Анарбаева Айша, Догдурдун дарысын ичкенден коркосуң

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Анарбаева Айша, 32 жашта, Кара-Көл шары, Жалал-Абад аймагы

Тогуз-Булак ыйык жерине барып турам. Чынын айтсам, мен ал жерде өскөн чөптөрдүн баарын жакшы тааный бербейм. Эң жакшы тааныган чөптөрүм: жалбыз, бака жалбырак, беде, бүлдүркөн, каакым, шалфей жана башка. Биз күнүмдүк турмушубузда ошолорду колдонобуз.

Мисалы, жалбызды тамакка, салатка кошуп колдонобуз. Каакымды болсо, жалбырагы жаңы чыккан мезгилде беде, чырыч менен кошуп самса бышырса, ушунчалык даамдуу болот, канча көп жесең дагы, кайрадан эле жегиң келе берет. Дагы бир баса белгилеп айтып кетчү нерсе – ал жерде өскөн чөптөр эч качан саргайып, куурабайт. Себеби, ал жерде катар-катар булактар агат эмеспи, чөптөр дайыма суу ичип тургандыктан кар жааганга чейин көпкөк боюнча тура берет. Айлана-тегеректеги чөптүн баары саргайып турганда, ошол булактардын ортосундагы жер жапжашыл көк жайык болуп өзгөчөлөнүп турат.

Ал жерде алча, ит мурун, чычырканак, жийде бар. Ал жерде өскөн өсүмдүктөрдүн да касиети чоң. Азыр эл дарыны деле көп колдонбой, көбү элдик медицинага өтүп калышпадыбы. Дары ичкенден дагы коркуп калышты. Догдурлар өзү айткандай, «дары деген бул химикат да, одно место лечит, другое колечит» дегендей, бир жериңди дарыласаң, экинчи жериңе сөзсүз түрдө зыян келтирет. Экинчиден, дарылардын деле азыр жашырын жасалгандары көбөйүп кетти. Ошол себептен, врачтар жазып берген дарылар ооруларга жакшы таасир бербей жатат да. Андан көрө, жаратылыш чөптөрүн, өсүмдүктөрдү колдонуу элдер үчүн арзан дагы, пайдалуу дагы. Мисалы, чычырканактын майын ашказан ооруусун же ашказан жарасын айыктырыш үчүн колдонушат. Мисалы, менин өзүмдүн эле жеңеме ооруканадан «язва желудка» деп диагноз коюшкан. Түтүк жутса, чындап эле жарасы бар экен. Анан догдурлар толтура кылып тизмелеп дары-дармектерди жазып бериптир. Аны догдурлар айткандай кылып бир курс ичип бүтүп, кайрадан текшерилгени барганда, жара ошол эле боюнча калыптыр. Андан кийин биз чычырканак майы менен дарылоону чечтик. Чындап эле чычырканактын майын он беш күн ичкенден кийин кайрадан текшерилгени барса, жарасы айыгып калыптыр дейт. Мына мен өзүм эле ушундай окуянын күбөсү болгом. Ал эми ит мурундун ашын болсо мен өзүм колдонуп жүрөм. Менин гемоглобиним аз экен. Мен кечкисин ит мурундун мөмөсүн термоско демдеп коем дагы, эртеси чай ордуна ошону ичип кете берем. Бул бир эле гемоглобинди көтөрбөстөн, адамга кандайдыр бир куч-кубат дагы берип турат. Биз үй-бүлөбүз менен чайга көбүнчө мята деген чөптү кошуп ичебиз. Ал чөптүн да дарылыгы абдан чоң экен. Жыты дагы буркурап бир сонун.

Leave a Reply