Кожогелдиев Шайымбет, Жанга баткан жокчулук

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул интервью 2008-жылы Айгине тарабынан каатчылык боюнча жүргүзүлгөн изилдөө убагында алынган. Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Кожогелдиев Шайымбет, 80 жашта, Талас аймагы

Биздин балалыктын баары эле кыйынчылык менен өттү.  Мен өзүм 1928-жылкымын. 33-жылга чейинкисин билбейм, 1933-жылдан баштап Кыргызстанда, Казакстанда да аябагандай ачарчылык болду. Казактардын баары тентип келди. Ошондо ушул жердеги кыргыздардын колуңда жок болсо да, ошол казактарды тууган деп багып чыктык. 1933-жылдан 36-жылга чейинки ачарчылыкты көрдүм. Анан 36-жылы сталиндик конституция чыкты. Азыркыдай 200-300 киши жок. Жалгыз эле Сталин отуруп алып, закондорду чыгарган. Ошол закон менен Советтер Союзу кулаганга чейин жүрдүк. Андан кийин 38-жылы шайлоо болду. Ал шайлоо бүткөндөн кийин эле 39-жылы орустар менен финндердин согушу болду. Менин атам менен агасынын жалгыз баласы фин согушуна кетип, ошол бойдон жоголду. Андан кийин кичине оңолуп калганда эле 41-жылы 21-июнда согуш башталды. Мен ошондо 12де болчумун. Дегеле  12ден 20га чыккычакты эч бир жакшылык көргөнүм жок: жокчулук, жыртык, кийим жок, ачарчылык, кымбат.

Жаздын күнү соко чыкканда, эркек балдардын баарын сокого алып кетет. Сокону айдайбыз. Жыңайлак, бутта эчтеке жок. Азыркыдай беде эмес, кара беде тамыры бутуңа кирсе тим эле шумдук оорутат. Эртең мененки кыроодо муздаган таманыңдын муздагы төбөгө жетет. Сокону бүткөндөн кийин сугатка салат. Кечинде келгенден кийин энелерибиз уйдун сүтүнүн калың каймагын калпып, сүйкөгөндө көзүңөн отун чагылат жөн эле. Үйгө келсең, үйдө тамак жок. Колхоздо ун деген жок. Акталган таруу бар. Ошол бир чака акталган тарууну бир жумага тээ райондон барып алып келет. Аны эки бригадага бөлүп берет. Ошол бир чака таруу менен күнү-түнү соко айдайбыз. Бир казанга бир чыны таруу салып,  кайнатып берет. Анда-санда эле таруу болбосо, жалаң эле карандай суу, тузу жок. Бир чыны талкан базарда 300 сом. Ошону дагы жетишкен киши алып келет. Жетишпегени жүрөт. Көпчүлүк кишини ак шишик басат. Карыган абышка-кемпирлер, эчтеке кыла албагандар кечке сарайдын түбүндө отурат. Ичейин десе эчтекеси жок. Талаадан терме теребиз. Абышкалар олтуруп алып,  куурайдын түбүнө күн тийгенде кары эрте кеткен жерди көрсөтүп, ит чатак деп аташып, ошол жакка барып келгиле дешет.  Барып келгенде биз жыңайлак кантип барабыз. Анан өздөрү эптеп бээсин минип алып барып келишет, “ошол жер ачылыптыр, бир деме издесеңер табасыңар” дейт. Биз мурунку жылкы оруп кеткен эгиндин ордунан бир баш теребиз, 1-2 буудай табасың, таппасаң жок. Ошентип кечке чейин бир бадоот буудай тапсаң жарымын колхоз алып алат. Бербей турганга  айлаң жок. Үрөнгө деп алат. Жарымын болсо энелерибиз биз келатканда от жагып казанды ысытып салат. А биз келээрибиз менен буудайды экиге бөлөт, жарымын жаргылчакка тартып, кайнап турган сууга салып, келээрибиз менен ошону кайнатып берет.

Ошол жанагы карарган ит чатак деген жерге жетиш үчүн бутубузга эчтеке жок 7-8 бала биригип алып барабыз. Карды кечип жылаңайлак баргыча, бутубуз тоңуп калат карда. Анан бири-бирибиздин бутубузга сийип отуруп  ошол жерге жетебиз. Ошентип эптеп терип келген терменин жарымын колхозго беребиз. Колхоз аны себет. Анан кайдан жүрүп түшүм болот. Түшүм болбойт да. Кээ бири чирип калган,  кээ бири үшүп калган, кээ биринин жарымы жок. Анда бизде  бир эле кийимди жаз да, кыш да, күз да кийчүбүз. Ичкениң деле чалап, жегениң деле чалап. Анан дагы 15ке чыккандан кийин комсомолго алчу. Комсомол келатат дегенде азыр эч ким барбайт. Ал убакта мектепте комсомол комитети чакырып атат десе, 80 жашка чыккан абышка кемпирлерден өйдө жүгүрүп барчу. Эмнеге десе эң биринчи күчтү комсомолго берчү. Комсомолдон такшалып бүткөндөн кийин партияга алчу.

Leave a Reply