Орозалиева Сонунбү, Шүдүгүр – Ата ыйык жеринин айланасындагы дары чөптөр

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

Орозалиева Сонунбү, 50 жашта, Авлетим айылы, Жалал-Абад аймагы

Шүдүгүр-Ата ыйык жеринде бир чоң булак бар. Алы жеткени – кой, эчки, алы жетпегени жок дегенде тоок болсо дагы алып барып, ошол булактын көзүнө канын тамызып куран окушат, шам тигишет. Боорсок-оймону ошол жерге барып жасаш керек. Камырды болсо үйдөн ачытып, даярдап алышат.

Ал жерде булактын жанында бак-дарактын түрлөрү көп. Түркүн-түркүн дарактар өсөт: алча, тал-терек, карагач, бөрү карагат жана башкалар. Анан ошол булактын эле жанында бир гектар жерге алманын түрү өстүрүлгөн. Анын ичинде ак алма көп. Эл ошол алмадан терип келип, дарылыкка колдонот. Бул жерде алма багы ар бир үйдүн эшигинде өсөт. Бирок ал жердеги алма башкача ак алма. Анан мазардын жанында өскөндүктөн, ал алмалардын мөмөсүнүн дагы дарылык касиети чоң деп эсептешет. Ал алмаларды көбүнчө жаш балдардын ичи катканда жедирип койсо, жакшы жардам берет. Анан кан басымы көтөрүлүп кеткендер алып келип жешет.

Андан башка бөрү карагаттын мөмөсүн тумоо-бучкак менен ооруган балдарга чай кылып демдеп ичиришет. Анын сөңгөгүн чай кылып демдеп ичсе, сарык оорусуна жакшы.

Мындан башка ал жерде ит мурун да өсөт. Ит мурунду дагы көп ооруларга дары катары колдонушат. Гемоглобинди көтөрөт. Көрүүсү начарлап бараткандар чай демдеп ичсе, көзү курчуйт. Андан башка дагы көп дарылык касиеттери бар дешет. Ал жерде мен билген дагы, билбеген дагы чөптөрдүн түрлөрү көп. Жалбыз, чалкан, бака жалбырак, ат кулак, беде, чырмоок, чай чөп, бозунач, жапайы ромашка, кийик от жана башкалар толтура. Мен чөптүн баарын жакшы тааныбайт экем, мындан башка дагы түрү көп. Мен өзүбүз күнүмдүк турмушта колдонгон гана чөптөрдү айтып бердим.

Ар бир чөп ар башка ооруга дары. Мындай чөптөр биздин эшиктин алдында деле өсөт. Бирок биз эшиктин алдын тебелейбиз, мал-кел тебелейт, ал эми бул жактагылар таза, ошон үчүн терип кетип колдонобуз. Мисалы, чалканды бала-чаканын денесин чиркей чакса же аллергия болгондо, кычыткы менен ооруганда анын суусуна жуундуруп пайдаланбыз жана ал оорукчанды сакайтат. Чалкандын тамырын сарык ооруусун дарылоо учун колдонобуз. Жалбырагын салатка кошуп жесе, эң жакшы болот. Гемоглобини аз адамдар чай кылып ичсе болот. Чалканды саан уйга берсе, уй сүттү көп берет.

Ал эми чырмоокту канаган жердин канын токтотуу үчүн колдонобуз. Чырмооктун жалбырагын жанчып, кан аккан жерге баса салса, кан бат токтойт. Ошол жердеги жарат дагы тез айыгат. Эми айта берсе бул чөптөрдүн дарылык касиеттери көп. Мисалы, биз колду кесип алсак, йод колдонбой эле, ошол чырмоок чөптү баса салабыз. Биз турмушта чөп-чарды колдонуп көнүп калдык. Дары-дармекти айла кеткенде эле колдонбосок, көбүнчө ошол чөптөрдү колдонобуз.

Leave a Reply