Бейшембиев Метей, Кыргыз эли чыдаган каатчылык

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул интервью 2008-жылы Айгине тарабынан каатчылык боюнча жүргүзүлгөн изилдөө убагында алынган. Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Бейшембиев Метей, 79 жашта, Талас аймагы

Каатчылык деген жокчулук,  жокчулуктан каатчылык болот. Каатчылыкта эчтеме таппай, чүкүрү, кой текей деген болгон, топчудай болгон жер жаңгак болгон, ушуларды жегенбиз. Тоодон кой текейди терип алып, жеген күндөр болгон, ошондо да эл чыдап ынтымактын негизинде күн өткөзүп келген. 1941-жылы согуштун убагында иштеп орок оруп жүрдүк, үй-бетин көрбөй талаада жатып жүрдүк.  Каатчылык учурда  аялдар болсо ыйлап, орогун оруп, тамекисин тизип, үйүндө тирилигин да кылып жүрдү, мына ушунун баарына чыдашкан. Эркектер болсо араба айдап, кырманга түшүрүп, таш бастырат. Кырманда төрт киши сапырыкта турса, төрт киши жорукта турат, эшек менен артып барып планга төгөт, анда араба жок. Өйдө жактан төрт киши төгөт, ылдый жактан төрт киши жоруктап шыпырып турат. Кийгенге кийим жок, илгери бирөөнүн шымын бирөө кийип айылдарга барып жүргөн убактар болгон. Мына кийимден эчтеме жок болду, биз таар шымдарды кийип жүргөндө самын да жок болуп калган. Ошондо шоро деген чөптү кайнатып туруп, тоголоктоп самын кылчубуз. Чөптү оруп келип, казанга суу куюп, шорону салып кайнатабыз, анан чүпүрөккө тоголоктоп салып коебуз. Ошону менен кир жууса кадимкидей эле самындай болгон.

Шоро кайсы жерде болсо дагы өсөт, азыр деле бар. Эчтеке кошпойт, сууга кайнатып эле жасайт, ал чоюлуп коюуланат. Коюуланганда чүпүрөккө салып коет. Андан кийин сафлер деген болгон, азыр май кылып жатпайбы, илгери ошону айдаганда кызыл, жашыл гүл ачып, анан түйүлөт. Сарысын чогултуп келсе сары, кызылын чогултуп келсе кызыл боек болуп калат. Кайнаган сууга ошонун гүлдөрүн салып, анан көйнөктөрдү салып койсо кызыл, сары болуп калган, ошондой күндөр болгон. А кезде мата жок бөз деп койчу ак жука болот, ошондой бөздөрдү кийчүбүз. Боектун жоктугунан ушуну кылган. Мына ушундай замандар өттү, ушундай заманга кыргыз эли чыдаган. Ошондо согуш жылдарында өкмөт налог салган:  60 кг эт, 60 тукум, зайым, бойдок налог, буудайдан салчу эмес, анткени буудайды чогуу айдачубуз да, а биз жалаң жүгөрү айдап койчубуз, ошондо план толбой калды деп жүгөрүбүздөн да чогултуп налогго деп алып кетчү.

Колунда  жоктор 10 киши болсо уйу бар бирөөнүн уйун карызга алып, базарга сатып, акчасын налогго төгүшкөн. Уйдун акчасын кийин берип кутулушкан. Ошондо эгерде бир үй жарма кылып калса, тегерек четин чакырып чогулуп ичип кетишкен, азыр эч ким кел дебейт. Илгери биз окуп жүргөндө кызыл гүл деген болоор эле, кызыл гүлдү чогултуп келип эзип, суюктугуна ручкабызды малып жазган учурубуз болгон. Кызыл гүлдү чогултуп келип пиялага салып эзгенде, кыпкызыл болуп калат. А кезде эки ача деген ручка болот, сап болот, аны сайып коюп жазчубуз, азыр жок, сыя жок болгондуктан ошону малып алып чийип жазчубуз. Мен өзүм 5 эле класс окуп калдым. Илгери саат жок, таранчы чырылдаганда таранчы саат болчу. Таранчы чырылдаганда күн батты, ооз ачар болду дейт. Анткени Алланын амири менен таранчы күн батканын билет. Күн батканда чырр-чырр этип уясына кирет, анан “ии күн батты ооз ачар болду” дешчү. Күн чактүш болгондо түз турганда көлөкө 3 таманга жетсе чак түш, туура бир болгонун билчүбүз. Анан түнкүсүн саардык ичээрде корооз 2 жолу кыйкырат, азыр болсо күн батса, күн чыкса деле кыйкыра берет.  Ал убакта корооз 2 кыйкырганда саардык ичилчү, үчүнчү кыйкырганда таң атат. Ал убакта короз бейчеки кыйкырса, башын кесип сал деп койчу.

