Анарбаева Сайран: Дарылык касиети бар өсүмдүк көп

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Анарбаева Сайран, 52 жашта, Авлетим айылы, Жалал-Абад аймагы

Мен мектепте иштеген үчүн, өзүм көргөн, билген нерселеримди окуучуларым да билсе деп аракет кылам. Биздин союз убагында ар бир адам патриот болуп тарбияланчу эле. Азыр турмуш ушуга алып келип койдубу, өзүмчүл болуп, мурункудай жаратылышты коргоп, туулуп-өскөн жерди сактайын деген адам аз.

Өзгөчө көңүл бурчу нерсе – экология. Экологиябыз таза болуп, бак-дарактар көп болсо, ден- соолугубуз да чың болбойбу. Бизде жаратылыш аябай кооз, көпкөк жайыттар, булактар, бийик- бийик тоолор. Ошол тоолордо түркүн жемиш, дары чөп, жайнаган кожогат, карагат дегендер бар.

Биздин Авлетим кожогаты менен көп жерге таанымал. Кожогат бардык жерде эле өсө бербейт. Ошондуктан кожогат тергени бизге ар жактан адамдар келишет. Бул жагы Кербен, Мукур, тигижагы Кара-Жыгач, Жаңы-Жолдон келет. Кожогат көп нерсеге дары. Кышында тумоологодо, кожогаттын варьенесин чайга кошуп ичсе, ооруган адамды тердетет, тердегенден кийин адам тез эле жакшы болуп калат. Кожогат ар кандай сууктан пайда болгон оорууларга дары. Бизде кожогаттын жалбырагын да кургатып алышып, чай ордуна ичишет.

Дарылык касиети бар өсүмдүк көп. Ал тургай короодогу бак-дарак деле дары. Токойдо чычырканак деген өсөт, анын мөмөсү ар кандай ашказан ооруларына эң жакшы. Чычырканактын майын чыгарып, аны да ашказан оорусуна пайдаланышат. Бизде кайың өсөт, анын кабыгы да ар кандай жараттарды айыктырат. Кайыңдын жалбырагын кайнатып чачты жууса, чачты өстүрөт, чачтын түбүн бекемдейт.

Андан сырткары талаада кызыл долоно деген бар, ал жүрөккө жакшы. Долононун гүлүн кургатып алып, сууга демдеп ичсе, жүрөктүн согушун калыбына келтирет. Уйкусу качкандардын уйкусун калыбына келтирет, ооруган адамга күч-дем берет. Бизде үит мурун деген өсөт, аны болсо организмде витаминдер азайып кеткенде, кан азайганда канды калыбына келтириш үчүн, ит мурундун ашын кечинде термоско демдеп коюп, чай ордуна иче беришет. Ал эми арчаны тумоо-бучкакты дарылоо максатында колдонушат, үйдү ысырыкташат. Дагы табылгы деген бар, анын бутагы түптүз болуп өсөт, бирок кээде оролуп, «о» тамгасына окшошуп калат, ошол нерсени кесип алып, тумар кылып, ар кандай суук көздөрдөн сактоо үчүн колдонушат. Дагы бөрү карагат деген бар, анын мөмөсү да ар кандай суук тийген оорууларга пайда, ал эми сөңгөгүн кайнатып, сарык оорусуна каршы колдонушат. Карагат деген бар, аны да суук тийгенде пайдаланышат, күнүмдүк турмушта да варенье катары чайга кошуп ичишет.

Leave a Reply