайын десе да самын жок. Ал учурда самынды шакор деген чөптөн самын жасачу экен. Бирок мен аларды көргөн жокмун. Анда казанды малдын майы менен майлап, шакор чөптү орок менен чогултуп, кургатпай эле майланган казанга салып жасачу экен. Кантип жасагандарына кызыкпаптырмын. Анда сөкталкан да жасап жешкен, сөкталкан деген тарууну айдап, аны кол менен оруп, атка тоголок ташты сүйрөтүп, ошо менен талкалап, анан кырманга бастырып сапырат. Анан таруу майда болуп түшөт, аны казанга көптүрөт. Бир күнгө коюп коет, көпсүн үчүн. Эртеси суусун сарыктырыш үчүн торго же сеткага салат.  Суусун сарыктырып алгандан кийин, бир аз тоборсуп калат. Ошондо казанга буудай кууругандай кылып кууруп, сокку деп коет төгөрөк жыгачтан жасалган челек үстүндө сокмосу болот. Ошол сок билек менен соккулаганда таруунун сырткы кабыгы кетип, аппак болуп калат. Магазинде актаган таруу бар го, ошондой болуп калат. Анан аны сапырып, жаргылчакка тартканда майда талкандай болуп калат. Аны сары майга көөлөп жешкен, муну сөк талкан деп коет. Аны бир күн коюп койсоң эртеси катып калат. Тим эле бычак же кашык менен оюп жейт. Ал эми тарууну жаргылчакка тартпай туруп, соккулап, сапырганда аппак болуп калбадыбы, ал куурулган да, ошону баштыкка салып коюп четинен, мисалы үчүн 3 литр сүт куюп, ага 1 литр суу кошуп 4 литр болуп калбадыбы ага бир пияла таруу кошуп, бир сааттай кайнатсаң ал көөп сонун болуп калат. Аны саксай деп коет. Муну көбүнчө дыйкандар, колунда барлар жасап жешкен, албетте, таруу айдабагандар жасашкан эмес. Таруудан ошондой эле бозо кылышкан, азыр жүгөрүдөн бозо жасашат, ал ич көптүрөт, а таруу болсо ичти көптүрбөйт, ал кан болот, организмге да жакшы.Буларды согуштан мурун деле жасашкан. Согуштан кийин 1951-жылга чейин эл аябай кыйналыптыр, арпанын унунан нан кылып жешкен экен. Каатчылык учурунда  чечек деген оору болгон экен, айыкканда беттери чүкүр-чүкүр болуп калат. Ошондо чандасы эле айыкпаса, көпчүлүгү өлүп калган.  Менин апам айтаар эле “мына ушул чечектен 7 бир тууган элек ошонун үчөө өлүп калды” деп. Ичим десе эле коломтодогу ысык күлдү басышчу экен. Ал ысык күл кайра адамдын ичегисин ысытып, эзип жарып жиберет экен .Алыскы жолго чыкканда этти ыштап, кургатып, кургатканда абдан катуу болуп калат. Аны жаргылчакка тартып, азыр бизде роллтон деп коет го, ошондой кылып ундай болуп калат экен да, аны баштыкка салып, ошону жолдон курсак ачканда же ачарчылык учурунда пайдаланышчу экен. Эл ачка учурунда тартылган этти бир казанга суу куюп, бир ууч этти салып койсо, эттин даамы чыгып,  ошону ичип алышчу экен. Ошону күлазык деп коет. Алыскы жолго чыкканда такай ошондой кылып беришчү экен. Алар өздөрүнүн ак мээнети менен каатчылыктан чыккан деп ойлойм. Эмгектенип, кийик менен элди баккан, анан дыйканчылык кылган, өздөрүнүн аракети менен каатчылыктан эл чыккан. Ошондо эжем айтаар эле кол менен оргондору аз келгенсип, оргон кишилерге чөйчөк менен ченеп берилген. Кырманга алып барганы менен ченеп, үй-бүлөсүнө жараша берилчү экен. Анда пуд деп койчу, бир пуд 16 кг. Бир пуд баланча үй-бүлөгө деп берип койгон. Ал эмне бала-чакага жетпейт, анан айла жок машак теришкен. Ал кезде адамдар Ошко барышып, азыр пол жууй турган ак материал бар го, ошону бөз деп аташкан экен. Ошондон ылакап калган экен «Ата даңкы менен кыз өтөт, мата даңкы менен бөз өтөт» деген.

Leave a Reply