Абдыкерим уулу Кыдырмыш

This post is also available in: Англисче, Орусча

Абдыкерим уулу Кыдырмыш, 74 жашта, Жети-Өгүз району, Ак-Кочкор айылы.
22.02.2010

Илгерки заманыбызда биз согуштун каардуу учурунда туш келдик. Ал убакта чөп-чар жечүбүз. Каакым, коко, чымылдык деген болчу. Тоодон ышкын, согон терип жечүбүз. Ошол мезгилде качма топ, урма топ, ак чөлмөк, чигит дегенди ойночубуз.
Чигит дегенде, тегерек уя казып коет да, бир кыска, бир узун жыгачты коюп, узуну менен кыскасын ошол уяга түшүрүш керек. Эгер түшүрө албаса, ал жеңилет.
Мурда кыргыздар дыйканчылыкта дан өсүмдүктөрүн өстүрүшкөн. Мына мен 6 жашымда моло ташка миндим. Моло таш менен кырман бастырчу. Анан мобу орокчулар оруп келген эгинди кемин деп коет. Жокчулук заманда жашаганбыз, биринчи карды жылаңайлак тосчубуз. Бир жолу суук тийип, бутум шишип, төшөккө жатып калдым. Кыйын чоң эне бар эле, анан ал мени көрүп, энеме кургатылган жылаан бар, ошону сорпо кылып кайнатып бер деди. Энем тоок союп эле, ага кошуп жыланды бышырып, сорпосун ичирди. Жыты аябай жаман болот экен, араң ичтим. Таң атканча тердеп, жакшы уктадым. Мурда уйку бетин көрбөй аткам. Эртеси анан өзүм сурап ичтим.
Демек, жыландын шишикке, суук тийгенге дарылык касиети бар экен да. Кургатып, сорпо кылып ичсе, шишиктин баарын таратат, муун ооруларына жакшы.
Илгерки кишилер кыйын эле. Алар эмдеп-домдоп эле ооруларды айыктырышчу. Бизде Жумадыл деген киши бар болчу. Айыкпаган оорунун дарысын жасачу. Тиш ооруганда дем салып койсо эле тып басылчу. Мен да барганмын кичине кезимде. Ал салган демди, дубаны убагында этибар албаптырмын.
Мен гипертония деген менен көп оорудум. Анан 1981-жылы ооруканада жатып жакшы боло албай жүргө маалда, кудай жалгап ошол жерден бир кыздан Түптүн өзүндө бир табып кемпир бар деп угуп, ошого бардым. Ал ушул сыяктуу ооруларды айыктырат экен. Барсам мобу кежигедеги бир кан тамырдан 700 гр. кан алды. 15 күндөн кийин кел деди. 15 күндөн кийин барсам, дагы кан алды. Ошо менен кан басымым көтөрүлбөй, сен көр-мен көр оорубай калдым. Үйгө келип бир айдан оорудум, канды көбүрөөк алып койгонго го, анан эле жоголду.
Дары чөптөрдөн козу кулак дегенди эле билем. Ички органдарга жакшы. Ошо кызым.
Түшкө келсек, түштү жакшылыкка жоруп коюш керек. Кээ бир түш чындыкка айланып кетет. Менин коркконум, бирөө мага туура эмес сөз айтса, ошол оңкосунан сайылат. Ошонусунан корком. Ошентип төрт-бешөөнүн убалына калдым. Каргыш деле айтпайм. Өзүнө жараша сүйлөп коем да. Эмне деп жаман айтсам, дал ошондой болот. Киши-кара келгенде арактан атайы ичип коем ушундайы жоголсун деп, жок болбойт экен.
Анткени мындай нерсе тукумубузда болгон болуу керек, чоң атам молдо киши эле да, ошондон калса керек.
Биздин айылдын Ак-Кочкор деп аталышы ушундан, тээтиги төш жактан шалбааны көздөй канал казылган экен. Суу чыкпай коет. Анан бир ак кочкорду союп, куран окуп, ырымын кылгандан кийин суу чыгып, шаркырап аккан дешет. Ошондон Ак-Кочкор аталып калыптыр.
Ал эми Жети-Өгүз дегени, мурда азыркы токой жыш болгон экен. Ошондо 7 торпок жоголуп кетет, калың чер токойдон табылбайт. Кийин килейген өгүз болгондо табышат, анан ошондон Жети-Өгүз аталып калыптыр.
Мына бул кошуна айыл Желе-Дөбө мурда калмактардын дөбөсү экен. Ошол дөбөгө желе байлап, бээ саачу экен. Ошондон Желе-Дөбө аталып калган имиш.

Leave a Reply