Чойбекова Турду, Каатчылык бул – жокчулук

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул интервью 2008-жылы Айгине тарабынан каатчылык боюнча жүргүзүлгөн изилдөө убагында алынган. Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Чойбекова Турду, 86 жашта, Талас аймагы

Каатчылык деп жокчулукту айтабыз. Атам, акем аскерге кеткен. Мен ошондо 21-22 жаштарда элем. 1941-жылдагы согуш учурунда биз  көрбөгөндү көрдүк. Мурда жерди  ат, өгүз менен айдачу. Элдин баары аскерге кетип, ал айдалбай калды. Айылда өңчөй картаңдар, жаштар калды. Анан биз эмне кылабыз, бир туугандарыбыз ачка болгончо деп какым-кукум алып келебиз, анткени ал оокат болот экен. Ал бедеге чыгат, ошонун үстүн алып таштап, ылдый жагын жечүбүз. Аны кучак-кучак кылып, тазалап, анан айранга туурап берсек, үкөлөрүбүз, сиңдилерибиз тим эле жыргап калышат. Анан арпа жакшы болот экен,  арпаны жесек күрүч жегендей болуп калабыз.  Ириде арпаны кууруйбуз, андан соң соккуга жанчабыз, жанчыгандан кийин жаргылчакка тартып, андан соң  кээде эт бар болуп калса, анын шорпосуна салабыз, ошондо күрүч жегендей болуп жыргап калчубуз.  Кийин  жүгөрү, буудай айдадык, жүгөрү нан жедик. Кышында болсо, айдоодо калган машактарды терип, жүгөрүлөрдү терип, аны жаргылчакка тартып, нан кылчубуз.

Согуш учурунда  карачай, чечендер Германияга болушуп, немис солдаттарына кошулуп кеткен. Аны  Сталин угуп,  боорукерлик кылып карачай, чечендерди өлтүрбөй, бир түндө Таласка көчүрүп салбадыбы. Айланайын, алар келгенде бай болуп кутуруп келди, күмүш, алтындары менен. 1-2 жылдан кийин тамактары түгөнүп, бир кесе айранга алтындарын сатышты, бизге жалдырап келишти. Анан алар биринчи келгенде абдан корктук, уйларыбызды жеп коет экен деп, бир тамга уйубузду да байлап, өзүбүз да жаттык. Анда мындай жыргал там жок, сарайдын ичинде жатчубуз. Уйлар куйругун көтөрүп, сийейин дегенде биз дагара менен тосуп алчубуз, анткени тосуп албасак уйдун сийдигинде жатып калабыз да. Анда чырак да жок, чыракты билик кылчубуз, ширеңке жок,  анын ордуна чакмак таш колдончубуз. Бир ташка бир ташты сүрүп от чыгарчубуз, акылдуу кишилер эртең менен карашчу кимдин түндүгүнөн түтүн чыкса, ии от жаккан экен деп, тезек алып барып тутандырчу. Биликти пахтаны эшип, жыгач идишке койдун майын куюп, ортосуна эшилген пахтаны салып, бүлбүлдөтүп күйгүзчүбүз. Оокат жасап ичкенге жетчү, анан апабыз өчүрөт да, кайра эртеси жасачу. Апамдар Кетментөбөгө барып пахта, мата алып келишчү. Кепич, маасы да ошол жакта бар экен, чоң аталарыбыз эчки, кой айдашып кетишчү. Кайта 10-20  күндөн байкуштар келишчү. Апаларыбыз жаргылчакка ун тартып, нан жасап берчү, өздөрү жебей балдарга берет, а биздин акылыбыз жок да “ии чоң жебейт тура, балдарга берет тура” дейбиз. Көрсө, апаларыбыз бизди ойлоп өздөрү жебей, бизге берчү тура. Анда самын жок болчу, тоодон атайын чөп алып келип шакар самын жасашчу. Кийим киебиз деген ойдо жок болчу. Согуш басылды, анан аскердеги акелерибиз кийим алып келди, ошондон баштап кийим кийип баштадык. Ага чейин жанагы Кетментөбөдөн алып келген маталардан колго тигип берчү, ошону кийип жүрө берчүбүз. Андан кийин койдун терисин ашатып тон кылат, бала-чакага шым, чырмый, жада калса, баштарына кие турган жапырма тебетей кылып берчү.

Каатчылык эмнеден чыкты? Жаңы өкмөт байлар менен молдолордун баарысын курутту. Анда трактор, машине деген  жок. Жалаң эле өгүз менен кош айдашчу. Согуш өгүздөргө чөп ташыйбыз. Эми ошо өгүздөрдүн мурдун байлаганга же зым жок, же жип жок. Анан Кайыңды деген жер бар, ошол жакта самбитал деген тал болот, сынбайт. Ошону өгүздүн мурдуна салып алып жетелеп, аркасына молокиш деген болот ошонун үстүнө чөп салып алып ташычубуз. Ошентип жиптин ордуна самбиталдын бутагын колдончубуз. Өгүзгө самбиталды байлап алып, жүгөрү артып, Көкойго жөнөчүбүз, ал жакта тегирмен бар эле. Токойдун жээгинде суу менен болгон тегирмен эле. Ошол жакка айылдан жөө чыгып барганбыз. Барып жүгөрүнү ун кылып тарттырып, ал жерде жатып калабыз, кайра эртеси күнү айылга чыгабыз. Анан кийин казанга от жагып, ичине суу куюп, ал кайнаганда кумганга куюп алып  чай кылып иччүбүз. Анда чай деген жок, нандын күйүгүн кумганга салып коебуз, ал суу кызыл болуп калат, аны чай кылып иче берчүбүз.

Азыркыны болуп жаткан учурду түк каатчылык деп эсептебейм. Жамбылга бар, Таласка бар, Бишкекке бар оокат деген жайнап турат. Анда биз бир алакандай буудай, нан тапчу эмеспиз, кант, чай оокатка зар болчубуз. Эми эмне баары кымбат болсо боло берсин, эл иштесин, мээнет кылсын. Жер менен деле оокат кылса болот. Илгеркилер ынтымактуу болушчу,мисалы, бирөө бир жакка айылдап барса, бирөөнүн кийимин сурап кийер эле. Кайта келгенде чечип беребиз. Мал бакканда да биринин малын бири карачу.

Leave a Reply