Түйүмкан: Даарынын баары өзүбүздөн чыгат

This post is also available in: Англисче

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Түйүмкан эне, 80 жашта, Аксы району, Ак-Суу айылы, Жаңы-Талап аянты, Жалал-Абад аймагы

Бул жерде дары чөп көп. Дарынын баары өзүбүздөн чыгат. Биздин Ак-Суу айылы бийик жерде болгондуктан абасы таза, жайында салкын, ошон үчүн бул жердин чөбү адамдын бел курчоосунан жогору болуп өсөт. Ушул бизде кайсы чөп өссө, ошонун баары эле чекесинен дары. Бизде чалкан деген чөп бар. Аны эл пайдаланат. Себеби, айылда чиркей деген нерсе көп да, чиркей чакканда чалкан менен жуундуруп койсо, бат эле айыгып калат. Кычыткы деген жугуштуу ооруга да чалкан жакшы. Чалкандын тамырын сарыкты айыктырыш үчүн дагы колдонушат. Мал төлдөгөн маалда чалканды майдалап туурап, жемге же чөпкө кошуп малга берсе, сүттү көп берет. Чырмоок болсо ар кандай жарат-журатты, кесилген жерлерди тез эле айыктырып, калыбына келтирип коет. Аны жанчып-жанчып туруп эле ошол жаратка же кесилген жерге таңып коюш керек. Адамдын каны аз болгондо чалкандан салатка кошуп берсе, каны көбөйөт. Астма, кургак учук, көк жөтөл, ашказан ооруларына дагы чалкан эң бир сонун дары.

Анан кийик от деген чөп бар. Бул ашказан, ичеге-карын, боор, сарык оорууларына каршы эң жакшы дары. Кийик отту биздин элдер тамакка деле кошуп жешет. Андан башка дагы бизде чөп чай деген бар. Бул чөптү баш ооруганда, уйку качканда, радикулит менен ооруганда, ашказан, боор ооруганда чай ордуна демдеп ичсе, бул эң бир сонун адамга айтпас дарынын бири.

Дагы беде деген чөп бар. Анын эки түрү болот: бири кызыл болуп, экинчиси көк болуп гүлдөйт. Кызыл гүлдүү бедени бөйрөк ооруганда, ич өткөндө, кан азайганда, сарык менен ооруганда, бөйрөк ооруганда колдонушат. Мындан башка беденин көк гүлдөгөн түрүн жалбырагы жаңы чыгып келе жаткан кезде, сөңгөгү ката электе самса жасап жесе, бул дагы көп нерсеге дары. Анан бул беде чачтын түбүн бекемдейт, чачты жылтылдатып жибектей кылып коет. Жанагы чачы түшүп калган адамдар беде менен дайым чачын жууп жүрсө, чачы жок жерге дагы жаңы чач чыгарат.

Анан дагы бозунач деген чөп болот. Муну дагы ашказан, боор, бөйрөк ооруларына каршы колдонсо болот. Ангина болгондо, тиштин эти оюлуп кетсе дагы, ошол чөптү чайдай кылып демдеп тамагын, тишин чайкаса, мындай оорулар жолобойт. Бозуначты биздин эл чайга кошуп дагы ичет. Анткени бул чөптүн жыты жыттуу, чайга кошуп демдесең алыстан эле буркурап, чайдын даамын укмуш кылып коет. Эми чөптүн баарын айтып отурсак, биздин бутубуздун алдындагы чөптөр дагы дары.

Leave a Reply