Андашева Гүлмира: Тиричилик деп тытынган калк болот экенбиз

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Андашева Гүлмира, 59 жашта, Кызыл-Жар айылы, Жалал-Абад аймагы

Эми тирүү жан болгондон кийин ооруйсуң да, башың ооруп калат, бутуң ооруп калат дегендей. Бизде, эми, кагылайын билесиң да, тиричилик шаарга караганда оорураак. Айылдын жашоо-шартына көнүш кыйын, ошондуктан жаштарыбыз баары эле шаарды көздөй качат да. Мына ошондой тиричилик деп жүрүп ден соолукка да өз убагында көңүл боло албай калабыз. Кыргыздар өзүбүз ушундай тиричилик деп тытынган калк болот экенбиз, антпесең дагы болбойт. Биякта помидоруң эзилип бышып келатса, «башым» деп жатып алганга көңүлүң да чыдабайт. Дары-дармек ичип коюп, тиричиликке алаксып жүрө бересиң, качан гана ооруга чыдабай калганда анан догдурду көздөй жүгүрөбүз, кокуйлап. Мына орустар эң туура кылат. Кичине эле бир жери «тыз» десе догдурга жетип барышат.

Ар кандай ооруга ар кайсы чөптү колдоном. Башыбыз ооруганда жанагы жалбыз деген чөп бар го, ошону чайга кошуп ичебиз, көк чай ичебиз. Биз турган жер ысык келет да, ошондуктан биздин башыбыз көбүнчө ысыктан ооруйт. Ар бир ооруну дарылаардан мурда ал оору ысыкпы же сууктанбы, ошону аныкташ керек. Чөп-чардын баары эле суук болот, аны суукчан адамдар көп ичсе, суугу ашынып кетет. Суукчан адамдар чөп-чарды ичкенде оокатын күчтөп, күчтүү оокат жебесе, көңүлү айнып, көзү караңгылап кыйналат. Илгери биз жаш кезибизде апам 95 деген көк чайды көп кылып алып койчу эле. Мына ушул чай баш ооруну тып эле басат. Азыр эми ал чайды табыш кыйын, 95 чай деп сатышат, бирок күчү мурунку чайдай эмес. Анан ич өтүп калганда бир сары тегерек баштуу чөп бар, ошону колдоном, ал аябай ачуу болот, кээде анардын кабыгын колдоном, ал дагы ич ооруга эң жакшы дары. Чалкан деген чөп болот, ал чөп жанагындай кычыткы оорусуна жакшы, бизде пахта көп өстүрүлөт, а пахта бар жерде чиркей көп болот, ошо чиркей чакканда да чалкандын суусуна жуунса, чиркей чаккан жер жара болбой тез айыгат. Негизи бизде чөптүн бардык эле түрү өсөт. Чалкан, бака жалбырак, беде, каакым, кийик от, гүлкайыр, сойлоок чөп, аткулак, чырмоок, кыскасы, бардык эле чөптүн түрү өсөт.

Эми жер-жемиш жөнүндө айтсам, бизде өскөн жер-жемиштин бардыгы эле пайдалуу. Мисалы, пиязды, чеснокту бала-чака тумоолоп калганда сүткө кайнатып, ичирип койсо, балдар тез эле айыгып калат. Анан бул бизде өскөн жүгөрү деле аябай пайдалуу нерсе. Жүгөрүнүн чачыгын сарыкка каршы ичиришет. Ал эми сабиз болсо, гемоглабинди көтөрөт экен. Эми бул менин билгендерим. Коонду, дарбызды, капустаны, койчу деги, бардык жер-жемишти эле дары деп айтышат. Мен деле бул жер-жемиш дегендер адамдын ден-соолугуна эң дары экенин түшүнөм. Бирок, эмнеси кандай ооруга дары экенин жакшы биле бербейм. Эми адам баласы жеген нерселердин баары эле ден-соолукка пайдалуу да.

Жашылчаларды ден-соолукка зыян эмес, пайдасы бар үчүн өстүрүп жүрөбүз да. Ал эми чөптүн баары эле дары боло бербейт, зыяндуулары көп. Эми аны жанагы мектепте биологиядан сабак берген мугалимден сурасаңар, ошолор жакшы билишет бизге караганда. Биз минтип карылыкка баш ийип, анча-мынча билген нерселерибизди унута баштабадыкбы.

Leave a Reply