Жумадылова Айтбосун, Бир чыны талканга зар болгон мезгил

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул интервью 2008-жылы Айгине тарабынан каатчылык боюнча жүргүзүлгөн изилдөө убагында алынган. Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Жумадылова Айтбосун, 74 жашта, Талас аймагы

Бул эми 1916-жылдагы ак падыша кыргыздарды, элди, биздин элди алганга келгенде, эл үркүп  Кытайга барганбыз. Кытайдан 1917-жыл кайра келдик. Мына ошол үркүндө  кыздарын бир чыны талканга сатып келгендер болду. Малы кырылып талаада калып, карышкыр жеп, ал эмес ошол үркүндүн убагында мына бул биздин Кайырмарыктын башында Көлтөр деп коет дөбө-дөбө болуп сөөктөрү калыптыр. Ошол убактарда ошондой каатчылык болгон экен. Согуш учурунда болсо, ачарчылык болуп, жалаң согушка деп, тылда калган 10 жаштагы балдар өгүз минип соко айдаган. Жалаң эле карыган, төкөр абышкалар калган. Деле соо киши калган эмес. Ошол убактарда чирик картөшкө жегенбиз. Орустар, сарттар көчүп келген. 50 сотых жерибиз бар болчу. Ошону биз сен, мен дебей иштетчүбүз. Буудай жок, машак терчүбүз. Айдап кеткен талааны өрттөп, анан ошол жерден машак, буудайдын башын терип жарма жасачу. Мына ачарчылык деген. Ошол убактардагы азап-тозок үркүндөн да жаман болгонбуз, бир чыны талканга зар болуп. Ширенке жок. Отун жок ал убактарда, көмүр жок. Эптеп-септеп согуштан кийин оңолдук. Ал убактарда зарплата деп берчү эмес элге, заим берчү. Заим деген кагаз. Ошону менен анан жашачубуз.

Leave a Reply