Надырбекова Анаркан, Шаа тыттын мөмөсүнүн дарылык касиети чоң

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

Надырбекова Анаркан, 57 жашта, Аксы району, Тегене айылы, Жалал-Абад аймагы

Шаа тыт деген жанагы бизде өскөн тыт эмес. Мунун мөмөлөрү чоң-чоң болот. Анан аны жегенде кадимки шекер жеген сыяктуу «кырт-кырт» деп турат, даамы дагы кадимки тыттарга окшоп таттуу эмес, ачкыл болот. Анын бышкан мөмөсү деле жумшак болуп эзилип калбастан, катуу боюнча кала берет. Аны териш дагы оңой эмес. Анын сабы ошончолук катуу болот, ар бир мөмөнү бир топ күч-аракет менен жулкулдап отуруп араң тересиң. Аны кайчы менен кесип алса жакшы терилет. Анан берки тыттар окшоп жазда бышпайт, жайдын аяк ченинде бышат. Мындай тыттар бизде деги эле өспөйт. Ошол шаа тыт дары экен деп ушул жактан көчөтүн алып барганбы же башка жерден алганбы, биздин бир кошунабыз шаа тыттын көчөтүн алып барып отургузду эле, Таш-Көмүрдө өспөй койду, көгөрүп тамыр алды, бирок таптакыр мөмө бербей койду. Анан аны берки кадимки тыт менен кыйыштырып койду эле, жакшы эле мөмө берди, бирок шаа тыттын мөмөсүндөй чоң-чоң болгон жок. Анан мен угуп жүрөм да, бул шаа тыттын мөмөсүнүн дарылык касиети чоң экен. Аны кан басымдын көтөрүлүшүнөн, ашказан оорууларынан айыгыш үчүн колдонсо, жакшы жардам берет дейт. Бирок мен өзүм колдонуп көргөн эмесмин. Биз барган убакта мөмөсү быша элек эле.

Leave a Reply