Анарбаева Айша,“Жаратылыш чөптөрүн, өсүмдүктөрүн колдонуу элге арзан дагы, пайдалуу дагы”

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

Анарбаева Айша, 32 жашта, Кара-Көл шары, Жалал-Абад аймагыТогуз-Булак ыйык жерине барып турам. Чынын айтсам, мен ал жерде өскөн чөптөрдүн баарын жакшы тааный бербейм. Эң жакшы тааныган чөптөрүм: жалбыз, бака жалбырак, беде, бүлдүркөн, каакым, шалфей жана башка. Биз күнүмдүк турмушубузда ошолорду колдонобуз. Мисалы, жалбызды тамакка, салатка кошобуз. Каакымды болсо, жалбырагы жаңы чыккан мезгилде беде, чырыч менен кошуп самса бышырса, ушунчалык даамдуу болот, канча көп жесең дагы, кайрадан эле жегиң келе берет. Дагы бир баса белгилеп айтып кетчү нерсе – ал жерде өскөн чөптөр эч качан саргайып, куурабайт. Себеби, ал жерде катар-катар булактар агат эмеспи, чөптөр дайыма суу ичип тургандыктан, кар жааганга чейин көпкөк боюнча тура берет. Айлана-тегеректеги чөптөрдүн баары саргайып турганда, ошол булактардын ортосундагы жер жапжашыл көк жайык болуп өзгөчөлөнүп турат.

Ал жерде алча, ит мурун, чычырканак, жийде деген касиети чоң өсүмдүктөр өсөт. Азыр эл дарыны деле көп колдонбой, көбү элдик дарыгерликке өтүп калышпадыбы. Дарыларды ичкенден дагы коркуп калышты. Догдурлар өзү айткандай, «дары деген – бул химикат да, бир жериңди дарыласа, экинчи жериңди бузат. Экинчиден, дарылардын деле азыр жашырын түрдө жасалгандары көбөйүп кетти. Ошол себептен, догдурлар жазып берген дарылар оорууларга жакшы таасир бербей жатат. Андан көрө, жаратылыш чөптөрүн, өсүмдүктөрүн колдонуу элге арзан дагы, пайдалуу дагы. Мисалы, чычырканактын майын ашказан оорусун же жарасын айыктырыш үчүн колдонушат. Мисалы, менин өзүмдүн эле жеңемдин оорусун догдурдан «язва желудка» деп аныкташкан. Түтүк жутса чындап эле жарасы бар экен. Анан толтура дары-дармек жазып беришиптир. Аны бир курс ичип бүтүп, текшерилгени кайра барса, жара ошол эле боюнча калыптыр. Андан кийин биз чычырканак майы менен дарылаганы чечтик. Чындап эле чычырканактын майын он беш күн ичкенден кийин кайрадан текшерилгени барса, жарасы айыгып калыптыр дейт. Мына мен өзүм эле ушундай окуянын күбөсү болгом. Ал эми ит мурундун ашын болсо мен өзүм колдонуп жүрөм. Менин гемоглобиним аз экен. Мен кечкисин ит мурундун мөмөсүн термоско демдеп коем дагы, эртеси чай ордуна ошону ичип кете берем. Бул бир эле гемоглобинди көтөрбөстөн, адамга кандайдыр бир күч-кубат дагы берип турат. Биз үй-бүлөбүз менен чайга көбүнчө мята деген чөптү кошуп ичебиз. Ал чөптүн да дарылыгы абдан чоң экен. Жыты дагы буркурап бир сонун.

Leave a Reply