Сейиткулова Сергил, Бардык ооруну жаңгак менен дарыласа болот

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

Сейиткулова Сергил, 63 жашта, Аксы району, Жаңы-Жол айылы, Жалал-Абад аймагы

Дегеле бизде жаңгак дарагы аябай көп өсөт. Алча, алма, өрүк, мисте, сары долоно дегендер бар. Бир жаман жери, мындан бир-эки жыл мурда сырттан келишип, жаңгактарды кесип, зыян кылып жиберишти. Көрсө, жаңгактын боорунда чоң болуп уюл өсүп чыгат, муну «кап» деп коюшат экен. Анан ошол «каптарды» чет мамлекетке сатып байыйбыз дешип эле жаңгактарды кесип жиберишпедиби. «Кап» дегенден аябай кооз мебелдер жасалат экен. Себеби, ошол уюлду тилдиргенде, тактанын бетине тегерек-тегерек болуп шакекчелер турундогу кооз сүрөттөрү болот экен, ошон үчүн алар аябай кымбат турат экен. Бул, биринчиден. Экинчиден, жаңгак дарагы аябай көп жашай турган дарак, 300 жылдан 500 жылга чейин жашай берет. Демек, жаңгактан жасалган эмерек дагы аябай бышык болот. Ошол «каптарды» кестиргендердин бардыгы чондор. Аларга карапайым адамдар эч нерсе деп айта албайт. Бир нерсе десе, карапайым адамдарды жөн эле алдап коюшат. Жолборстунун эли ошол жаңгак менен тиричилик кылышат, тонна-тонна жаңгак теришет. Мисалы, былтыр эле жаңгактын бир килинин үйдөн алып кеткени 38 ден 42 сомго чейин чыкты. Аларды Бишкекке алып барышып, 70 сомдон ары сатышат экен. Анан жаңгакты бизде көбүнчө Өзбекстанга сатышат. Кээде түрктөр да келип жыйнап кетишет. Алар борбордо жашаган түрктөр болуш керек. Түркияга жөнөтүшөт. Биздин Кыргызстандын грек жаңгагын бардык жер жүзү билип калды. Бул грек жаңгагынын дарычылык касиеттери аябай чоң.

Айтып отурсак, жаңгактын сөңгөгүнөн тартып, жалбырагы, мөмөсүнө, мөмөсү быша электе көпкөк болот, ошол көк кабыгына чейин дары. Анын дарылык касиети аябай көп. Суукчан адамга жаңгактын данын кагайтып, майын чыгарып, ошол майга тамак жасап жедирсе, ысыкчан болот. Ошол эле жаңгактын данын тез-тез жеп жүрсө, эске тутууну жакшыртат. Ал эми жаңы төрөгөн аялдарга жедирсе, маткасы тез калыбына келет. Гемоглобини аз адамдар жаңгактын данын балга кошуп жесе, гемоглобини калыбына келет. Ал эми жаңгактын сөөгүнүн ортосунда жука дандардын ортосун болуп турган тосмолору бар, ошол жука тосмолорду спиртке салып коюп ичсе, аялдарда мастопатия деген оору болот, ошону дарылайт. Ал эми жаңгактын жалбырагын ысык сууга демдеп чачты чайкаса, чачтын түбүн бекемдейт, чач жалтырап, жибектей болуп калат. Ал эми ошол сууга бутту жууса, буттун жытын кетирет. Анан жанагындай жангак быша электе көк кабыгы болот, ошол кабыкчаны кесип алып эринге тийгизбей тишти тазаласа, тиш аппак болот жана тиштин түбү бекемделет. Андан сырткары, жаңгак ашказан, ич өткөк, кант диабети жана башка бир топ ооруга дары. Эми айта берсе, пайдасы аябай көп, менде атайын бир «Жаңгак жана анын дарылык касиеттери» деген китеп бар. Аны окуп отурсаң, бардык ооруну жаңгак менен дарыласа болот экен.

Leave a Reply