Жунусалиев Руслан: Илгерки билерман адамдар азыр аз калды

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Жунусалиев Руслан, 33 жашта, сүрөтчү, Кой-Таш айылы, Жалал-Абад аймагы

Биздин Кой-Таш айылы өтө кооз жер да, бул жердин кооздугун айтып бүтө албайсың, сүрөт тартып да жеткирүү мүмкүн эмес. Мен көбүнчө пейзажды тартам, Кыргызстандын кооздугун даңазалап сүрөткө түшүрөм.

Ден-соолук маселесин ар ким ар кандай чечет, кимдин көңүлүнө кандай туура, жакын болсо ошол жол менен чечет. Мен, мисалы, эгер башым ооруп же өзүмдү оор сезип турсам дайыма жаратылышка чыгам, ошол жаратылыштын кооздугу, гүлдөрдүн, чөптөрдүн аңкыган жыпар жыттары мага дарыдан да жакшы таасир берет, жаратылыштын сулуулугуна суктанып, бир аз таза абадан дем алып алсам, ал мага бир күнгө жетерлик ал-күч, энергия берет, өзүмдү жеңил сезем. Биз башкаларга караганда жаратылышка жакыныраак болобуз, жаратылыш менен тыгыз байланыштабыз. Ошондуктан биз аз ооруйбуз. Мен ооруканага көп барбайм. Кээ бирөөлөр ооруканага барганды туура көрүшөт.

Бизде чай чөп деген бар, аны чай ордуна колдонсо, бир чай гана болбостон, ал адамга күч-кубат берип, көңүлүңдү көтөрөт. Бозунач, жалбыз деген чөптү да чайга кошсоң, бир сонун даамдуу чай болот дейсиң, андай чайды канча көп ичкен сайын дагы ичкиң келе берет.

Кой-Ташта Кыргызстанда кандай чөптөр бар болсо, ошонун баары эле өсөт. Мен чөптүн баарын өңүнөн тааныйм, бирок аталыштарын толук билбейм. Мен билгендеди атап берейин: бизде жалбыз, аткулак, беде, каакым, бака жалбырак, чырмоок, чырыч, сүтүркөн, көбүргөн, чукурдук, ботколдок, ромашка жана башкалар өсөт. Чырмоокту биз колду бычак менен кесип алганда, же бир жер канап кеткенде колдонобуз, ал канды дароо эле токтотуп коет. Анан жылан чөптү мен бир жолу колумду чыгарып алганда кайнатып, ошол сууга муздаганга чейин салып отургам, ал чыккан жерди, сынган жерди тез бүтүрүп, анан ооруну басат экен. Бедени болсо самса жасап жеп жүрөбүз, чырычтан да самса жасаса аябай даамдуу болот, каакымдын эрте жаздагы жаш жалбырагын, жалбызды кошуп самса жасайт. Каакымдын гүлү ашказан оорусуна дары экен, апамдын ашказаны ооруганда каакымдан варенье жасап, ошону дарылыкка колдончу эле. Ашказанга деп асел (бал) да жеп жүрдү. Кайсынысы жардам берди, иши кылып азыр жакшы. Ал эми чукурлук, ышкын, көбүргөн, ботколдок дегендерди кадимки эле оокаттай кылып жейт. Ал чөптөр аябай пайдалуу, гемоглабинди көбөйтүп, куч-кубат берет.

Талаада ит мурун, долоно, жаңгак, бадам, жапайы өрүк, алча, алмурут, жапайы алма, чычырканак, бөрү карагат, карагат дегендер өсөт. Башка дарактар дагы бар. Тоодо карагай, арча деген бар, иши кылып бардык эле дарактын түрү бизде өсөт. Талаада өскөн өсүмдүктүн пайдасы көп. Мисалы, карагаттын вареньесин сасык тумоодо колдонот. Долононун мөмөлөрүн жүрөк оорусуна колдонобуз. Андан тышкары үй канаттууларына жакшы жем, аны жеген үй канаттуулары семиз болот, оорубайт, Үй ысырыктаган адырашман деген чөп бар. Карагай менен арчанын сөңгөгүн курулуш материалы катары пайдаланышат, алар аябай бышык болот жана курт түшпөйт, алардын бир өзгөчө жагымдуу жыты бар, ошондуктан аларга курт-кумурска жолобойт. Мисалы теректи курт жеп, оюп жиберет. Ал эми жаңгактын мөмөсү эске тутууну жакшыртат, жалбырагы кийизден жасалган буюмдарды күбөдөн сактайт, сөңгөгү үй эмеректерин жасаганга колдонулат. Жаңгактын пайдасы абдан көп. Даны ысык болот да, сууктан тийген ооруларга пайдалуу. Данын күнгө кургатып, майын чыгарып, ошол майга тамак жасаса, абдан даамдуу болот. Илгери мен кичинемде чоң апам бизге жаңгактын майын чыгарып, ошого тамак жасап берчү эле, илгери ошентип эле тиричилик кылышкан да. Дүкөндөн оокат-аш алуу дегенди эч ким билген эмес, бардык оокат-ашты адамдар өздөрү өстүрүп, табигый түрдө колдонгон, ошондуктан алар аз ооруп, көп жашаган. Менин чоң апам 98 жашка чыгып жашады, азыр болсо ал жашка чыккан адам жокко эсе.

Leave a Reply