Шарипа: Бизде адамдар көп деле оорушпайт

This post is also available in: Англисче

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Шарипа, 68 жашта, Разан-Сай айылы, Жалал-Абад аймагы

Өзүм Аксыдан болом. Таш-Көмүргө турмушка чыккам, анан малга жайлуу деп, ушул жерге көчүп келип алдык. Мусулман болгондон кийин карыганда мал-кел кармабаса болбойт экен. Таш-Көмүрдө мал кармаш кыйын. Шаардын ичинде малга ыңгайсыз да. Ошентип ушул жерде туруп калдык. Бул жер шаардан алыс. Бул жерде эл деле аз жашайт, анан адамдар көп деле оорушпайт, башым, ичим деп калышат, андай ооруларды догдурга барбай эле ушул жерден чөп-чар ичип, жылуу-жумшак тамак ичип эле дарылап алышат. Анан такыр эле катуу ооруп, чыдатпай баратса, Таш-Көмүргө барышат, ал жерде баарынын бала-чакалары, тууган-туушкандары бар. Машине деген нерсе бул жерден көп жүрөт, Ош-Бишкек жолунда дегеле машине көп.

Биз илгерки адамдарбыз да, илгертеден эле чөп-чарды колдонуп, ошого көнүп калганбыз, азыркы жаштар кичине бир жери тыз дей түшсө эле догдурду көздөй чуркашат. Эми ошол ооруну догдурга барбай деле айыктырып алса болот да. Догдурга «башым» деп барсаң, толтура дарыны жазып, колуңа карматып коет, анын баарын ичкен ашказан эмне болот? Андан көрө көк чайдан демдеп, же ысык-жылык (ысык тамак) ичип алып, бир аз жатып тердей койсоң башың басылат да калат. Сууктан баш ооруганда, эгер шакый болсо, жойдуруп же укалатып жиберсе жакшы болуп калат. Илгери биздин ата-бабалар ошентип эле дарыланып келишкен, ал убакта кайсы догдур бар дейсиң? Алар үйлөрүндө, жайлоодо төрөп, ошол жакта эле дарыланып, тиричилик кылып жүрө беришкен. Кайра ошолор аз ооруп, көп жашаган. Адамдын аз ооруп, көп жашаганы ошол адамдын жашаган шартынан, жеген тамагынан, кийингенинен эле болот. Илгерки адамдар таза тамак ичишкен, жегени – эт, ичкени – таза, булактын суусу, жутканы – таза аба, кийгени – малдын терисинен тигилген тон, жүндөн, кийизден жасалган кийимдер болгон, мына ошон үчүн көп оорушкан эмес, узак жашашкан. Тон деген нерсе эч кандай суукту өткөрбөйт да. Мисалы менин атам 91ге, апам 93кө чыккан. Азыр андай көп жашаган карылар аз. Менин апам мендей курагында тызылдап чуркап, тиричилик кылып жүрчү, биз жашыбызда шаар деп, шаарга качып жүрүп, мына тапкан пайдабыз. Мен жашымда шахтыда иштегем, көмүр ден соолукка зыян деп, бизге сүт, айран берет эле, ал убакта жаштыкка салып сезбей жүрө берген экенбиз, мына эми эртелеп эле карылыкКа баш ийип, «бир күн оору, бир күн соо», Токтогулдун ырындагыдай болуп жүрөбүз. Анан ушинтип отурсаң, күндө эле догдурга бара берип деле жадайт экенсиң, алар сенден жадайт экен, андан көрө өзүм эле дарыланып алайын деп, көргөн-билген чөп-чарды ичип, билбегенди элден сурап ичип эле тиричилик кылып жатабыз да.

Бул жерде бардык эле чөп өсөт. Жалбыз, аткулак, бака жалбырак, чырмоок, жапайы беде, чырыч, жапайы сарымсак, тоо пиязы, чөп чай, жылаан чөп, кийик от, коен томук, ак кодол, эми эсептеп отурса дегеле көп да, мен өзүм таанып, атын билбеген чөптөр канча. Мына ушул чөптүн баары эле ден соолукка пайдалуу, колдонуп жүрөбүз.

Leave a Reply