Аттокуров Бакыт: Эмне менен дарылоону келинчегим жакшы билет

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Аттокуров Бакыт, 38 жашта, Шамалдуу-Сай шаарчасы, Жалал-Абад аймагы

Үч балам бар. Өзүм Маданият деген жерден болом, турмушка байланыштуу ушул жерде жашап калдык. Шамалдуу-Сайлыктар ооруганда көбүнчө ооруканага барышат. Бирок ооруканага баргылык кылбасын. Бизде «оорукана менен милициядан кудай сактасын», – деп айтышат. Ал жакка башың ооруп барсаң эле дегеле көп ооруну санап берип салат.

Эгер оору жеңил болсо, келинчегим үйдөн эле дарылаганга аракет кылат. Ал эми катуу ооруп калсак, ооруканага барбашка арга жок. Мисалы, анча-мынча бала-чака жөтөлүп же чүчкүрүп калса, үйдөн эле дарылаганга аракеттенебиз.

Эмне менен дарылоону келинчегим жакшы билет. Эми мен эсимде барларын гана айта алам. Мисалы, балдар чүчкүрүп, тумоолоп калганда сүттү кайнатып, доңуздун майынан кошуп ичирип коет. Кээде пиязды эле сүткө кайнатып ичирип коет. Кожогаттын вареньесин чайга кошуп берет, кээде балды чайга кошуп ичирет. Эге ичи өтүп калса, кадимки эле анар бар го, ошол анардын кабыгын кайнак сууга салып ичирип коет. Менин билгендерим ушул эле. Кээде менин башым ооруп калса жалбыздан чай демдеп берет. Анан катуу ооруганда биз көбүнчө ооруканага барабыз, кантсе да алар медиктер да, эмне кандай экенин бизден жакшы билет да.

Биздежер-жемиштердин баары өсөт. Бизде өскөн жер-жемиштер башка жактагы жер-жемиштерге салыштырмалуу өтө даамдуу болот. Себеби, бизде күн ысык болгондуктан, жер-жемиштер дары-дармексиз күндүн табына бышат. Ошондуктан даамдуу. Башка жактарда эптеп тез-тез бышырып, көлөмунө маани беришет. Андай жер-жемиштер адамдын ден-соолугуна зыяндуу болот. Бизде пияздан башка: дарбыз, коон, сабиз, калемпир, жер жаңгак, картошка өсөт.

Leave a Reply