Ошол кезде  тамак таза экен,  кошмо жок, тазалыгынан эл абдан күчтүү болгон экен. Ачма иччик, аны жүгөрүдөн жасайт. Жүгөрүнү талкандай кылып майда тартат, элейт, анан сууну кайнатат, туз салбай. Ошол кайнаган сууга эленген жүгөрүнү салат, анда чоң идиш болоор эле, кабак деп койчубуз, ошол кабакка салып ачытат, ачыганда кудум кымыздай болуп калат. Ал эми көлдүктөр туз кошуп жасашат экен.  Анан эжигей деген болгон, малдын сүтүн кайнатып, козунун жумуруна салып койсо, ал бир сапсары болуп бышат. Ошол кезде табак жок, бир чоң табакка 10 киши бир кашык менен ичип кетчү. Ошон до эмне микроб жукпайт, бир-бирден уурттап, кашык чимирилип айланып жүрчү. Биз ошентип чоңойдук. 1941-жылы суу сугарып жүрдүм, тук дегенди байлайт, ошол жерге мени казык кылышчу. Ошол согуштун учурунда талдарды деле казык кылышпайбы. Жок, анын ордуна мени казык кылат, ошондо чалгы менен чөптү чаап келип чөптү боолап, белиме коет. Чапкан арыктын ичиндемин. Ошондо мен эки жагыма чөптү кармап казык болуп турам, четиме топурактан таштап тигил жактан сууну кое берет, суу көлдөп, толкуп чыгат, ошондо суу мени алып кетчү 10 метрге чейин, кайта мени алып келип казык кылат. Ошентип эптеп сууну байлайт. Илгери бир кымындай жер ала калчу эмес, баары тегиз сугарылчу. Азыркылар болсо сууну кое берет да, болду чыкты деп кете берет. Ошондо загара нан деп жүгөрүдөн нан кылышчу. Андамен жашыраак кезим экен, суу сугарган адамдар менен кара табакка агып келе жаткан сууну сузуп алып, ошону менен талаада загара нан жечүбүз.

Айылда согуш учурунда барлар, байлар деле болгон. Бирок алар 1 пуд жүгөрүнү 1,5 пудка күзгүгө таркаткан. 1 пуд жүгөрү берет күзүндө 1,5 пуд жүгөрү бересиң дейт. Алгы каздык, алгыны да кызгангандар болду, байлар калың жерлерин казып алчу. Анда бир челек алгыдан бир пияла эле түшчү, алгы дегенди ташка сүрө берет, сүрө берет, жанагы аталадай сүрүп туруп сууга сүзүп алгандан кийин, суу куюп төгө берет, суу куюп төгө берет, ачуусу кетиш керек, анткени ачуу болот. Анан ошонун түбүндө коюу болуп аталадай болуп калат. Ошону жарма кылат, бир казан жарма болсо ошого да сүт, же айран катыктабаса адамды шишитип жиберет. Алгыны жарма кылат, ага катык кылбаса ал адамды шишитип жиберет.

Алгы пияздай, түбү төгөрөк болот, анан жулуп алат, же болбосо казып алат. Картошкөдөй болот, ошону алып келип, ташка сүрөт, ташка сүргөндө ал эзилет. Шалдыркан деген чөп болот, аны жеген күндөр болду, ал адамды шишитип жиберет экен, Мындан сырткары  жапайы нокот деген болот, аны да терип жеген күндөр болду. Нокотту терип, кууруп жечүбүз. Шалдырканды болсо кайнатып жечүбүз. Каатчылык учурунда ушулар да кичине жардам берди.

Ал убакта андыз деп койчу, тамекидей болуп чыгат, оону чогултуп келчүбүз. Анда бир комнат там да, ошол тамдын четине чогултуп койчубуз, бир жагына уй байлачубуз, уурдап кетет деп. Ушундай замандар өттү. А кезде сандал деп коет, тулганы коюп, үстүн жаап, чокко бутун салып коюп жаткан күндөр болду, жылынып. Анан оруска кошулганда печканы үйрөттү, там салганды үйрөттү. Каатчылык учурунда Тешик таш деген мазар болгон. Ошого мал ооруп калса же койлор туут учурунда ошол жерге койлорду өткөзүп, шам жагып, сыйынышса ошолор басылып калчу. Чоң таш эле, алды үңкүр сымал, эми ал жок, кечээ таш бузгандар бузуп салышыптыр.

Leave a Reply